БАЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮНӨН ТҮНӨК ТАПКАН МУГАЛИМ

Ак-Өргө конушундагы №77 орто мектебинин орус тили мугалими Жылдыз Башкармаева окуткан окуучуларынын сүйүүсүнө ээ болгон нукура педагог экенин жакында билдим.

БАЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮНӨН ТҮНӨК ТАПКАН МУГАЛИМ

Бешинчи класстагы уулумдун тапшырмасын карап жатып, Ватсап номеринде жайнаган ак тилек каалоолорго, лайктарга, смайликтерге таң калдым.

— Булар биздин орус тил эжейибиз Жылдыз Башкармаевнага арналган лайктар. Эжей жакында ооруканадан чыкты. Операция болуптур. Классташтарым : «Биз сизди жакшы көрөбүз! Батыраак айыгып кетиңиз!»дешип, жазып жатышат, -деди уулум.

БАЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮНӨН ТҮНӨК ТАПКАН МУГАЛИМ

— Жылдыз эжей бизди экинчи класста окуткан. Аябай жакшы окутат. Эч урушпайт. Эки койбойт. Быйыл сабак бербей турганын укканыбызда, баарыбыз капа болгонбуз,- дейт 3-класстагы кызым.

Балдарга жароокер мамилеси менен жаккан мугалимге мен чын дилимден ыраазы болдум.

Ак пейил балдарыңыздын тилеги кабыл болуп, батыраак айыгып кетиңиз, Жылдыз эжей!

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер