ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО – КОРРУПЦИЯГА БӨГӨТ

  • 04.04.2024
  • 0

Кыргызстанда 8-апрелден тартып 2024-2025-окуу жылына балдарды 1-класска электрондук каттоо башталат. Кабыл алуу эки этап менен жүргүзүлөт: биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин, экинчиси 3-июндан 30-августка чейин.

Ата-эне алты жашка толгон баласын даярдоо классына же болбосо биринчи класска каттатса болот. Эгерде бала 7 жашка толгон болсо, милдеттүү түрдө  биринчи класска барышы керек. Ал эми айрым учурда 7 жаштан жогору, 8 жашка толуп биринчи класска барбай жүргөн балдар кездешет. Анда ата-эне райондук билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылуусу зарыл. Алар шарт-себептерин карап чыгып, комиссиялык чечим менен биринчи класска каттайт.

Биринчи класска кирген балдар сынак тапшырбайт

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйында кабыл алуу былтыркы окуу жылында кандай кабыл алынса, быйыл дагы ошондой кабыл алына берет деди.

“Биз 12 жылдык билим берүү системасына өткөнгө даярданып жатабыз. Бул этап-этабы менен жүргүзүлүүчү жумуш болгондуктан эч кандай адашуулар болбош керек. Бизде мурда нөлүнчү класстар 480 саат «Наристе» окуу программасы боюнча окутулуп келген. Быйыл деле алты жашка чыккан балдар ошол программа боюнча окутула берет. 12 жылдык окутуу боюнча кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо кошумча маалымат берилет», – деди М. Касымалиев.

Жетекчи жыйында Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү жетекчилерине кайрылып, балдарды кабыл алууда буга чейин айрым мектептер тарабынан өткөрүлүп келген сынактарды жоюу керек экенин айтты.

Себеби балдар «Наристе» программасы менен окуган. Кайра аларды кыйноонун кажети жок. Балдар жашаган жана катталган жери боюнча автоматташтырылган электрондук система боюнча кабыл алынат. Даярдыктан өткөрүү зарыл деген болбош керек.

М. Касымалиев бул система коррупцияга бөгөт коёрун кошумчалады.

Жеңилдиктер кимдерге каралган?

Ротация болгон аскер жана милиция кызматкерлеринин балдарын 1-класска кабыл алууда жеңилдиктер каралат. Ошондой эле кайрылман статусу барларга, ошол мектепте бир жылдан ашык иштеген мугалимдердин балдарына жеңилдиктер бар.

Мугалимди тандаса болобу?

“Мугалимди тандаса болобу?” деген көпчүлүктү кызыктырган суроого Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова төмөндөгүдөй жооп берди.

“Система мугалимди тандабайт, баланы мектепке гана кабыл алат. Мектептин директору класс-комплекттеп, мугалимдерди бөлүштүрөт”.

Айнура Сүйүндүковна көпчүлүк кетирген каталардын бири  – ата-эне менен баланын байланышын тастыктаган, мындайча айтканда, туугандык статусун тууралап койбогонунда экенин айтып, ата-энелерди азыртадан статусун текшерип, идентификациялык жеке номерин алып, жашаган жери боюнча кайсы мектепке байланганын билип алышы керек. Ушул маалыматтарды азыртадан эле системага киргизе берсе болот деди.

Чет мамлекеттик жарандыгы бар кыргыздар кандай тартипте катталат?

Ал эми чет мамлекеттик жарандыгы бар кыргыздар баласына Кыргызстандан  идентификациялык жеке номерин алып, эгер расмий каттоодон өтсө биринчи этап менен, убактылуу каттоодо турган болсо экинчи этап менен гана каттала алат.

1-класска киргенде төмөнкү документтер талап кылынат:

– баланы 1-классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалым каттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы 1-класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалым каттын түп нускасы  (белгиленген формалар);

– баланын 3х4 см өлчөмүндөгү сүрөтү.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер