КӨЛМӨ КОНУШУНДАГЫ №78 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНЫН ЖАҢЫ КОРПУСУ АЧЫЛДЫ

  • 18.10.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Бишкек шаарындагы «Көлмө» жаңы конушундагы №78 мектеп-гимназиясынын жаңы корпусунун ачылыш аземине катышты. 

КӨЛМӨ КОНУШУНДАГЫ №78 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНЫН ЖАҢЫ КОРПУСУ АЧЫЛДЫ

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, статистикалык маалыматтарга ылайык, борбор калаанын, Сокулук жана Аламүдүн райондорунун жалпы калкынын саны 2005-жылы 1, 1 млн адамдан ашса, ал эми 2016-жылы Бишкек шаарынын өзүндө гана 1 миллиондон ашык адам катталган.

«Мектептердин жетишсиздиги чоң көйгөйгө айланып, бул маселе Кыргыз Республикасынын Президентине борбор калаанын негизги көйгөйлөрүнүн бири катары айтылган. Буга байланыштуу 2022-жылы 16 жалпы билим берүүчү орто мектеп куруу чечими кабыл алынган. Белгилей кетсек, буга чейин мектептердин курулушуна көпчүлүк учурда 5-6 млн сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүнүп, капсулалар салынып, курулуш иштери бир нече жылдарга созулуп кеткен. 30 жыл ичинде жалпысынан 28 мектеп курулса, быйыл бир жылда 16 мектепти курдук. Мектептердин жетишсиздиги өзгөчө көйгөй жараткан жаңы конуштарга өзгөчө көңүл бурулду», — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Белгилей кетсек, аянты 2309 чарчы метр болгон мектептин жаңы имаратынын долбоордук кубаттуулугу 380 окуучуга ылайыкталган.

Жаңы корпуста 15 окуу кабинети, жыйындар залы, китепкана, спорт залы, футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары бар.

Учурда Бишкектеги №78 мектеп-гимназиясы 1564 окуучуга эсептелген.

Бөлүшүү

Комментарийлер