АЛЫСКЫ АЙЫЛДАРДАГЫ 4 МЕКТЕП САНАРИП БИЛИМ БЕРҮҮ БУЛАГЫНА КИРҮҮДӨ

  • 16.11.2022
  • 0

“Туруктуу өнүгүү коалициясы” коомдук фонду билим берүүнү санариптештирүү боюнча “Санарип билим булагы” долбоорун демилгелеп, анын алкагында Чаткал районунун алыскы айылдарындагы төрт мектепти интернетке туташтырууну уюштурган. Долбоор боюнча мектептерде Бишкек шаарындагы борбордук кеңсе менен онлайн байланыш үчүн жабдуулар орнотулган.

АЛЫСКЫ АЙЫЛДАРДАГЫ 4 МЕКТЕП САНАРИП БИЛИМ БЕРҮҮ БУЛАГЫНА КИРҮҮДӨ

Окутуу 8 окуучудан турган топтордо өткөрүлөт. Алар маалыматтык технологияларды кошумча чет тилдерди үйрөнүү, ЖРТга даярдануу, квалификациялуу окутуучулардын аралыктан лекциялары угуу үчүн колдоно алышат. Ошондой эле маалымат системасы чет өлкөлөрдө билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен онлайн жолугушууларды өткөрүү, окуу жана кабыл алуу шарттары тууралуу маалыматтарды алуу үчүн колдонулат.

Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылууда. 2022-жылдын 11-ноябрында Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана “Туруктуу өнүгүү коалициясы” коомдук фондунун директору Самат Ашымов кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду. Ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мектеп администрацияларынын өкүлдөрү катышты.

Самат Ашымовдун айтымында, жакында дагы алты мектеп бул долбоорго киргизилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер