SMART-ED ДОЛБООРУ: МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 28.07.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан Ислам өнүктүрүү банкынын (IsDB), Ислам тилектештик фондунун (ISFD) жана Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (GPE) каржылык колдоосу, ошондой эле ЮНИСЕФтин өнөктөштүк колдоосу менен ишке ашырылып жаткан SMART-ED биргелешкен долбоорунун алкагында өлкөдө бардык балдар үчүн сапаттуу жана инклюзивдүү билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытындагы иштер улантылууда.  SMART-ED ДОЛБООРУ: МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫУшул долбоордун 2.2.2-компоненти – «Мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн колдоо» боюнча педагогдор үчүн уюштурулган үч күндүк тренинг ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Окутуунун биринчи күнү квалификацияны жогорулатуунун учурдагы программаларына функционалдык талдоо жүргүзүүгө жана келечектеги заманбап программаларды түзүүгө  багытталса, экинчи күнү жумушчу топтор аларды өркүндөтүү боюнча так сунуштарды иштеп чыгышты.  SMART-ED ДОЛБООРУ: МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ Тренингдин акыркы күнү инклюзивдүү билим берүү, баалоо, гендердик сезимталдык жана поликультурдук билим берүү сыяктуу сквоздук багыттарды камтыган заманбап, компетенттүүлүккө багытталган аралаш форматтагы модулдарды түзүү принциптерин талкуулоого арналды. Жыйынтыгында мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасынын талаптарына толук жооп берген квалификацияны жогорулатуу программаларынын бирдиктүү жана заманбап концепциясы калыптандырылды.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер