АБА КАТТАМДАРЫНДАГЫ КУЛАКТАНДЫРУУЛАР МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ АЙТЫЛАТ
- 28.07.2026
- 0
Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу жана Мамлекеттик тил жөнүндө Конституциялык мыйзамдын талаптарын аткаруу багытында дагы бир маанилүү кадам жасалды. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги мындан ары аба каттамдарындагы бардык негизги кулактандыруулар мамлекеттик тилде да милдеттүү түрдө айтыларын билдирди.
Чечимге ылайык, аба кемесиндеги негизги жарыялар, анын ичинде авариялык-куткаруу жол-жоболору тууралуу маалыматтар жана учуу коопсуздугуна байланышкан башка бардык зарыл билдирүүлөр сөзсүз түрдө мамлекеттик тилде берилүүгө тийиш. Ошондой эле мамлекеттик тилдеги маалымат авиаташуучу колдонгон башка тилдердеги маалымат менен мазмуну жана көлөмү боюнча толук шайкеш болушу талап кылынат.
Бул талап Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүргүнчүлөрдү ташыган бардык авиаташуучуларга, анын ичинде чет өлкөлүк авиакомпанияларга да тиешелүү. Ушуга байланыштуу авиаташуучулардын жетекчилерине мамлекеттик тилдеги тиешелүү кулактандыруу тексттерин даярдап, алардын аткарылышын камсыз кылуу тапшырмасы берилди.
Жаңы талап жүргүнчүлөрдүн мамлекеттик тилде толук жана жеткиликтүү маалымат алуу укугун камсыздоого, ошондой эле өлкөнүн жарандык авиация тармагындагы тейлөө сапатын жана мамлекеттик тилдин колдонулушун мындан ары да жогорулатууга багытталган.
А.К., «КБ»
Комментарийлер