КАГАЗ ОТЧЕТТУН САЗЫНДА КАЛГАН МУГАЛИМ

  • 21.10.2020
  • 0

Август айынын башталышы менен ар бир үй-бүлөдө мектеп, окуу куралдар, форма ж.б. маселелер көтөрүлөт. Ал эми агай-эжейлердин түйшүгү андан бетер күчөйт: өз балдарынын катарында классындагы окуучулардын канчасы келет, канчасынын ата-энеси ички-сырткы миграцияда болду экен, жарты жетимдер, жардамга муктаждар, жаңы окуу жылына окуу куралдар канчасына жетип жетпей калат, кимисинин кийим–кечесинен кем-карчы бар деген учу-кыйыры жок ойлору менен отчетко даяр болушу керек.

COVID-19 илдети келгенге чейинки жай турмуштун учурунда жетекчи болгон мугалим өзүнүн окуучулары жөнүндөгү маалыматты класстык журналга дагы, өзүнүн класс жетекчилик журналына дагы түшүрүп, андан тышкары соцпедагогго, тарбия иштери боюнча директордун орун басарына , окуу бөлүм башчысына, китепканачыга, медкызматкерлерге (профосмотр учурунда) тактама берип, мектептин базасына дагы киргизип эле тим болбостон, ар бир балага портфолио түзүп, анын ичине дагы ушул эле маалыматы кооздоп, фотоотчеттор менен шөкөттөп тизип текчелерди толтурат. Жыл өткөндө баягы процедура август айында кайрадан башталат.

Ошондой эле көрүнүш педколлективдин ичине да кайталанат: мугалимдердин портфолиосу, тизмелери, коомдук тапшырмалары (кружок жетекчи, профком, насаатчылар, жаштар кафедрасы ж.б.). Алардын өз-өзүнчө иш кагаздарына мектептин шкаф, текчелери  бокс-файлга жык толгон. Бул август педкеңешинде бекитилип, иш-чара кабыл алынган көрүнүш.

Ошентип, көптөн күткөн сентябрь да кирип келди. Албетте, “Биринчи коңгуроо” кагылып, окуучулар жаңы сырдалган партага отурары менен алардын саны  алынат. Бул маалымат, эгерде баланын саны аз болсо, формалдуу көрсөткүчтөргө айланып райондук бөлүмгө жөнөтүлөт. Ары карап, бери карагыча эле 5-сентябрь. Бул күнгө чейин ар бир класс жетекчи классындагы баланын санын кыз/эркегине бөлүп, окуу бөлүм башчысына тапшырып, ал өз кезегинде “жалпы кыймылды” алып, ОШ-1 отчетун түзүп районго жөнөтөт.

Мектептин шаңдуу турмушу билим алуу менен жуурулушуп, тарбиялык иштер, класстык сааттар, конкурс, концерттер өткөрүлүп баштайт. Класс жетекчи өткөргөн ар бир иш-чаранын сценарийи, жүрүшү, фотоотчету тиркелип бокс-файлга тиркелип, көчүрмөсү тарбия завучка, соцпедагогго, дарыгерлерге ( эгер ден соолукка байланыштуу иш-чара болсо), китепканачыга берилет. Ага кошуп ар бир класс жетекчи классынын чейректик билим сапаты тууралуу отчет, өзү сабак берген класстарына диаграмма түзүү менен билим сапатынын пайыздык көрсөткүчүн чыгарат. Бул көрүнүш төрт чейректе кайталанып, жылдын жыйынтыгы менен токтойт. Айрым мугалимдер предметтик сааты аз болгондуктан, кружок жетекчиликтин же улуу муундан болсо, насаатчылыктын милдетин алуу менен анын иш кагаздарынын да түйшүгүн артат.

“Башталгыч класстын класс жетекчиси катары бардык тиешелүү маалыматты журналга, тарбиялык журналга толтуруп койдум эле, бирок “тизме бергиле” деп медсестра, соцпедагог, китепканачы жан койбойт. Бирине оорулары жөнүндө, бирине кимдин карамагында жана алардын телефондору жөнүндө, окуу бөлүм башчысына болсо канча бала Бишкек шаарынын кайсы районунан барып-келип окуйт деген маалыматтарды жазуу, иликтөө, табуу көп кыйынчылыктарды жаратты. Биринчи класска же мектепке кабылдап жатканда эле базага киргизип, тиешелүү маалыматтарды топтоп алуу администрациянын милдетинде эле болсо болмок. Андан тышкары, алфавиттик китепти дагы биз толтурабыз, делолорду нумерациялайбыз мындай иштер көп убакытты текке кетирет. Айлык аздыгына байланыштуу эки смендеги эки классты окутам, жогорудагыдай иш кагаздарынын көптүгүнөн сабакка даярданууга убакыт калбайт, – дейт Бишкек шаарындагы № 2 орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Тумар Кожомжарова.

Мугалим деген негизги миссияга токтолсок: 45 мүнөттүк сабактын структурасын жаңы стандартка келтирип, изденүү менен ар бир графасын кылдат толтуруп, ой чабытын билимине сугарган мугалимдин канчалаган иштелмеси жазылат, ал өз кезегинде көп энергияны, убакытты талап кылат. Ар бир темага, ар күнү, жыл сайын ошону эле кайталоо менен…

Бюрократиялык текшерүүлѳр

Айтмакчы, сабактын планын жазуу боюнча кайчы пикирлер дагы деле бар: План-конспект жазуунун, башка кагаз отчетторунун машакатынан улам, керек болсо, класс жетекчиликти ѳткѳрүп берген мугалимдер болууда.

Чүй районунун Ленин-Жол айылынын И.Борончиев атындагы орто мектептин орус тили мугалими Элмира Кумушбекова: “План-конспект жазууда жаңы стандарттын киргени улуу муундагылардын катарын суюлтту, жаштар иштей турган, изденүүнү, көп жазууну талап кылган форма экен деп кабылдашты. Мен болсо иш кагаздарынын көбүнөн былтыркы окуу жылында класс жетекчилигимди өткөрүп бердим. Чынында бюрократия мугалимдердин ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизип, өтүлчү сабагына чуркап жүрүп даярданууга алып келүүдө. Ушунча көлөмдөгү иш кагаздардын кимге кереги бар? Аны ким окуйт? Ооба, текшерүү. Текшерүү деген өзгөчө стресс. “Келатат” деген эле сыйкырдуу сөз далай кагазы “жукарак” мугалимди бюллетенге чыгууга аргасыз кылат. Текшерүүнүн негизги миссиясы иш кагаздардын бар-жогун, ирээтин аныктоо, статистикалык иликтөө. Жыйынтыгында “баланча отчету, иш-чарасы, иш кагазы, маалыматы жок” деп мектеп администрациясына “канааттандырарлык” деген баа берилсе жакшы. Болбосо, “сөгүш”, “эскертүү” деген статьялар бар. Мына, эки көзү жылтырап, эки кулагы делдейген баланы, анын билимин кагаздын ичинен издеген заман”.

Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Терек орто мектебинин тарых мугалими Ражапова Нурсулуу:  “Окуу жылын кагаз менен баштап, кагаз менен аяктайбыз. Кээ бир иш кагаздарынын үстүндө бир жума бою иштегенге туура келип калат экен. Мугалим чыгармачылык менен иштеш керек, окуучуга билимди берүүнүн ар түрдүү жолдорун колдонушу керек деп улуу муундагылар айтып келет. Кагаз ишине белчесинен батып калган мугалим кантип чыгармачылыгын өркүндөтсүн. Кантип мыкты сабак өтүүнүн үстүндө иштей алат? Кээде сегиз сааттык жумуш күнүбүздүн сегиз саатын тең иш кагаздары менен иштеп жатсак эртенки сабагыбыз бүгүнкүдөн эч айырма бербейт. Бүгүнкү окуучуларыбыздан келечекте кандай инсан чыгуусу да бүдөмүк”.

“Кѳѳдѳнү сокур”

Ал — ал болду. Дүйнө жүзүн сыдыра чүмкөнткөн COVID-19 коркунучу жайылган учурда, формалдуулуу отчеттор ого бетер кѳбѳйдү…

Бир олуя айткан экен, “Кудурети күчтүү Кудай берген эки көздүн кубаты алсыз болуп, бир жалгыз көздү алаканга салып алып бүт дүйнѳгѳ назар салган заман келээр. Ал жалгыз көз ааламга чабыттап, ай асманга жеткире көргөзгөн менен, адамдын көөдөнү сокур боло баштайт” деп. Анын сыңарындай, баарыбыздын тиктегенибиз да,  алпурушканыбыз да, окуганыбыз да, иштегенибиз да уюлдук телефон болуп калды. Муну жаман деп айтууга болбойт, заман талабына шайкеш келген курал. COVID-19 шаштырбаганда толук өздөштүрүүгө жетишер белек, анткен менен санарип биздин жашоого кирди, кабыл алдык, өздөштүрдүк.

Шартка жараша ыңгайын келтирип аралыктан иштөө, аралыктан окутуу, аралыктан окуу туура жолго коюлду. Бир болгону санарип куралдар (телефон, ноутбук) жетишсиз болбой койгон жок. Анда да окуйм деген балдар кезектешип кайтарым байланышка чыгып жатышат, ал эми санарип түгүл санаасы жоктор ойлонуп койбостон  кур шылтоонун курманы болуп жүрөт.

Ушундай шартта ар кандай шылтоо, себеп же себепсиз сабакка катышпаган  окуучулар, студенттер көп эле болуп жаткандыгы айдан ачык болсо да, статистиканы бузбоо, мектептин же окуу жайдын аброюна көлөкө түшүрбөш үчүн очойгон тизмени түзүп, катышты деп катыра отчет берип жатышат.

Октябрь айы жаңырганы класс жетекчилер журнал толтуруу менен алек, баа коюп, чейрек чыгарууга даярданып жатышат. Мурдагы түйшүккө кадыресе түйшүк кошулду. Анткени, эртеден кечке онлайн сабак, видео сабак, кайтарым байланыш, баалоо ж.б. иштерге жогорудагы “канча бала катышты”, ”ким кандай баа алды” деген отчеттор жоопсуз калбаш керек. Кайрадан түйшүгү түмөн мугалимге жүктөлгөн отчет.

А эмнеге мугалим өзүнүн түздөн түз иши – 45 минуталык сабагын эркин ой чабыты менен, кошумча маалымат, санарип каражат колдонуу менен эле өтө албайт? Эмнеге мугалим башка маселелерге алаксып, өз энергиясын предметинен тышкары нерселерге чачыратыш керек? Жыйынтыгында мугалим мектепке сабак өтүү үчүн эмес, отчет түзүп, иш кагаздарын толуктоо үчүн, айрым учурларда формалдуу маалымат даярдоо үчүн келет. Сабакка кирип теманы түшүндүрө коюп, тапшырма берип, өз иш кагаздарына сүңгүп кирген мугалимдер аз эмес, анткени убакыт жетишсиз. Көп мугалимдердин ашыкча кагаз иштерине нааразы экени айкын көрүнүш болсо да арга жок. Мугалимдер арасында “кагаз сүйлөйт” деген айың кеп бар. Ошондуктан күнүмдүк аткарылган иштерине саресеп салуу салтка айланган.

Ал эми майда-барат маалыматтын кимге кереги бар? Чын-чынына келгенде эч кимге деле пайдасы тийбеген “көр түйшүк”. Азыр санарип доордо неге андай маалыматтарды корутундулап окуу бөлүм башчы өзүнө тиешелүү, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары өзүнө тиешелүү, социалдык педагог өзүнө тиешелүүсүн мектептин базасына киргизип, бир эле информатик мугалим тейлесе болчудай иш. Жыйынтыгында, предметтик мугалимдер сабакка көбүрөк көңүл бөлүп, билим сапаты реалдуу көтөрүлгөнгө потенциал болот эле.

Бул көйгөй алыскы аймактар гана эмес, шаарлардын, борборубуздун чоң-чоң мектептерине дагы тиешелүү. Мыйзамда жазылбаган кагаз иштеринин билим берүүгө түздөн-түз жолтоо болгону көрүнүп тургандай, андан арылууга мугалимдердин үмүт шооласы үзүлбөй келет.

Айнура Асаналиева, педагог, билим берүүнүн мыктысы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер