Күн жана жылдыздардын физикалык жаратылышы
- 18.04.2026
- 0
9-класс, физика / астрономия
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү (Интеграцияланган STEM-сабак)
Сабактын формасы: Топтук изилдөө, лабораториялык-санариптик талдоо жана эксперимент.
Сабактын ыкмасы: 5Е модели, Сингапур методикалары, санариптик симуляция (PhET).
Техникалык каражаттар: МКТ, ноутбук, смартфондор.
Санариптик ресурстар: PhET Interactive Simulations, NASA Eyes, Plickers.
СТЕМ обьекттер: Спектралдык таблицалар, спиртовка, аш тузу, жез күкүмдөрү, металл илмектер. QR-коддор, деңгээлдик тапшырмалар.
Сабак аралык байланыш: Математика (Виндин законунун формуласы, графиктер), химия (суутек жана гелий, ядролук реакция), биология (ультрафиолет нурларынын тирүү организмдерге таасири).
Баалоо ыкмалары: Калыптандыруучу (топтук иш), жыйынтыктоочу (Plickers).
Сабактын максаттары: (Эмнеге үйрөтөбүз?)
1. Билим берүүчүлүк: Окуучулар Күндүн жана жылдыздардын физикалык табиятын, энергия булагын (ядролук реакция) Виндин законуна таянып, жылдыздардын түсү менен температурасынын байланышын түшүнүшөт;
2. Өнүктүрүүчүлүк (STEM): Окуучулар спиртовка эксперименти, химиялык реакциялар (туз, жез) жана PhET санариптик симуляциясы аркылуу теорияны практика менен байланыштырып, спектралдык талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.
3. Тарбия берүүчүлүк: «Уӊгу жол» улуттук нарк таанымынын негизинде окуучуларда Аалам менен адамдын бир бүтүндүгү тууралуу түшүнүктөрү калыптанат.
Көрсөткүчтөр: (Индикаторлор): Эгерде окуучу жылдыздардын түсүнө карап алардын температурасын, жашын аныктай алса жана Күн кубулуштарынын (протуберанц, жарк этүү) маңызын айтып бере алса; Эгерде окуучулар эксперименттик изилдөөдөн жылдыздардын түсү менен температурасынын байланышын аныктап, PhET жана AR симуляциясында 3 башка температурадагы жылдыздын моделин түзүп, «Жылдыз паспортун» катасыз толтурса жана графиктерди талдай алса; Эгерде окуучулар Күндү жөн гана «энергия булагы» эмес, Жердеги тиричиликтин жана коопсуздуктун негизи катары аңдап, «Аалам — бир бүтүн» экендигин кыргыз элинин космогониялык түшүнүктөрү менен байланыштыра алса;
Күтүлүүчү натыйжа: (Окуучу эмнеге жетет?): Жылдыздардын түсү менен температурасынын ортосундагы байланышты мүнөздөп беришет; Күн энергиясынын пайда болуу механизмин түшүндүрө алышат; эксперимент жыйынтыгында жылдыздардын түсү жан температурасын салыштырып, физикалык симуляцияларды колдонуп корутунду чыгарат; STEM изилдөөсүнүн негизинде жылдыздарды классификациялайт; Күндү жана жылдыздарды жөн гана асман телолору эмес, жашоонун, убакыттын жана багыттын символу катары түшүшөт.
Сабактын жүрүшү. 5E этаптары:
1.Кызыктыруу (5 мин.). Мугалимдин иш-аракети:
-🌟 «Космостук сандык» методу аркылуу жагымдуу маанай түзөт, топторго «Күн» жана «Жылдыздар» тобу деп ат берет.
-NASA жаздырган «Күндүн үнүн» угузуп, экранга Күндүн бетиндеги зор атырылууларды (протуберанцтарды) жана жылдыздуу асманды көрсөтөт.
Суроо: 1. Эгер бардык жылдыздар асманда ак болуп көрүнсө, анда эмне үчүн телескоп аркылуу алар ар башка түстө көрүнөт?
2. «Күн дагы жөн гана жылдыз болсо, анда эмне үчүн ал бизге башка жылдыздардан чоң көрүнөт?»
Окуучунун иш-аракети: Сандыкта катылган сөздөр менен теманы ачышат:
- Үндү угуп, видеону талдоо менен Күндүн жөнөкөй эле «от» эмес, кубаттуу физикалык объект экенин түшүнүп, теманы аныкташат.
- Өз ойлору менен бөлүшүшөт.
- Күндүн Жерге жакын жайгашканын айтышат.
- Аралык менен көрүнүштүн байланышын түшүндүрүүгө аракет кылышат.
Керектелүүчү каражаттар: NASA аудио жана видеосу, космостук сандык.
2. Изилдөө (10 мин.). Мугалимдин иш-аракети:
«Ааламдык лаборатория» борборун түзөт. Топторго спиртовка, химиялык элементтер жана «Жылдыз паспорту» берилет. Экспериментке багыт берип, коопсуздукту эскертет.
⭐ «Күн» тобуна суроо: Эмне үчүн силердин жылдызыңар (от) сары түскө боёлду? Күндүн курамында кайсы элемент басымдуулук кылат жана ал бизге кандай энергия берет?»
🌟 «Жылдыздар» тобуна суроо: Силердин жылдызыңар эмне үчүн көк-жашыл түстө күйдү? Бул жылдыздын температурасы Күнгө караганда жогорубу же төмөнбү?
Окуучунун иш-аракети:
⭐ «Күн» тобу натрий хлор менен иштешет:
Изилдөө: Натрий (туз) менен эксперимент жасап, жыйынтыгын Күндүн модели менен салыштырышат.
🌟 «Жылдыздар» тобу жез менен иштешет:
Изилдөө: Жез кошулмалары менен эксперимент жасап, жалындын түсүнүн өзгөрүшүн жогорку энергиялуу жылдыздар менен байланыштырышат. (Спиртовка, аш тузу, жез күкүмдөрү, металл илмектер керектелет)

3. Түшүндүрүү (7 мин.).
PhET «Blackbody Spectrum» аркылуу температура менен түстүн байланышын (Виндин законун) экрандан көрсөтөт. Виндин законун маанисин түшүнүүгө багыт берет.
«Космоско саякат»: Топторго AR QR коддорду берет. AR аркылуу Күн, Сириус, Вега, Капелла, Альдебаран, Алтын казык жана Бетельгейзени класстын ичине «алып келет». Изилдөө тапшырмасын берет:

Классификация: «Жылдыздарды түсү боюнча спектралдык топторго бөлүп, алардын үстүнкү температурасын салыштыргыла.»
Эволюциялык талдоо: «Көк жана ак-көк түстөгү жылдыздарды — активдүү жаш жылдыздар, ал эми кызыл алптарды — эволюциясынын акыркы стадиясындагы (карыган) жылдыздар катары негиздеп, паспортко белгилегиле.»
Диагноз: «Биздин Күндүн азыркы абалы туруктуу экенин, ал “Башкы ырааттуулукта” жайгашканын илимий далилдер менен көрсөткүлө.
Окуучунун иш-аракети: Графиктин чокусу солго (кыска толкундарга) жылып, түс кызылдан көккө өзгөргөнүн байкашат. Температура канчалык жогору болсо, нурдануу ошончолук кубаттуу болорун түшүнүшөт.
Виндин законун аныктамасын ачышат. Окуучулар жуптарда Смартфон же планшет менен QR кодду сканерлеп, жылдыздарды 360° форматта изилдешип, түшүндүрүп беришет. Жылдыздардын паспортун алардын көлөмүн жана түсүн салыштырып, өмүр жолундагы ордун аныкташып, толтурушат.

4. Тереңдетүү (7 мин):
🧭 Кыргыздардын элдик астрономиясына «үркөр» жана «алтын казык» жөнүндө билим куржунуна маалымат салып, концептуалдык суроо таштайт.
- Кыргыз эли компассыз багытты кантип билген?
- Кыргыз эли мезгилди кантип аныктаган?
Окуучулар маалыматты таап, окуп, түшүнүп «3-2-1» (3 жаңы маалымат, 2 кызыктуу жагдай, 1 суроо) методу топтордо иштешип, кыргыз элинин космостук дүйнө таанымын талдашат; Табиятка аяр мамиле жасоонун маанисин түшүнүп, Илим менен улуттук нарк менен байланышын түзүшөт.
5. Баалоо (5 мин.):
Plickers платформасы аркылуу 5 суроодон турган тест өткөрөт. Жыйынтыгын экрандан дароо көрсөтүп, баалайт.
Жыйынтыктоо: Сабактын максаттарына кайрылып, «Космостук сандыктын» сырын илимий корутунду менен бекемдейт.
Талантыңды ач тапшырмасы: Улуттук нарк: 1. «Кыргыз элинин макалдарын физиканын тилинде далилдөө:
“Күн кызарып чыкса-элиңди жоо чапкандай күйүн, күн кызарып батса, уул тапкандай сүйүн”
Өз карталарын туура жоопко карап көтөрүшөт. Жыйынтыктарды талдап, каталарын оңдошот.
Окуучунун иш-аракети: Өзүн-өзү жана топторду баалоо баракчаларын толтурушат. Акындар ыр жазат, сүрөтчүлөр сүрөт тартып, изилдөөчү изилдеп, жамакчылар айтып берет. (https://new.bizdin.kg/media/books/makaldar.pdf)
Мугалимге сунуштар:
- Сабакты баштоо. Сабагыма даярмын, а силерчи, балдарым? Менин маанайым жакшы. Саламатсыңарбы, балдарым! Бүгүнкү сабакка даярсыңарбы? Анда эмесе, сабагыбызды баштайлы. Биз физиканын кайсы бөлүмүн окуп, үйрөнүп жатабыз?
- Кызыктыруу. «Космостук сандык». Балдар, бүгүн сабакка «Космостук сандык» алып келдим. Бул сандыктын ичинде бүгүнкү сабактын эң башкы каарманы — акылдуу, изденүүчү инсан жашырылган. Силер анын ким экенин билгиңер келеби? (Сандыктын ичин ачат.)
Балдар, сандыктын ичинде силер өзүңөрдү көрдүңөр.
Илим үчүн ар бир адам — бүтүндөй бир аалам сыяктуу табышмактуу жана баалуу.
Бүгүн биз Күндүн сырларын изилдейбиз. Ошол эле учурда өзүбүздүн ааламдагы ордубузду да түшүнүүгө аракет кылабыз.
Андан кийин:
Эми топторго бөлүнүп, ар бир топко ат коёлу.
Бүгүнкү сабактын темасын ачып көрөлү.
Кандай ойлойсуңар, бүгүнкү сабагыбыз эмне жөнүндө болушу мүмкүн?
- Теманы ачууга өтүү
Бул бөлүгүңүздү бир аз жандуураак кылса болот:
Келгиле, балдар, оң колубузду көтөрүп, жүрөгүбүздү тыңшап көрөлү. Эмне сезип жатасыңар? Ааламдын борборунда эмне жайгашкан эле? Анда эмесе, Күндүн үнүн, ааламдын жүрөгүнүн согушун угуп көрөлү. Эми телескоптор аркылуу тартылган бул кыска видеого көңүл буруп көргүлө. Эмнени көрдүңөр? Эмнеге көңүл бурдуңар?
Келгиле, бүгүн жылдыздардын эмне үчүн түсү ар башка болорунун сырын ачып көрөлү. Бул жерде «жылдыздардын түсү ар башка экенин сырын ачабыз» деген сүйлөм грамматикалык жактан туура эмес. Туурасы: «жылдыздардын эмне үчүн түсү ар башка болорунун сырын ачабыз».
- Изилдөө этабы. Сиздин баштапкы текстиңиздеги эң көп оңдоону талап кылган бөлүк ушул:
ИЗИЛДӨӨ
Эми, балдар, бул теманы тереңирээк түшүнүү үчүн химияны сабагыбызга алып келдим. «Боз үйгө» кирсеңер, ал жерде «Билим куржуну» турат. Куржундун ичинде экспериментти аткаруу боюнча көрсөтмө бар. Көрсөтмөнү алып, берилген тапшырма боюнча изилдөөңөрдү баштагыла. Экспериментти кылдат аткарып, суроолорго жооп бергиле. Ар бир топ өзүнүн байкоосун талдап, жыйынтыгын айтып берет.
Дагы бир маанилүү нерсе. Эгер сабактын негизги темасы жылдыздардын түсү жана анын температурага байланышы болсо, анда химияны изилдөөгө киргизгениңиз абдан жакшы, бирок окуучуларга «эмне үчүн химия?» деген суроону да берсеңиз, сабактын предметтер аралык байланышы ачыгыраак көрүнөт: «Балдар, биз бүгүн физика сабагында эмнени изилдеп жатабыз? Ал эми бул көрүнүштү түшүндүрүүдө химия бизге кандай жардам бере алат?».
Кыргыз элиндеги жылдыз аталыштары жана алардын астрономиядагы орду
| Кыргызча аталышы | Орусча аталышы | Азыркы астрономиядагы аталышы | Кайсы топ жылдызында жайгашкан? | Мааниси / элдик түшүнүк |
| ⭐ Алтын Казык | Полярная звезда | Polaris | Ursa Minor (Кичи Жетиген) | Түндүктү көрсөткөн туруктуу жылдыз. Жол багыттоочу. |
| 🌟 Жети Каракчы | Большая Медведица | Big Dipper | Ursa Major | Жети ууру тууралуу уламыш менен байланышкан. |
| ✨ Үркөр | Плеяды | Pleiades | Taurus (Букачар) | Мезгил аныктоочу жылдыз топтому. |
| 🐏 Үч Аркар | Пояс Ориона | Orion’s Belt | Orion | Үч тизилген жылдызды аркарларга салыштырган. |
Сабакка колдонула турган кошумча маалыматтар ⭐ Тереңдетүү этабында айтыла турган сөз
Ысмайыл кызы Канымайым, Бишкек шаарынын Ленин районундагы
№79 жалпы билим берүү мектебинин физика мугалими