ДУАЛДЫК ОКУТУУНУН ЖАНА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 14.12.2022
  • 0

13-декабрда “Практикага багытталган окуу процессин камсыз кылууда жумуш ордунда окутуу жана дуалдык окутуу” темасында тегерек стол өттү.

ДУАЛДЫК ОКУТУУНУН ЖАНА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу 11 кесиптик лицейде гана дуалдык билим берүүнүн элементтери бар экенин айтып, келерки жылы алардын санын 22%га көбөйтүү милдети коюлганын билдирип, сегиз алдыңкы тажрыйба борборлору иши ырааттуу жүрүшү үчүн жакын жердеги кесиптик лицейлерди жетектеши керек деген сунушун айтты.

Расул Абазбек уулу келишимдерди түзүүдө аймактардын өзгөчөлүгүн эске алуу зарылдыгын айтты.

“Мисалы, Ош шаарындагы жаңы тигүү фабрикасы 8 миң жумушчу орунга ылайыкталган. Ошондуктан шаар менен облустун кесиптик лицейлери жана колледждери тигүүчүлөрдү даярдай алышат”, — деди.

Ошондой эле ал Азия өнүктүрүү банкынын “Секторлорду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүш үчүн көндүмдөр” долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жана GIZдин “Борбордук Азиядагы өсүү секторлору үчүн кесиптик билим берүү” долбоорунун өкүлдөрүнө консультациялар жана жабдуулар менен камсыз кылуулары үчүн ыраазычылык билдирди.

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, кесиптик-техникалык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн эмгек рыногунун, заманбап экономиканын талаптарына ылайык даярдоо үчүн жаңы ыкмаларды киргизүүдө. Азыркы учурда колледждерде жана кесиптик лицейлерде жумуш ордунда окутуу жана дуалдык окутуу параллелдүү түрдө пилоттук режимде жүргүзүлүүдө.

Министрликтин жана кесиптик билим берүү башкармалыктарынын, колледждердин жана кесиптик лицейлердин, Республикалык илимий-методикалык борбордун жетекчилери жана иш берүүчүлөр 8 алдыңкы тажрыйба борборунда жумуш ордунда окутуу программасын ишке ашыруунун мониторингинин натыйжаларын, практикага багытталган билим берүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүүнү жана өнүктүрүүнү, жумуш ордунда окутуунун жана дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрүн талкуулашты.

Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 2018-жылдан баштап орто кесиптик билим берүүдө жумуш ордунда окутуу киргизилүүдө. 2020-жылы министрлик тарабынан “Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүү системасында жумуш ордунда окутуунун концепциялары” бекитилген. 2021-жылы жумуш ордунда окутуу программалары иштелип чыккан. 2021-жылы жумуш ордунда окутуу программалары иштелип чыккан. 2021-2022-жылдары пилоттук колледждердин жана кесиптик лицейлердин машыктыруучулары, социалдык өнөктөш иш берүүчүлөр үчүн семинар жана тренингдер өткөрүлгөн.

GIZдин “Борбордук Азиядагы өсүү секторлору үчүн кесиптик билим берүү” долбоору экономиканын секторлорун талап кылынган квалификациялуу адистер менен камсыздоого жана дуалдык окутууну өнүктүрүүгө багытталган. 2022-жылы дуалдык билим берүү жөнүндө жобонун долбоорлору, студенттердин типтүү келишимдери жана дуалдык билим берүүнү ишке ашыруу үчүн сунушталган кесиптик билим берүүнүн адистиктеринин/кесиптеринин тизмеси даярдалган.

Бөлүшүү

Комментарийлер