АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ОКУУЧУЛАР КАМКОРДУККА АЛЫНДЫ

  • 04.05.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде мектеп окуучуларынын окуусун үзгүлтүккө учуратпастан жана окуу процессин сапаттуу улантуу максатында Ош облусунун Кара-Суу районундагы З.Б.Бабур атындагы №43 мектепте иш-чаралар иштелип чыгып, телевидение аркылуу телесабактарды уюштуруу үчүн видеосабактар даярдалды. Аз камсыз, шарты оор окуучулардын видео байланыштарга тартуу жолдору каралып чыкты. Ошондой эле 50дан ашык окуучуга, мугалим жана техникалык кызматкерлерге ун, май, кумшекер, күрүч, жер-жемиш, тоок эти, жумуртка, мал эти, гречка, самын, идиш жуучу каражаттар таратылып берилди.

АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ОКУУЧУЛАР КАМКОРДУККА АЛЫНДЫ

АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ОКУУЧУЛАР КАМКОРДУККА АЛЫНДЫ

Мектептин директору Феруза Садикованын берген маалыматына таянсак, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 3-чейректен баштап мектептер жана бала бакчаларда коронавирус оорусу боюнча маалымат таратып, өздүк санитардык эрежелерин сакталышы боюнча иштерди алып барды. Ошондой эле башкармалыктын мектептеги мугалимдердин компьютердик сабаттуулугун калыптандыруу жана медиасабаттулук боюнча өткөргөн окуутулары мугалимдердин аралыктан окутуу иштерине жеңилдиктерди жаратты.

АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ОКУУЧУЛАР КАМКОРДУККА АЛЫНДЫ

— Өзгөчө кырдаал учурунда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган телесабактар, шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Т.Досмуратовдун күндүк уюштуруп жаткан вебинарлары, методист Р.Закировдун көрсөтмөлөрү биздин мектеп жамаатын ата-энелер менен иштөө жана аралыктан окутуу иштериндеги кайтарым байланыштарды уюштурууда, окуу процессин сапаттуу, жөнөкөй, түшүнүктүү улантууда жеңилдик берүүдө. №43 мектептин жамааты кырдаалга жараша окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай аралыктан окутуу жолу менен өз ишин улантты. Жамаат 4-чейректи башталышына дистанттык окуу үчүн даярдык көрүп, администрация окуу процессин улап кетүү үчүн аракет жасады, — дейт мектеп жетекчиси.

Телевидения аркылуу берилип жаткан сабактарга кайтарым байланышта мугалимдер Zoom, Free Cam, Bandicam, Inshot, Kine Master электрон колдонмолору аркылуу ар түрдүү видеосабактарды даярдап, ар жума ыкчам сабактардын расписаниеси түзүлүп, балдардын кызыгуусуна ылайык сабактар өтүлүп жатат.

АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ОКУУЧУЛАР КАМКОРДУККА АЛЫНДЫ

АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ОКУУЧУЛАР КАМКОРДУККА АЛЫНДЫ

— Мугалимдер өздөрүнүн чеберчилигин жана чыгармачылыгын көрсөтүп жатышат. Дистанттык окутууда бир гана сабак эмес, ар түрдүү класстан тышкаркы иш-чараларды, сынактарды өткөрүүдө. Ошондой эле аралыкта окутууда мугалимдер өздөрүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн жана компьютердик сабаттуулугун көрсөтүүдө. Yotube вебсайтында «shbabur43» аталыштагы мектептин каналы ачылып, бул каналга мектеп мугалимдеринин мыкты видеосабактары жайгаштырылып жатат. Мектеп жетекчилиги тарабынан социалдык жактан аз камсыз болгон мугалимдер жана окуучулардын үй-бүлөсүнө жардам берүү максатында шаар жана айыл активдери менен тыгыз байланышта болуп, 50дан ашык окуучуга, мугалим жана техникалык кызматкерлерге ун, май, кумшекер, күрүч, жер-жемиш, тоок эти, жумуртка, мал эти, гречка, самын, идиш жуучу каражаттар таратылып берилди. Мындай учурда ата-энелер балдарга жагымдуу жагдай түзүп, телесабактардан кийин мугалимдер менен кайтарым байланышка чыгуу үчүн толук шарт түзүп берип, балдардын жакшы билим алуусуна мугалимдер менен биргеликте аракеттенип жатышат. Бул кырдаалдан тезирээк чыгып кетүүнү көксөгөн окуучулар телесабактарга активдүү катышып, ооруну жуктуруп албоо жана жайылтпоо үчүн өздүк гигиеналарды так сактап келүүдө, — дейт Ф.Садикова.

АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ОКУУЧУЛАР КАМКОРДУККА АЛЫНДЫ

АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ОКУУЧУЛАР КАМКОРДУККА АЛЫНДЫ

АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ОКУУЧУЛАР КАМКОРДУККА АЛЫНДЫ

АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ОКУУЧУЛАР КАМКОРДУККА АЛЫНДЫ

Мектеп тууралуу маалымат

43 З.М.Бабур атындагы орто мектеби 1990-жылдын октябрь айынан бери Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын карамагына өткөн. 1296 орунга ылайыкташтырылган. Мектеп типтүү, он бир жылдык болуп, окутуу эки тилде жүргүзүлөт, базистик варианта иш алып барат. Мектептин проблемасы: «Мектеп окуучуларына заман талабына ылайык билим берүү аркылуу ыймандуулукка үйрөтүү». 2019-2020-окуу жылында 55 класс комплектиде 1702 окуучу окуп жатат.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер