ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДОО: МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНДЕ КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

  • 22.09.2026

 «Ынтымак Ордодо» Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарын окуу-методикалык комплекстер менен камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өттү. ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДОО: МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНДЕ КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

Жыйында 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүү алкагында окуу китептерин, жумушчу дептерлерди жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолорду басып чыгаруу, ошондой эле аларды мектептерге жеткирүү иштери каралды. 12 жылдык билим берүү Концепциясына ылайык, ар бир окуу жылында артыкчылыктуу класстарга окуу материалдарын этап-этабы менен чыгаруу планы иштелип чыккан.

Салыштырмалуу айтсак, 2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга 855 млн сом өздөштүрүлүп, мектептерге жалпы нускасы 4 млн 735 миң 870 даана окуу-методикалык комплекс жеткирилген. Ал эми 2026-жылы республикалык бюджеттен 744 млн сом каралып, кошумча Агартуу министрлиги каражаттарды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен 16,2 млн сом бөлгөн. Бул каражаттарга жалпысынан 3 млн 668 миң 606 даана окуу материалын чыгаруу пландалып, анын 2 млн 455 миң 868 даанасы мектептерге жеткирилди, калган 1 миллиондон ашуун нускасы учурда жеткирүү баскычында турат. ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДОО: МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНДЕ КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев окуучуларды окуу китептери менен камсыздоо мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыктуу милдет экенин баса белгиледи. Аны менен катар, базарларда мектеп окуу куралдарынын эркин сатылып жаткан фактылары боюнча учурда укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканын жана анын жыйынтыгы менен катаал чаралар көрүлөрүн билдирди. Ошондой эле Президенттин чечими менен окуу китептерин даярдоого зарыл болгон финансылык каражаттар толугу менен бөлүнөрү белгиленди. ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДОО: МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНДЕ КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди. Алсак, Агартуу министрлигине зарыл кадрдык, илимий жана эксперттик ресурстарды тартуу аркылуу окуу китептерин иштеп чыгууну жана басып чыгарууну тездетүү, туруктуу координациялоо жана көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле мектептердин китеп менен камсыздалышына ай сайын мониторинг жүргүзүп туруу милдеттендирилди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү