КЕЛЕЧЕКТҮҮ ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫ

  • 12.04.2021
  • 0

Бүгүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2021-2023-жылдарга карата билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүгө багытталган үч жылдык программасы менен коомчулукту тааныштырды.

Министрликте биринчи жолу үч жылдык конкреттүү программа иштелип чыкты. Ал билим берүү жана илим системасын өнүктүрүүгө жана аларды жаңы сапаттык абалга өткөрүүгө; мугалимдин статусун жогорулатууга; билим берүү көйгөйлөрүнө коомчулукту тартууга өбөлгө түзүүчү шарттарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча министрдин ишмердигинин максаттарын жана негизги багыттарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат.

  • Бизде азыркыбызды жана келечегибизди бирге өзгөртө ала турган уникалдуу мүмкүнчүлүк бар. Билим берүү системасы, илим маанилүү ролду ойнойт, анткени адам капиталы жана анын ийкемдүүлүгү өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүү жана өзгөрүп туруучу шарттарга ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүн аныктайт. Сунушталган идеялар сиздерди кызыктырат жана биз позитивдүү өзгөрүүлөргө жетишебиз деп үмүттөнөм. Албетте, алдыбызда көптөгөн чакырыктар турат, абдан көп иштерди жасашыбыз керек, бирок биз сиздер менен оң натыйжаларга сөзсүз жетишебиз, — деп министр баардык демөөрчүлөргө, өнөктөштөргө бирге кызматташууга чакырык таштады.

Алдыга коюлган максатка жетүү үчүн ириде билим берүү тармагын башкаруу деңгээлинде министрликтин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасалган. Эми министрлик жаңы структура менен иш алып барып баштайт. Биринчи жолу министрликтин курамында  тарбия маселеси боюнча сектор иштейт. Спорт, дене  тарбиясы, музыка жана искусствого багытталган жана балдардын адеп-ахлактык, тарбиялык өсүп-өнүгүүсүнө багытталган атайын адистер иш алып барат. 2025-жылы өтө турган PISA сынагын координациялоо багытында да министрликте атайын адистер иштейт. Ал эми программа билим берүүнүн ар бир баскычы боюнча алдыда аткарыла турган иштер боюнча түзүлүп, аткарыла турган иштер менен күтүлгөн натыйжалар да сунушталды.

Программа Министра_2021-2023 на сайт МОН_3 языка

Бөлүшүү

Комментарийлер