167 ОКУУЧУ АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫН АЛУУ УКУГУН ТАСТЫКТАДЫ
- 11.05.2023
- 0
Билим берүү жана илим министрлигинин “Алтын тaмгa” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацнисынын жыйынтыгынын негизинде “Артыкчылык менен” аттестатына ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө буйругу чыкты.
Ага ылайык, 2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу аттестатын “Артыкчылык менен” алат.
- Баткен облусунан – 14 окуучу
- Бишкек шаарынан – 76 окуучу
- Жалал-Абад облусунан – 10 окуучу
- Нарын облусунан – 6 окуучу
- Ош шаарынан – 8 окуучу
- Ош облусунан – 20 окуучу
- Талас облусунан – 5 окуучу
- Чүй облусунан – 21 окуучу
- Ысык-Көл облусунан – 7 окуучу
Эске сала кетсек, “Алтын тамга” тестирлөөсү республика боюнча 2023-жылдын 25-апрелинде өткөрүлүп, ага 2 миңдей 11-класстын окуучусу катышкан.
Бөлүшүү
Комментарийлер