БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЖОЖдорду САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯЛООГО БАГЫТТАЛГАН ЖУРНАЛ ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 13.12.2022
  • 0

ЮНЕСКОнун Алматыдагы кластердик бюросу жана ЮНЕСКОнун алдындагы Жогорку билим берүү тармагындагы инновациялардын эл аралык борбору (ЮНЕСКО-ICHEI) Борбор Азиядагы жогорку билим берүүнү санариптик трансформациялоого багытталган “CLOUD” маалыматтык журналынын бешинчи чыгарылышын чыгарды.

БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЖОЖдорду САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯЛООГО БАГЫТТАЛГАН ЖУРНАЛ ЖАРЫК КӨРДҮ

Мазмунунда:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун окурмандарга Борбордук Азиядагы жогорку билим берүүнү санариптик трансформациялоонун келечегине арналган атайын билдирүүсү.

Дүйнөдөгү жогорку билим берүүнү санариптик трансформациялоо тенденциялары жөнүндө эл аралык жана жергиликтүү эксперттик топтордун изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн билим берүү системаларынын абалын жана керектөөлөрүн талдоо.

Жогорку билим берүүнү санариптик трансформациялоо жаатындагы алдыңкы тажрыйбалар жана жетишкендиктер жөнүндө жергиликтүү университеттердин тематикалык изилдөөлөрү.

Санариптик көндүмдөр жана компетенциялар жаатында ЖОЖдордун жетекчилеринин жана окутуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн ар кандай уюмдардын долбоорлору жана демилгелери.

Туруктуу шилтеме: http://ru.unesco.kz/new-joint-publication-on-digital-transformation-of-higher-education-in-central-asia

Жарыялоо

Бөлүшүү

Комментарийлер