БИРИНЧИ КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО БАШТАЛДЫ

  • 08.04.2024
  • 0

Бүгүн, 8-апрелде, мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо башталды.

Электрондук каттоо эки этап менен жүргүзүлөт:

  • I этап – жашаган жери боюнча (катталган жери) 2024-жылдын 8-апрелинен 2-июнуна чейин;
  • II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 2024-жылдын 3-июнунан 30-августуна чейин.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. Каттоо бул сайтта 24 саат бою жеткиликтүү.

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук кабыл алууда даректи убактылуу каттоо биринчи турда катталууга кепилдик бербей тургандыгын эскертет.

Электрондук каттоо тууралуу толук маалыматты бул макаладан алууга болот.

Эльвира Какиева

Бөлүшүү

Комментарийлер