КЫРГЫЗСТАНДЫН СЫЙМЫГЫ: БИШКЕКТИК ОКУУЧУ SIMOC 2026 ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНДА КҮМҮШ МЕДАЛДЫ ЖЕҢИП АЛДЫ
- 28.07.2026
- 0
17-23-июль күндөрү Сингапур жана Малайзия өлкөлөрүндө өткөн математика боюнча SIMOC 2026 (Singapore International Math Olympiad Challenge) эл аралык олимпиадасынын глобалдык раундунда кыргызстандык окуучулар чоң ийгиликтерге жетишишти.
Атаандаштыкка бай масштабдуу мелдеште Бишкек шаарындагы Кембриж мектебинин 5-классынын окуучусу Касымбекова Адинай жекелештирилген таймашта Кыргызстандан катышкан окуучулардын арасынан эң жогорку натыйжаны көрсөтүп, күмүш медалга татыды. Ошондой эле ал командалык таймаштарда дагы күмүш медаль жеңип алып, мекендин атын бийик көтөрдү. Адинайдын апасы Жазгүл Сапаралиеванын айтымында, окуучулар бул эл аралык сапарга өз күчү жана ата-энелеринин колдоосу менен барып келишкен.
Олимпиаданын масштабдары:
- Жергиликтүү раунд: Дүйнөнүн 52 өлкөсүнөн, 8 147 мектептен 61 730 окуучу катышып, финалга чыгуу үчүн күч сынашкан.
- Глобалдык раунд (17–23-июль, 2026-ж.): Сингапур жана Малайзияда өткөн финалга 40 өлкөдөн эң күчтүү 2 250 окуучу чогулган.
Кыргызстандын курама командасы 50 таланттуу окуучудан туруп, эл аралык аренада жогорку даярдыкты көрсөтө алды.
Кыргызстандын курама командасынын жалпы жыйынтыктары:
- Жеке математикалык олимпиада (Math Olympiad Contest):
- Бардыгы 13 медаль:
- 🥈 1 күмүш медаль — Касымбекова Адинай (5-класс);
- 🥉 12 коло медаль.
- 7 ардак грамота (Honorable Mention).
- Бардыгы 13 медаль:
- Maths Warriors Challenge (командалык мелдеш):
- 🥇 4 алтын медаль
- 🥈 8 күмүш медаль
- 🥉 13 коло медаль
- Math Master Mind Challenge (командалык мелдеш):
- 🥇 1 алтын медаль
- 🥈 7 күмүш медаль
- 🥉 6 коло медаль
Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасынын 43 катышуучусу SIMOC 2026 олимпиадасынын ар кандай категориялары боюнча медалдардын ээси болушту.
Бул сыйлыктар окуучулардын келечектеги портфолиосун күчөтүп, эл аралык билим берүү коомчулугунун эшигин ачууга, лидерлик программаларга жол табууга жана дүйнөнүн алдыңкы университеттерине тапшырууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Бардык жеңүүчүлөрдү, ата-энелерди жана устаттарды бул зор ийгилик менен куттуктайбыз!
А.К, «КБ»
Комментарийлер