ИНӨНҮ УНИВЕРСИТЕТИ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЖдору МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА КЫЗЫКДАР

  • 14.12.2022
  • 0

14-декабрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, министрликтин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, КММАнын ректору Индира Кудайбергенова, КУАУнын ректору Рысбек Нургазиев ж.б. Түркия Республикасынын Инөнү (Inonu) университетинин ректору Ахмет Кызылай жетектеген делегация өкүлдөрү менен жолугушту.

ИНӨНҮ УНИВЕРСИТЕТИ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЖдору МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА КЫЗЫКДАР

Жолугушууда Инөнү университетине караштуу Тургут Озал медициналык борбору менен эки тараптуу кызматташтыкты орнотуу, Кыргызстанда ачыла турган “Орган трансплантациялоо институтунда” кыргызстандык студенттердин практика өтөөсү, жумушка орношуусу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Жолугушууда Инөнү (Inonu) университетинин ректору Ахмет Кызылай өзү жетектеген университет Түркиянын медицина жаатында билим берген алдыңкы окуу жайларынын бири экендигин айтып, айрыкча боор трансплантациясы тармагында адистешкендигин билдирди.

“Биздин Кыргызстанга келүүдөгү негизги максатыбыз – Кыргызстандын медицина тармагында билим берген жогорку окуу жайлары менен тажрыйба алмашып, тыгыз кызматташуу. Ошондой эле окутуучулар, студенттерди арасында алмашуу программаларын уюштурууга, бардык тармакта кызматташуу үчүн меморандумдарга кол коюуга даярбыз”, — деди Ахмет Кызылай.

Ал эми Расул Абазбек уулу конкреттүү багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуу эки өлкө үчүн тең пайдалуу болот деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жетекчилиги Түркия Республикасынын Инөнү (Inonu) университетинен келген делегация өкүлдөрүнө академиянын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, кызматташуу боюнча жолугушуу уюштурат. Ушундай эле жолугушуу бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде дагы өтөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер