100 ОКУУЧУДАН 100 МУГАЛИМГЕ БЕЛЕК

  • 24.05.2024
  • 0

Аксы районундагы М.Токтоболотов атындагы Билим берүү борборунда Кара кыргыз автономиялык областынын 100 жылдыгына карата «100 окуучудан 100 мугалимге белек» аттуу акция өткөрүлдү.

100 ОКУУЧУДАН 100 МУГАЛИМГЕ БЕЛЕК

Бул акцияда борбордогу «Чебер колдор» ийриминдеги окуучулардын колунан жасалган 100 телефон капчык жана З мектеп директорлоруна З жүндөн жасалган панорамкага салынып, белекке берилди.

100 ОКУУЧУДАН 100 МУГАЛИМГЕ БЕЛЕК

Ал эми Н.Мамбетов орто мектебинин мугалимдерине 50 телефон капчык, №21 С.Качыкеев атындагы Таш-Добо орто мектебине 40 мугалимге телефон капчык жана ошондой эле өзүбүздүн борбордун мугалимдерине 15 телефон капчык белекке берилди.

100 ОКУУЧУДАН 100 МУГАЛИМГЕ БЕЛЕК

Капчык фетр кийизинен жасалып, ага кыргыздын оймолору түшүрүлдү.

100 ОКУУЧУДАН 100 МУГАЛИМГЕ БЕЛЕК

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер