Адам сатуу, мыйзамсыз жана эмгек миграция боюнча сөздүк жарык көрдү
- 16.09.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу стратегиялык демилгелер улуттук институту тарабынан “Адамдарды сатуу, мыйзамсыз жана эмгек миграция боюнча негизги терминдердин жана түшүнүктөрдүн түшүндүрмө сөздүгү” жарык көрдү.
Бул басылма укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, миграция жана адамдарды сатуу маселелери менен алектенген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө, басма сөз жана электрондук басылмалардын кызматкерлерине, жогорку жана атайын орто окуу жайлардын экономика, тарых жана саясат таануу факультеттеринин окутуучуларына жана студенттерине арналат.
Сөздүктү толук бул жерден караңыз: сөздүк
Бөлүшүү
Комментарийлер