БАТКЕН: ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАНА МЕКТЕПТЕРДИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 24.11.2026

23-ноябрда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрдү. Иш-чара «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 30-беренесинин («Кесиптик башталгыч билим берүү») аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында уюштурулду. БАТКЕН: ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАНА МЕКТЕПТЕРДИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Анда комитет төрагасы Ырысбек Атажанов баштаган депутаттар Гүлай Машрапова, Токтобүбү Ашымбаева, Салтанат Аманова, Нуржамал Торобекова жана Джайлообай Нышанов аймактагы бир катар билим берүү мекемелерин кыдырышты. Алгач эл өкүлдөрү Баткен шаарындагы №57 кесиптик лицейдин ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле Кадамжай районунун Чечме айылында жайгашкан №37 1-Май жалпы билим берүү мектебинен, Бел айылында жайгашкан А. Солтонов атындагы жана Айрыбаз айылында жайгашкан №53 Мирзо Улукбек атындагы орто мектептерден кабар алышты. Мындан тышкары комитет мүчөлөрү Айдаркен шаарындагы логистикалык борбордун жана «Бий-Көк» кооперативинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алып, №19 Б. Садыков атындагы жалпы билим берүү мектебинин абалын да көрүп чыгышты. БАТКЕН: ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАНА МЕКТЕПТЕРДИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Депутаттар аталган аймактардын чек арага жакын жайгашканын жана калктын саны өсүп жатканын эске алуу менен жаңы мектептерди жана бала бакчаларды курууга республикалык бюджеттен каражат караштыруу зарылдыгын белгилешти.

Көчмө жыйындын алкагында эл өкүлдөрү Айрыбаз айылындагы №33, Үч-Коргон айылындагы №115, Кызыл-Кыя шаарындагы №7 жана аталган шаарга караштуу Караван айылындагы №8 Н. Мусаев атындагы кесиптик лицейлерге да барышты. Аталган окуу жайларда бир катар көйгөйлөр аныкталып, аларды чечүү жолдору талкууланды. Алсак, №33 кесиптик лицейдин окуу корпусу, жатаканасы жана ашканасы капиталдык оңдоого муктаж. Жылуулук системасы начар абалда болгондуктан, окуу класстары жана жатакана чакан темир мештердин жардамы менен жылытылып келет. Ал эми №115 кесиптик лицейге жатакана, маданий иш-чаралар өтүүчү зал жана ашкана куруу зарыл. Ошондой эле №7 кесиптик лицейдин имаратын реконструкциялоо жана жатаканасын капиталдык оңдоодон өткөрүү негизги көйгөйлөрдүн бири. Учурда төрт кабаттуу жатакананын эки кабаты гана пайдаланылууда. БАТКЕН: ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАНА МЕКТЕПТЕРДИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Эл өкүлдөрү мониторингдин жүрүшүндө окуу процессин уюштуруу, билим берүү жана жашоо шарттары, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу, окуучуларды практикалык жактан даярдоо жана керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу маселелери тууралуу маалымат алышты. Айрыкча билим берүү программаларынын заманбап эмгек рыногунун талаптарына шайкештиги, даярдалып жаткан адистиктерге болгон суроо-талап, кесиптик лицейлердин аймактагы ишканалар менен кызматташуусу жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелерге көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, комитеттин көчмө жыйынына тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышты.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү