КЫРГЫЗСТАНДА ПРОФИЛДИК ОКУТУУНУ КИРГИЗҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭТАБЫ БАШТАЛАТ

  • 26.08.2026

Профилдик_окутуу

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жалпы билим берүү уюмдарында профилдик окутууну киргизүүгө багытталган жаңы системаны сунуштады. Демилге 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясы менен байланышып, окуучулардын кызыгуусун эрте аныктап, келечектеги кесиптик жана академиялык траекториясын аң-сезимдүү тандоосуна шарт түзүүгө багытталган.

Профилдик окутуу эки негизги багытта — академиялык жана кесиптик-колдонмо багытта жүргүзүлөт. Анын алдында 8–9-класстарда профилге чейинки даярдоо уюштурулуп, окуучулар өз кызыгуулары менен жөндөмдөрүн аныктап, ар кандай ишмердүүлүк багыттары менен таанышып, практикалык тажрыйба топтойт. КЫРГЫЗСТАНДА ПРОФИЛДИК ОКУТУУНУ КИРГИЗҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭТАБЫ БАШТАЛАТ
Жаңы системаны киргизүү 2026–2029-жылдары үч этап менен ишке ашырылат. 2026–2027-окуу жылында 8-класстарда профилге чейинки даярдоо жана жогорку класстарда кесиптик-колдонмо программаларды апробациялоо башталат. 2027–2028-жылдары 9-класста профилге чейинки даярдоо менен катар 11-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо профилдер киргизилет. 2028–2029-окуу жылында 12-класстарда профилдик окутуу кеңейтилет. КЫРГЫЗСТАНДА ПРОФИЛДИК ОКУТУУНУ КИРГИЗҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭТАБЫ БАШТАЛАТ

Профилдик окутуунун маанилүү бөлүгү — мектептердин кесиптик билим берүү уюмдары жана ишканалар менен өнөктөштүгү. Кесиптик-колдонмо багыт практикага жакын мазмунду, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүнү жана зарыл болгон учурда сертификат алууга мүмкүнчүлүк түзүүнү карайт. КЫРГЫЗСТАНДА ПРОФИЛДИК ОКУТУУНУ КИРГИЗҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭТАБЫ БАШТАЛАТ«Бул багытта педагогдорду даярдоо да өзгөчө мааниге ээ» — дейт №5 кесиптик лицейдин директору Элеонора Ишекеева. Ал «Профилдик окутуу: окуучунун кызыгуусунан — кесиптик жана академиялык траекторияга» деген темада  жасаган баяндамасында  методисттер, социалдык педагогдор, класс жетекчилер жана мугалимдер кесипке багыт берүү, профилге чейинки даярдоо, ошондой эле профилдик окутууну пландаштыруу жана уюштуруу боюнча даярдыктан өтүшөрүн айтты.КЫРГЫЗСТАНДА ПРОФИЛДИК ОКУТУУНУ КИРГИЗҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭТАБЫ БАШТАЛАТ

Белгилей кетчү жагдай, буга чейин профилдик окутуунун практикалык мүмкүнчүлүктөрү №5 кесиптик лицейдин пилоттук тажрыйбасында да көрсөтүлгөн. Лицейдин базасында окуучулар слесарь-сантехник жана автоэлектрик багыттарында 312 сааттык профилдик окутуудан өтүшкөн. Өнөктөш уюмдар катары №63 орто мектеп жана «Креатив Таалим» жеке мектеби тартылган, ал эми практика кесиптик лицейдин устаканаларында уюштурулган. КЫРГЫЗСТАНДА ПРОФИЛДИК ОКУТУУНУ КИРГИЗҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭТАБЫ БАШТАЛАТ

Презентацияда келтирилген дагы бир мисалга ылайык, 2024-жылы «Креатив Таалим» жеке мектебинин окуучулары слесарь-сантехник кесиби боюнча 312 саат окуп, 3-разряддагы слесарь-сантехник квалификациясын тастыктаган мамлекеттик үлгүдөгү сертификатка ээ болушкан.

Профилдик окутууну ишке ашыруунун 2026–2030-жылдарга карата жол картасы даярдоо, апробация, мониторинг жана масштабдоо этаптарын камтыйт. Негизги максат — окуучуга өзүнүн кызыгуусун таанып, тажрыйба топтоп, аң-сезимдүү профиль тандоого жана кийинки билим берүү же кесиптик кадамга даярданууга мүмкүнчүлүк берген система түзүү. КЫРГЫЗСТАНДА ПРОФИЛДИК ОКУТУУНУ КИРГИЗҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭТАБЫ БАШТАЛАТ

Профилдик окутуу — окуучунун кызыгуусунан башталып, тажрыйба, аң-сезимдүү тандоо жана компетенттүүлүк аркылуу келечектеги академиялык же кесиптик траекторияга алып баруучу жаңы формат.

 

Бөлүшүү