100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

  • 17.04.2025
  • 0

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президенти

  ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛГО БАГЫТ АЛАЛЫ

“Мурдагыдай түшүнсө-түшүнбөсө дагы эрежелерди жаттоону таштап, алып жаткан билимин турмушта пайдаланууга, кесипке эрте багыт берүүгө басым жасалууда. Дагы бир топ өзгөрүүлөр менен 12 жылдык окуу системасы алгылыктуу деп табылып, ийгиликтерди жаратууда. Мындай шартта биз дүйнө баскан жолго багыт алышыбыз керек керек деп эсептейм. Алгач анын күнгей-тескейлерин талкуулап, максат-милдеттерин аныктап алдык, тиешелүү жоболору бекитилди”.

“Артка кылчайып, тарыхка көз чаптырсак, 3 жылдык, 8 жылдык, 10 жылдык жана 11 жылдык билим берүү системаларын башыбыздан өткөргөнбүз. Азыр болсо дүйнө тынымсыз, күн сайын өзгөрүү жолунда. Дүйнө жүзүндө 150дөн ашуун өнүккөн өлкөдө заман талабына ылайык 12 жылдык билим берүү системасы аркылуу окутуунун мазмуну, билим берүүнүн ыкмалары өзгөрдү”.

“Дүйнөдө технологиялар укмуштуудай ылдамдыкта өнүгүп жатат. Бүгүнкү күндө ар бир окуучуга үйдөн чыкпай эле кошумча билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Мындай шартта, биздин билим берүү системабыз заманбап талаптарга жооп береби деген суроо жаралат. Албетте, биз эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүүгө аракет кылып жатабыз».

«Билим берүүнүн түзүмү гана эмес, мазмуну да өзгөрөт. Заман талабына жооп берген жаңы окуу китептери киргизилет. Окутуунун методикасы дагы өзгөрөт: билимди жаттап алуунун ордуна, окуучулар аны практикалык колдонууга өтүшөт».

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

МАСШТАБДУУ МОДЕРНИЗАЦИЯ МААЛЫ

Кыргызстандын билим берүү чөйрөсү көп жылдардан бери олуттуу кризисте турганы эч кимге жаңылык эмес. 2005, 2009-жылдардагы PISA эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын окуучулары функционалдык сабаттуулукка ээ эместигин, башкача айтканда, алган билимин практикада колдоно албай турганын көрсөтүп, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмуна (ЭКӨУ) кирген өлкөлөрдүн арасында акыркы орунду ээлеген.

Окуучулардын билим жетишкендиктерин улуттук баалоонун (ОБЖУБ) маалыматтары боюнча 4-класстардын окуучуларынын 62 пайызы математикалык сабаттуулукка ээ эмес, ал эми 48 пайыздан ашууну окуй албайт жана окуганын түшүнбөйт. Мындай балдар келечекте татаал маселелерди чече алышпайт жана төмөнкү квалификациядагы жумушка алымсынууга аргасыз болушат.

Эл аралык жана ички баалоолордун жыйынтыктары мектеп бүтүрүүчүлөрү азыркы эмгек рыногунун талаптарына даяр эместигин, сынчыл ой жүгүртүүнүн, окуунун жана маалыматты талдоонун зарыл көндүмдөрүнө ээ эместигин айтып турат.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мектеп билим берүүсү 12 жылга созулат, бул бүтүрүүчүлөргө университеттерде жана эл аралык эмгек рыногунда оңой ыңгайлашууга мүмкүндүк берет. Кыргызстандык окуучулар чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына тапшырууда бирдей эмес шарттарда болуп калышат, анткени көпчүлүк өлкөлөр 12 жылдык окутууну талап кылышат, анан аларга өлкөнүн чегинен сырткары жактарда кошумча бир жыл окууга туура келет.

Кыргызстандагы окуу материалдары жана окутуу методикалары өтө эскирип калды. Мектеп окуучулары теорияны жатташат, бирок аны практикада колдоно алышпайт. Натыйжада кыргыз тилин, англис тилин же математиканы 11 жыл окуп-үйрөнгөндөн кийин деле көпчүлүк бүтүрүүчүлөрдүн билими жарды бойдон калууда.

Азыркы дүйнө колдонмо билимдерди, ийкемдүү көндүмдөрдү, ыңгайлаша билүүнү, лидерликти, сынчыл ой жүгүртүүнү жана санариптик сабаттуулукту талап кылат. Бирок азыркы билим берүү системасы балдарда ушул сапаттарды өнүктүрбөйт.

Мына ушундай себептерден улам өлкөдө билим берүү тармагын масштабдуу түрдө кайра куруу зарылдыгы келип чыкты. Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги окутуунун сапатын жогорулатууга, окуу программаларын модернизациялоого, алдыңкы билим берүү технологияларын киргизүүгө жана мектеп инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн “Алтын Казык” программасын демилгеледи.

Мамлекеттин стратегиялык маанилүү тармагын дүйнөлүк билим берүү системасына теңдештирүү жана заманбап жаңылоо максатында Кыргызстандын өкмөтү 2024-жылы мектептик билим берүүнү 12 жылдык моделге этап-этап менен көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүүнүн концепциясын, иш-аракеттер планын мектептик билим берүүнүн жана мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик жаңы стандартын иштеп чыкты. Анын соңунан мектептик билим берүүнүн предметтик стандарттарын иштөө башталды. Бир эле учурда чет элдик мыкты тажрыйба менен байытылган улуттук жаңы муундагы окуу китептерин чыгаруу иши колго алынууда. Мектеп мугалимдери жапырт билимин жогорулатуу курстарына барып, жаңы көндүмдөргө окуп чыгууда. Мамлекеттик тийиштүү органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаңы моделге көчүүдөн келип чыккан социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык маселелерди чечүүдө. Бишкекте жана башка аймактарда  ондогон жаңы мектептер курулууда.

Ошол эле убакта улуттук билим берүүнүн жаңы моделин киргизүүдө коомчулуктун, ата-энелердин арасында кайсы бир деңгээлде түшүнбөстүк болууда. Айрыкча, олуттуу каршылык азыркы дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдүн багыты менен маанисин түшүнбөгөн, эскирген системанын  жактоочуларынан келип чыгууда. Ар кандай жоромол-божомолдор, терс пикирлер, бурмалоолор эл ичинде чыңалуу жаратууда. Экинчи жагынан мектеп мугалимдеринин өздөрүндө да жаңы модель боюнча толгон токой суроолор келип чыкты. Ошондуктан Билим берүү министрлиги жана билим берүүнүн жергиликтүү органдары бул багытта бардык катмарларга ар кандай форматта жана платформаларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми бул экспресс-маалымдаманын максаты — ата-энелер менен мугалимдерди эң көп ойлонткон суроолорго кесипкөй адистердин жообун алып берүү, жетиштүү маалымат менен камсыз кылуу. Мындай мамлекеттин келечегин аныктаган маанилүү маселеде мамлекет менен коомчулук бир максатта болуп, бир жолдо аракет кылышы абзел. Коомдук консолидация болгон учурда гана  реформалык аракеттер ийгиликтүү ишке ашары калетсиз.

P.S. Ата-энелерден жана мугалимдерден келип түшкөн суроолорго жооптор Билим берүү жана илим министрлигинин расмий билдирүүлөрүнөн, документтерден, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын сүйлөгөн сөздөрүнөн, ЖМКларга берген  маектеринен алынды. Ошондой эле министрдин орун басары Надира Жусупбекова, министрликтин башкы адиси Фариза Солтогулова, Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору, п.и.д., профессор Улан Мамбетакунов, КББАнын президенти Назира Дюйшеева, вице-президенти Мелис Музулманов, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомамбетов  көп суроолорго тийиштүү жоопторду даярдап беришти.

  ОКУУ ПРОЦЕССИН УЮШТУРУУ

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама 

12 жылдык мектеп моделин киргизүүдө балдар мектепке канча жаштан барып окуйт, канча жашында мектепти бүтөт?

— 12 жылдык билим берүү моделинин түзүмүндө нөлүнчү класс биринчи болот, ал эми балдар алты жашынан мектепке барышат. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жаш курагы өзгөрбөйт – ал мурдагы 11 жылдык окутуудагыдай эле калат, 17 жашында мектепти аякташат.

12 жылдык мектепте окуу 2025-2026-окуу жылында башталат. Алты жаштагы балдар (2019-жылы төрөлгөндөр) 12 жылдык мектептин 1-классына барышат.  7 жаштагы (2018-жылы төрөлгөндөр) жана “Наристе” мектепке чейинки билим берүү программасын аяктаган балдар дароо 2-класска көчөт.

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

— 12 жылдык мектеп моделине көчүү мектеп окуучуларынын санынын кыйла көбөйүшүнө алып келет. Азыр ансыз да эл жыш жайгашкан Бишкек, Ош шаарларында окуучулар мектепке батпай жатат. Жетиштүү мектеп салбай туруп, жаңы моделге өтүү өзүн актайбы?

Статистика боюнча 10 жылдын ичинде мектептеги  балдардын саны дээрлик 500 миңге көбөйдү. Ага кошумча миграциянын натыйжасында учурдагы шаар жериндеги мектептердеги балдардын саны нормадан көп.

Бүгүнкү күндө айрыкча шаардык мектептерде ашыкча жүктөм бар: класстар тыгыз, балдар эки, кээде үч смен менен окушат. Бул жаңы маселе эмес, бирок 12 жылдыкка өтүү процессинде бул көйгөй кашкайып көрүнүүдө. Ошондуктан бул мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө турган маселе. Жаңы билим берүү системасын киргизүү мектептерди жана кошумча корпустарды курууну талап кылат.

Азыркы учурда жаңы мектептерди куруу, иштеп жаткан мектептерди кеңейтүү жана оңдоо менен катар альтернативдүү ыкмаларды киргизүү каралууда. Мисалы, мектептер курулуп бүткөнгө чейин 1-класстын балдарын убактылуу бала бакчаларга жайгаштыруу.

Ошол эле убакта соңку жылдары курулуп жаткан мектептердин, билим берүү мекемелеринин саны да кескин өстү. Соңку үч жылда 268 мектеп, 52 бала бакча салынды. Өткөн жылдан бери 190 мектепте жана 110 бала бакчада курулуштар кызуу жүрүүдө.

Эми шаарда аз сандагы балдар окуган мектептер менен ири мектептер оптималдаштырылууда. Учурдагы ички миграцияны эске алуу менен Чүй областына 46 мектеп, анын ичинен Бишкектин тегерегиндеги айылдарга  салынууга титулдук тизме кабыл алынды, а республика боюнча 200 тегерегиндеги мектептердин жаңы имараты курулат.

Бишкекте мектептер чындап эле жетишсиз — анткени азыр Кыргызстандын бардык аймактарынан борборго агылып жатат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Президент кошумча корпустарды жана ири мектептерди куруу демилгесин колдоп, 50 миллион доллар бөлдү.

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

— 11 жылдык система менен салыштырганда, 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыгы кайсылар?

— 12 жылдык мектеп окуучулар үчүн төмөнкүдөй бир катар негизги артыкчылыктарга ээ:

окуу материалдарын тереңирээк өздөштүрүү: 12 жылдык билимге өтүү маалыматты ашыкча жүктөбөй, предметтерди терең окутууга мүмкүндүк берет. Бул материалды жакшыраак түшүнүүгө жана эстеп калууга, сынчыл ой жүгүртүүнү жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет;

кесипти аң-сезимдүү тандоо: окуу убактысынын көбөйүшү окуучуларга билимдин ар кандай тармактары менен жакындан таанышууга, алардын кызыкчылыктарын жана каалоолорун изилдөөгө жана кесиптик багыт алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул келечектеги кесипти аң-сезимдүү жана негиздүү тандоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат;

социалдаштыруу жана инсанды өнүктүрүү: мектепте 12 жылдык билим берүү социалдашууга, класстан тышкаркы иш-чараларга катышууга, лидерликти жана чыгармачылыкты өнүктүрүүгө көбүрөөк шарт түзөт. Бул гармониялуу инсанды калыптандырууга жана бойго жеткенге даяр болууга өбөлгө түзөт;

эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайыкташуу: Окуучулар жогорку класстарда эле (гуманитардык, техникалык, табигый илимдер) болочок кесиптик багытты тандай алышат; Заманбап эмгек рыногу мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн билимди гана эмес, командада иштей билүү, сынчыл ой жүгүртүү, коммуникабелдүүлүк жана креативдүүлүк сыяктуу өнүккөн көндүмдөрдү да талап кылат. ЖОЖдордо окуу мөөнөтү кыскарат: негизги дисциплиналар мектепте үйрөтүлүп, университеттерде студенттер дароо эле өздөрүнүн профилдик предметтерине өтүшөт. Окуучулар мектепти бүтүрөөрү менен негизги кесипти үйрөнө баштайт, андыктан алар кийин эмгек базарындагы атаандаштыкка жөндөмдүү болушат.

стрессти жана чарчоону азайтуу: окуунун ченелген темпи окуучулардын, айрыкча жогорку класстарда стрессти жана чарчоону азайтат;

жогорку билимге ырааттуу өтүү: 12 жылдык билим бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээлин эл аралык стандарттарга жакындатат жана жогорку билимге өтүүнү жеңилдетиши мүмкүн, айрыкча чет өлкөлөрдөгү университеттерде;

окутууну оңдоо жана жекелештирүү мүмкүнчүлүгү: кошумча убакытты окуудагы кемчиликтерди жоюуга, ошондой эле ар бир окуучунун муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жекелештирип окутууга колдонсо болот.

Улуттук жаңы моделдин өзөгүнө улуттук баалуулуктар коюлган. Жаңы модель “Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунда каралган максат-милдеттерге толугу менен шайкеш. Мектептерде таалим-тарбия берүүдө улуттук нарк баалуулуктарына артыкчылык берилет жана жаңы тажрыйбалар менен байытылат. Жарандардын нарк талабына ылайык таалим-тарбияга, заманбап илим-билимге, жогорку маданиятка ээ болуусу жана өнөр-кесип үйрөнүүсү үчүн мамлекет кам көрүүгө милдеттүү.

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

— 12 жылдык билим берүүнүн ар кандай түрдөгү моделдери бар. Кыргызстан кайсы моделин тандап алды?

— Кыргызстан үчүн көп талкуудан кийин 6+3+3 мектеп модели тандалып алынды. Башталгыч билим берүү 1-6-класстар (6-11 жаш), негизги жалпы билим берүү 7-9-класстар (12-14 жаш), орто жалпы билим берүү 10-12-класстар (15-17 жаш).

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

Башталгыч мектепте балдар алты жаштан мектепке бара баштайт. Бул тандоо, биринчи кезекте, социалдык көндүмдөрдү, функционалдык сабаттуулукту жана андан ары билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизи катары башталгыч билим берүүнүн сапатын олуттуу жакшыртуу, ошондой эле мектепке чейинки ар кандай даярдыгы бар балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө зарылчылыгы менен аныкталды.

Балдарды 6 жаштан мектепке кабыл алуу бала бакчаларды жеңилдетип, 4-5 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтууга шарт түзөт. Бул алардын таанып-билүү, социалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн жаштайынан өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Кыргыз Республикасы үчүн сунушталып жаткан 12 жылдык моделде  ортоңку жана жогорку класстарда  үч жылдык (3+3) билим берүүнүн узактыгында  жогорку класстарда  профилдик билим берүү киргизилип, окуучулар конкреттүү кесипке багыт алышмакчы. Жогорку класстарда  үч жылдык  билим алуу тɵмɵндɵгүлɵргɵ мүмкүндүк берет:

— окуучуларды ашыкча жүктөбөстөн, аларга адистештирилген билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөр жана ЖОЖдо окууга мотивация түзүү;

— мектепте окулуучу жалпы кесиптик предметтерди кайрадан жогорку окуу жайларда окутпай,  кесиптик-техникалык билим берүүнүн деңгээлинде бакалавриатта окуу мөөнөтүн бир жылга кыскартуу.

9-класстан кийин башталгыч жана орто билим берүүгө өтүүнү пландаган окуучулар 8-9-класстарда кесиптик даярдыктан өтүшөт. Билимдин базалык деңгээлинде бүтүрүү курагы 14-15 жашты түзөт, бул аларга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык окуу менен иштөөнү айкалыштырууга мүмкүндүк берет.

—  12 жылдык мектеп моделине өтүүгө тийиштүү деңгээлде даярдык болгондо гана ийгиликтүү жүрөт эмеспи. Мектептер, мугалим, окуу китеп жетишпей жатканда, бул иш тескери натыйжа берип калбайбы?

— Окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер кыйналып калбашы үчүн 12 жылдык билим берүүгө өтүү этап-этап менен жүзөгө ашырылат. Билим берүү министрлиги мектептик билим берүүнүн мамлекеттик жаңы стандартын иштеп чыкты, предметтик стандарттарды жана заманбап окутуу усулдарын иштеп чыгууда. Ошондой эле мектепте иштеп жаткан мугалимдердин баары кайра даярдоодон өтүп, заманбап окуу усулдарын өздөштүрүүдө. Мектептерге  заманбап технологияларды киргизүү дагы реформаны колдоо болуп саналат. Ошондой эле жетиштүү инфраструктура менен камсыз кылуу маселеси дагы азыр мамлекеттин көңүл чордонунда туруп, тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

— 12 жылдык моделди киргизүүнүн эң башкы максаты мектептеги билим берүүнүн сапатын көтөрүү эмеспи. Бул кантип ишке ашат?

—  “Алтын Казык” программасы гармониялуу инсанды тарбиялоону, ар бир адамдын потенциалын ачууну, практикада колдонула турган билимди жана компетенттүүлүктү калыптандырууну камсыз кылат. Бул максатта мектептик билим берүүнүн структурасы гана эмес, мазмуну дагы заманбап талапка ылайык жаңыланууда.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 токтому менен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилди. Эми Мамстандарттын негизинде предметтик стандарттар, окуу программалары жана окуу китептери иштелип чыгууда, алардын максаты мектептик билим берүүнүн мазмунун сапаттык өзгөртүү болуп саналат.

Бул өзгөрүүлөрдүн алкагында мугалимдер практикага багытталган технологияларды, баарынан мурда STEM-билим берүү программаларынын алкагында өздөштүрүшөт. Бул технологиялар ийгиликтүү билим берүү системасы бар өлкөлөрдө кеңири колдонулат.
Бардык класстар үчүн математика, табият таануу, физика, химия, биология жана англис тили боюнча окуу материалдары толугу менен жаңыланууда.

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

Догдургүл Кендирбаева, КР билим берүү жана илим министри:

“Кыргызстанда окуу материалдары жана окутуу усулдары абдан эскирген. Мектеп окуучулары теорияны жаттап, бирок аны практикада колдоно албайт. 11 жыл кыргыз, англис тилин же математиканы окуса да, көптөгөн бүтүрүүчүлөр бул предметтерден талаптагыдай деңгээлге жетпей жатканы кейитет. Заманбап дүйнөгө аралашуу үчүн колдонмо билимдер, ийкемдүү көндүмдөр, сынчыл ой жүгүртүү жана санариптик сабат болушу зарыл. Бирок азыр биздеги билим берүү системасы бул милдетти аткарууга жарабайт». («Кут Билим», 10-март 2025).

— 1-6-класс башталгыч класс болгондуктан, 1-классты алган мугалим 6-класска чейин окутабы же 4-класста башка мугалим окутуп, класс жетекчиси болобу?

— 1-6-класс — мектепте билим берүүнүн биринчи этабы, б.а. башталгыч класстар. 1-4-класстарда мурункудай эле 1 мугалим болот.  5-6-класстарда жогорку класстын мугалимдери сабак бере алат, анткени жогорку класстарда математика, алгебра жана геометрия болуп бөлүнөт. Аны башталгыч класстын мугалими эмес, математика мугалими окута алат (башка сабактар сыяктуу). Класс жетекчиси 1-4-класста  — бир мугалим, 5-6 — класста предметтик мугалим болушу мүмкүн. Кайра даярдоодон өтүп келгенден кийин башталгыч класстын мугалимдери келечекте ошол эле математикадан 6-класска чейин сабак бере алышат.

— 12 жылдык билим берүүдө кесипке багыт берүү, технология жана көркөм өнөр сабактарынын тагдыры кандай болот?

— 12 жылдык билим берүүдө кесипке багыт берүү багытында технология жана көркөм өнөр предметтери интеграцияланып, жаңыча “Көркөм өнөр жана технология” деп аталып, башталгыч 1-6-класстарда жумасына эки сааттык жүктөм менен окутулары такталды. Учурда аталган сабактын предметтик стандарты жазылууда. Мурда 2011-жылга чейин көркөм өнөр, технология предметтеринин окуу китептери жана методикалык колдонмолор жазылбай, жетишсиз болуп келгендиги ачуу чындык. 2011-2025-жылдардын аралыгында мектептер көркөм өнөр предметинин 1-2-3-4-5-6-класстары, технология предметинин 5-6-класстарынын окуучулар үчүн окуу китептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жазылып, ийгиликтүү колдонулууда.

-Азыр жаңы технологиялардын доору. Акылдуу технологиялар билим берүүгө байма-бай кирип жатат. Ошого жараша мугалимдер дагы технологиялык өнүгүүлөрдөн артта калбашы керек. Бул жагынан мугалимдерге мамлекеттен кандай колдоо болот?

— Мектеп мугалимдеринин технологиялык кубатын чындоо максатында ноутбук бериле баштады. Каракол шаарындагы 200 мугалим биринчи болуп алып, ноутбуктардын бышыктыгын сынап жатат. Сын пикирлер ноутбукту чыгарып жаткан компанияга берилет. Кемчиликтер эске алынып, жакшыртылган соң,  бардык мугалимдер “Алтын Казык” ноутбугу менен камсыз болот.

“Санарип кампа” платформасы иштеп жатат. Бул платформа Кыргызстанда улуттук билим берүүнүн жаңы модели кирип жатканда мыкты табылга. Ал мугалимдерге жана окуучуларга сапаттуу, жеткиликтүү, интерактивдүү жана заманбап билим берүү материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде жеткирет.

Анда мугалимдер табигый илим предметтери (STEM) — математика, физика, биология, химия жана география боюнча кошумча окуу материалдарын тапса болот. Бул платформа билим берүү процессин санариптештирүүгө, жеткиликтүүлүгү менен сапатын жогорулатууга багытталган. Ошондой эле мугалимдер жана окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Мугалимдин убактысын үнөмдөп, ишин жеңилдеткен акысыз кампа.

Мугалимдер платформадагы маалыматтарды колдонуп гана тим болбостон, окуу пландарын, тесттерди, үй тапшырмаларын жасалма интеллекттин жардамы менен даярдоого мүмкүнчүлүк алат.

Окутуунун 5Е модели деген эмне, ал башка методикалардан эмнеси менен айырмаланат?

— Бул окуучуларга билимди натыйжалуу өздөштүрүүгө жардам берүүчү заманбап окутуу ыкмасы болуп саналат. Бул модель: кызыктыруу,  изилдөө, түшүндүрүү, кеңейтүү жана баалоо деген беш этаптан турат. Бул моделдин эң башкы артыкчылыгы — окуучулар билим алуу процессинде активдүү катышуучулардан болушат. Окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталгандыктан окуучулар топтордо иштеп, бири-биринен үйрөнүшөт. Алардын билимди өздөштүрүү деңгээли жогорулап, темаларды терең түшүнүшөт.

— Инклюзивдик билим берүү жөнүндө айтылган сөз көп, аткарылган иш аз болуп келатат?

— Инклюзивдик билим берүү – бул өзгөчө билим берүү керектөөлөрү бар балдар менен иштөө гана эмес. Бул мигранттардын балдарын, калктын социалдык жактан аярлуу катмарларын, таланттуу балдарды жана окутуудагы кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандарды да колдоо. Окуучулардын бардык категорияларынын керектөөлөрүн эске алуучу эксперименталдык билим берүү стандарттары, окуу пландары жана программалар иштелип чыгууда.

— “Алтын Казык” программасынын негизги багыттары кайсылар?

— Программа үч негизги багытта ишке ашууда:

Инфраструктураны өнүктүрүү — заманбап класстарды, окуу жайларын жана мектептерди куруу, техникалык жабдууларды жаңыртуу; окуу мазмунун реформалоо — билим берүү стандарттарын, окуу программаларын, окуу китептерин жана усулдук колдонмолорду жаңылоо; мугалимдерди жана мектеп жетекчилерин кайра даярдоо — жаңы технологияларды өздөштүрүү, педагогикалык квалификацияны жогорулатуу.

Бул өзгөрүүлөрдүн өзөгүн окутуу методикасынын жаңыланышы түзөт. Билим берүүдө эки негизги түшүнүк бар: Билим алуу же билим берүү (information acquisition) — адам керектүү билимди алат, бирок ал ар дайым турмуштук жүрүм-турумга таасир эте бербейт;

Өзгөрүү (transformation) — алынган билим адамдын көз карашын, жүрүм-турумун жана жашоо образын өзгөртөт. Мисалы, көпчүлүк тамекинин жана алкоголдун зыянын жакшы билгени менен, ага карата жүрүм-турумду өзгөртпөйт. Демек, билим берүү процесси жөн гана маалымат берүү менен чектелбестен, инсандык өнүгүүнү жана коомдук жүрүм-турумду өзгөртүүгө багытталышы керек.

 —  Мектептик билим берүүнүн структурасы менен катар бирге анын мазмунунда дагы жаңылануу зарыл эмеспи. Мектептик билим берүүнүн мазмуну кандай өзгөрөт?

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыгып, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы №131 Токтому менен бектилди. Анын негизинде предметтик стандарттар, окуу программалар кайра каралып, жаңыртылып жатат. Ошондой эле  жаңы муундагы окуу китептери иштелип чыгат. Жаңыртуу процессинде предметтердеги эскирген темаларды жана актуалдуу эмес маалыматтарды жок кылуу максатында предметтердин мазмундары дагы кайра каралып чыгат. Бул өзгөрүүлөр бардык предметтерде акырындык менен, Кыргыз билим берүү академиясынын корутундусу менен ишке ашырылат.

Жаңы билим берүү стандарттары, заманбап окуу программалары; илимге, технологияга, инженерияга жана математикага өзгөчө басым жасоо менен дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташкан заманбап окуу китептери; PISA жана TIMSS изилдөөлөрүндө биринчи орунду алган өлкөлөрдөн алынган STEM окуу китептерин улуттук контекстке ылайыкташтырып басып чыгаруу – башкы багыттардын бири.

— Улуттук нукта тарбиялоонун окуучулар арасындагы суицидди, эрте төрөп коюуну, мушташты токтотуу үчүн мааниси чоң. Жаңы моделде ушулар каралганбы?

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 654 токтому менен кабыл алынган Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында  биринчи жолу адамдын баалуулуктары билим берүүнүн жана тарбиялоонун бүтүндөй процессинин өзөгү катары каралган. «Жалпы билим берүү философиясы» аттуу жаңы 2-глава киргизилди; окуучулардын төрт негизги компетенттүүлүктөрү (таанып-билүүчүлүк-ишмердүүлүк, социалдык-коммуникативдик, маалыматтык-санариптик, эмоционалдык-инсандык) кайра каралып чыкты жана жаңыртылды.

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

— 12 жылдык билим берүүдө мектепте окутула турган сабактардын  көлөмү да өзгөрө турганы айтылууда. Сабактар кыскарып кетсе, ошол предметтин мугалимдери ишсиз калабыз деп тынчсызданууда.

— Предметти толук алып салуу болбойт. Жаңы предметтер үчүн убакыт бөлүп берүүгө же башка предметтерди тереңирээк окутуу үчүн белгилүү бир дисциплиналарды окутууга чектелген сааттар кыскарышы мүмкүн.  Окутулуп жаткан предметтердеги  эскирген жана актуалдуу эмес маалыматтарды жок кылуу максатында мазмуну кайра каралып чыгат. Бул өзгөрүүлөр бардык предметтер боюнча дароо эмес, акырындык менен болушу мүмкүн экенин белгилей кетүү керек.

— Жаңы моделге көчкөндө мектеп программасында кайсы предметтер интеграцияланат?

— Жаңы предметтерди киргизүү жана учурдагы предметтерди өзгөртүү же интеграциялоо мугалимдерди даярдоо жана керектүү окуу материалдары менен камсыз кылуу менен коштолот. Окуу планына конкреттүү өзгөртүүлөр Кыргыз билим берүү академиясынын расмий корутундусунан кийин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан коомдун керектөөлөрүн талдоонун негизинде кабыл алынат.

— 480 саат “Наристе” программасынан өткөн балдар мектепте кайсы программа менен улантып окуйт? 

— 480 сааттык “Наристе” мектепке даярдоо программасынан өткөн 7 жана 6 жаштагы балдар жаңы окуу жылында 2-класска барышат. 1-2-класстар жаңы мазмундагы окуу программалар жана окуу китептери менен камсыздалат.

— Балдардын мектептеги тамактануусу азыркы деңгээле сакталабы же өзгөрөбү?

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 402-тескемесине ылайык, 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануусу сакталат.

— Баланы алты жаштан мектепте окутуу канчалык ойлонулган чечим?

Бул суроого жооп катары Kыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илиминин доктору Акматали Алимбековдун “Кут Билимге” жарыялаган макаласынан үзүндү сунуштайбыз.

«12 жылдык билим берүүдө көпчүлүктү түйшөлткөн негизги маселелелердин бири — «Балдарды 6 жаштан окутуу эрте эмеспи?» деген суроо.

Буга байланыштуу дүйнө алкагындагы илимий-практикалык тажрыйбаларга кайрыла кетүү зарылдыгы бар. Мезгилинде бул маселе тууралуу атайын изилдөө жүргүзгөн дүйнөлүк психологиянын залкар өкүлү Л.С.Выготский германиялык жана америкалык тажрыйбаларды  үйрөнүү менен бирдикте аны москвалык изилдөөлөр менен салыштырып олтуруп, 7-8 жаштагыларга караганда 5-6 жаштагыларды сабаттуулукка үйрөтүү кыйла жеңил болоорун далилдеген.

Балдарды алты жаштан окутууну баштоонун реалдуулугун  физиология илиминин жетишкендиктери да  ырастайт.  Физиологдордун айтуусунда бала төрөлгөндө анын мээсинин салмагы болжол менен 340 граммды түзөт жана алгачкы бир нече жыл ичинде ал укмуштуудай ылдамдыкта өсөт. Биринчи жылдын аягында анын салмагы болжол менен 1100 граммга жетет. 5 жашында баланын мээсинин салмагы чоңдордун мээсинин салмагынын 90%  түзөт. Мээнин көптөгөн структуралары да олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп, жетилүүнүн белгилүү этаптарынан өтөт. Мээ кыртышынын болушу адамды жаныбарлардан айырмалап турат. Биздин жогорку акыл жөндөмдүүлүктөрүбүз – ой жүгүртүү активдүүлүгүбүз, эс тутумубуз, тил жөндөмүбүз, математикалык ой жүгүртүүбүз үчүн – мээ кыртышынын өнүгүшүнө милдеттүүбүз.  Учурда дүйнөнүн көпчүлүк тилдерине которулуп практикалык колдонмо катары колдонулуп келе жаткан жапон Масару Ибуканын теориясы боюнча бала үч жашка чейин өнүгүүнүн эбегейсиз жолун басып өтөт. Маанилүүлүгү боюнча аны адамдын калган өмүрү менен салыштырууга болот. Адамдын мээси жашоонун алгачкы үч жылында укмуштуудай ылдамдыкта өнүгөт. Дал ушул эрте куракта нейрон байланыштарынын негизги бөлүгү клеткалардын ортосунда түзүлөт. Кийинки ийгиликтүү окуу үчүн зарыл болгон бекем пайдубалды түзүү үчүн бул убакытты текке кетирбөө керек. Ошондуктан  гениалдуу жазуучу жана педагог Л.Н. Толстой «Балалык – бул адамдын пайдубалы. «Беш жашар баладан мага чейин бир гана кадам, ал эми ымыркайдан беш жашар балага чейинки аралык жүрѳк түшүрткүдѳй алыс. Карылыктын бир жылы – он эки эле ай,  балалыктын бир жылы – доор” деп жазып олтурат.

Бала дайыма эртерээк чоңоюшун самап, эртерээк окууну каалайт. Ошону менен бирдикте алты жашар баланын окуучулук  ролду жеткиликтүү аткарып кетүү үчүн окуу ыкмаларын үйрөнүүдөн тышкары социалдык-адептик көндүмдөрдүн белгилүү бир деңгээлин өздөштүрүүсү абзел. Айталы алты жаштагы бала мектеп босогосун аттаганда эле, ойноп жаткан оюндарын таштап дароо окуучулук милдетти аткарууга көңүл топтой албайт.

Ш.А.Амонашвили адилет белгилегендей, алты жаштагы бала  мектепке окуу үчүн гана эмес, жолдошторуна жолугуу,  алар менен бирге ойноо, жаңылыктарды ортого салуу, жаңы оюнчуктар менен ойноо максатында келет.  Буга байланыштуу башталгыч класс мугалими бир эле мезгилде балдар бакчасынын тарбиячы педагогуна таандык компетенттүүлүктөргө да ээ болушу талап этилет. Ал балдарга талап коюу менен бирдикте алардын табиятын даанышмандык менен ичтен түшүнүп, мээрмандык менен мамиле кылып жолдошчулуктун маанайын түзө алышы абзел.  Ошондуктан балдарды алты жаштан окутууну баштоону алар  алар менен иштеген мугалимдердин компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүү иши менен туташ биримдикте кароо абзел.

2014-жылы  сингапурдук мугалимдердин, мектеп директорлорунун, ата-энелеринин, окуучуларынын жана илимпоздорунун арасында  жүргүзүлгөн  сурамжылоо иштеринин натыйжасында  мугалимдин эң маанилүү 10 сапатынан ичинен алардын окуучуларга гумандуу мамилеси жана алардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн таануусуна артыкчылык берилген».

—  1-класстын жүктөмү канча саат болот?

— Кыргыз Республикасынын Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык 1-класстар үчүн окуу жүктөмү жумасына 21 саатты түзөт.

— Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик жаңы стандартында кандай жаңы өзгөртүүлөр бар?

—  Мектепке чейинки билим берүү стандартынын максаты — сапаттуу мектепке чейинки билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу; жашоону коргоо жана ден соолукту чыңдоо, балдардын жекече муктаждыктарын жана курактык өзгөчөлүктөрүн, социалдык ыңгайлашуусун жана мектепте окууга психологиялык даярдыгын эске алуу менен өнүктүрүү.

Мектепке чейинки стандартты түзүү алдында министрлик тарабынан мазмуну боюнча жөнөкөй тарбиячыга, ата-энеге ж.б. бардык адамдар үчүн түшүнүктүү болсун жана көлөмү жактан кыскартылсын деген тапшырма эске алынды.

Эӊ негизгиси мектепке чейинки билим берүү философиясы — жашоону өз алдынча жана жоопкерчиликтүү тандоого, чыгармачылык менен өзүн көрсөтүүгө, коомдо натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жана өлкөнүн турмушуна активдүү катышууга жөндөмдүү инсанды калыптандырууга багытталган. Мамлекеттик стандарт зарылчылыкка жараша кайра каралат, толукталат жана актуалдаштырылат.

— Улуттук билим берүүнүн жаңы модели  деген эмне?

Мелис Музулманов, Кыргыз Билим берүү академиясынын вице-президенти:

— Улуттук билим берүү модели — бул дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын, ошондой эле өзүбүздүн улуттук менталитетти, улуттук өзгөчөлүктү жана өлкөбүз бараткан стратегиялык максаттарды эске алуу менен иштелип чыккан окуу системасы.  Дүйнөнүн 150 өлкөсү: АКШ, Сингапур, Финляндия, Грузия, Казакстан балдарын ушул модель менен окутат. Бул маанилүү кадамга барууда биз жарандык иденттүүлүктү калыптандыруучу «Кыргыз жараны» концепциясына, акыркы убактарда абдан актуалдуу болуп бараткан «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолуна, Кыргыз Республикасынын 2023-жылы өзгөртүлгөн «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына жана «Алтын Казык» Кыргызстандагы билим берүүнү трансформациялоо программасына таяндык. Ушулар жетекчиликке алынып, улуттук билим берүү модели иштелип чыкты. Анда учурдагы стандарттар өзгөртүлүп, адистештирилген класстарды уюштурууга көңүл бурулат. Бул кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдүн аттестатын чет мамлекетте таанууну жеңилдетет.

— Англис тили кайсы класстан баштап окутулат? Кайсыл авторлордун китептери колдонулат?

— Англис тили мурункудай эле 3-класстан баштап 12-класска чейин окутулат. Англис тили мектептерде Маршал Кавендиш басма үйүнүн китептеринин негизинде окутула баштайт. «Окуу китеби» басма үйүнүн маалыматына ылайык, учурда ал китептер адаптацияланып, басууга даярдалууда.

— Окуу жүктөмүндө кандай өзгөрүүлөр болот?

— БОП башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү боюнча окуу предметтеринин тизмесин жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша окуу жүктөмүнүн көлөмүн белгилейт, бирдиктүү педагогикалык процессти уюштурууга жана жүргүзүүгө карата талаптарды ишке ашырат.

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

Жаңы муундагы окуу китептеринин көлөмүнө жараша ар бир класска окуу жүктөмү аныкталат. Базистик окуу планында сааттардын көлөмү олуттуу өзгөрүүгө учурабайт. Сааттардын жүктөмүндөгү өзгөрүүлөр негизинен жогорку класстарда болот,  анткени профилдик окутуу киргизилет. Аларда милдеттүү сааттар азаят. Мисалы, мурун окуучу 30 саатты кааласа, каалабаса да окуган болсо, эми 10-11-12-класска келгенде, бул 20, 18 саатка түшөт да, калган 10 саат, 8 саат ошол окуучу тандаган профилге ылайык, мисалы, инженерияны тандаса, анда физика, математикага, эгер медицинаны тандаса — химия, биологияга, ал эми гуманитардык багытты тандаса, социалдык предметтерге көбүрөөк саат берилет.

Мектеп мугалимдеринин колун байлаган кагаз иштери көп болууда. Мугалимдер сабакка жакшы даярданып, кесиптик өнүгүүгө көбүрөөк убактысы болушу керек. Отчетттулук бюрократиясын азайтуу үчүн кандай чаралар көрүлөт?

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жүргүзүп жаткан бюрократиядан арылуу саясатынынын алкагында, Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерден талап кылынган отчетторду кыскартуу жана оптималдаштыруу боюнча системдүү ишке киришти.

Мугалимдер үзгүлтүксүз тапшырууга милдеттүү болгон бардык түрдөгү отчеттор кылдат анализден өткөрүлүүдө. Бул максатта атайын жумушчу топ түзүлүп, анын курамына жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү — мектеп директорлору жана орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, билим берүү тармагындагы эксперттер жана министрликтин кызматкерлери кирди.

Жумушчу топтун максаты — ар кандай мамлекеттик органдар республикалык, облустук жана райондук деңгээлде кайсы багыттар боюнча кандай отчетторду талап кыларын аныктоо жана министрликтин отчеттук маалыматтарга болгон ички муктаждыгын изилдөө. Бул кайталанган жана натыйжасыз документацияны жоюуга багытталган.

Белгилей кетсек, 2022-жылы министрлик Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен бир катар отчеттук формаларды жоюу демилгесин көтөргөн. Жаңы демилге бул процессти улантууга багытталып, санариптештирүү жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча жалпы саясат менен шайкеш келет.

Учурда иштер төмөнкү багыттар боюнча жүрүп жатат:

  • «Э-Күндөлүк” платформасы аркылуу бардык отчетторду электрондук форматка өткөрүү;
  •     Мектептердин күнүмдүк ишмердүүлүгүндө чогултулган маалыматтардын негизинде отчетторду автоматтык түрдө түзүү;
  • Маалыматтар санариптик системада бар болсо, таблицаларды жана формаларды кол менен толтурууну жоюу;
  • Башка мамлекеттик органдар үчүн зарыл болгон маалыматтарга жеткиликтүүлүктү онлайн режимде камсыз кылуу.

“Э-Күндөлүк” электрондук күндөлүгүн ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн мугалимдер бааларды жана эскертүүлөрдү өз убагында электрондук журналга киргизип турушу зарыл, ал эми мектеп жетекчилери инфраструктура жана башка параметрлер боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңылап туруусу керек. Бул системага мугалимдерге кошумча жүк жүктөбөстөн отчетторду автоматтык түрдө түзүүгө мүмкүндүк берет.

Аталган чаралар мугалимдердин административдик жүгүн бир топ жеңилдетип, билим берүү системасындагы документ жүгүртүүнүн натыйжалуулугун арттырат.

—  12 жылдык моделге көчкөндө мектеп программасында кайсы предметтер интеграцияланат?

— Айрым предметтер интеграцияланышы каралууда. Учурда Базистик окуу планы иштелип жатат. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылып, бекитилгенден кийин гана интеграцияланган предметтер боюнча так маалымат берүүгө болот.

— Аскердик тарбияга абдан көңүл буруп, ар бир мектепте көрсөтмө куралдар ( автомат, противогаз, медкаражаттар, гранаталар ж.б.) колдонмолор болушу жана аскердик билими бар адис сабак бергидей болсо. Бул сунуш эске алындыбы?

— Аскерге чейинки даярдык предметинин предметтик стандарты иштелип чыгып, бекитилгенде окутуудагы талаптар, керектүү жабдуулар так болот.

— 1-6-класс башталгыч билим берүү болгондо, азыркы 4-классты бүтүргөн мугалимдер 5-6-классты дагы окутабы?

— 12 жылдык билим берүүнүн концепциясына ылайык, азырынча 5-6-класстарды предметтик мугалимдер окутушат. Башталгыч класстын мугалимдери кайра даярдоо курстарынан өткөндөн кийин бул маселе такталат.

— Быйылкы секирген 5-класска жана  8-класска эки башка программа менен сабак өтүлөбү?

— 12 жылдык билим берүүгө өтүү этаптары боюнча билим берүү жана илим министринин орун басары Н.С.Жусупбекованын 2025-жылдын 19-мартында № 02-38/45 катына караганда, тобокелчиликтерди эске алуу менен жаңы моделдин долбоору сунушталууда. Ага ылайык, 2025-2026-окуу жылында 0-класстын 2-класска өтүшүнөн башка секириктер жок болот.

— 2025-2026- окуу жылында мектептер эки программа менен окутабы?

— Ооба, бир гана 2025-2026-окуу жылында эле эмес, 2028-2029-окуу жылына чейин мектептеги айрым класстар 12 жылдык билим берүү программалары менен окутулса, айрым класстар 11 жылдык окуу программалары менен менен окутулат.

— 2018, 2019-жылкы балдар мектепке келсе, канча кошумча класс ачылышы керек жана канча мугалим даярдалат?

— 1-класска келген балдарды камсыздоо үчүн кошумча 2 452 класс ачылат, 3 800дөй мугалим керек болот. Анткени мурда бала бакчалардын базасында мектепке даярдоо программаларынан өткөн 13,6 миң бала эми мектепте 1-класста окуп калат. Буга кошумча жылына 35,6 миң бала мектепке даярдоо программаларына тартылбай келген. Кошумча класстар жана мугалимдер ушулар үчүн керек болот.

Жогорку класстарда кесипке багыттап окутуу

— Профилдик окутуунун жана жумушчу кесиптерге үйрөтүүнүн артыкчылыктары эмнеде?

Практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү: Жумушчу кесиптерге үйрөтүү практикалык даярдыкты камтыйт. Бул окуучуларга теориялык билимди практикада колдонууга жана келечектеги кесипке керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жардам берет.

Кесип тандоонун көбөйүшү: Профилдик окутуу окуучуларга өз кызыгуусу жана жөндөмдүүлүгүнө ылайык багыттарды тандоого мүмкүнчүлүк берет. Бул келечектеги кесипти аң-сезимдүү тандоого шарт түзөт.

Жаштар арасындагы жумушсуздукту азайтуу: Түрдүү тармактар боюнча квалификациялуу адистерди даярдоо жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет, анткени бүтүрүүчүлөр эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөргө ээ болушат.

Экономикалык өсүшкө өбөлгө: Жумушчу кесиптерге үйрөтүү экономиканын негизги тармактарынын өнүгүшүнө салым кошот. Бул өз кезегинде экономикалык өсүшкө жана өлкөдөгү жашоо сапатынын жогорулашына алып келет.

Билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча демилгени колдоо: Профилдик окутууну киргизүү – Кыргызстандагы билим берүү системасын модернизациялоо боюнча жалпы стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат. Анын максаты – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана заманбап стандарттарга шайкеш келтирүү.

Профилдик окутуу Кыргызстандын мектептеринде жаштарды келечектеги кесиптик жашоого даярдоодо маанилүү ролду ойнойт жана коомдун өнүгүшүнө жалпы түрдө салым кошот.

— 10-12-класстарда кесипке даярдоодо мектептердин материалдык-техникалык базасы даяр болобу? 

— Билим берүү жана илим министрлиги методикалык коштоону ишке ашыруу менен кесиптик лицейлерде окутуунун сапатын жакшыртууга активдүү көмөк көрсөтөт. Заманбап методикаларды киргизүү жана окуу программаларын жаңыртуу билим берүүнүн заманбап эмгек рыногунун талаптарына шайкештигин камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет, анткени лицейлердин бүтүрүүчүлөрү курулуш, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, коомдук тамактануу, тейлөө жана башка тармактарда талап кылынган квалификациялуу кадрлар болуп калышат. Башталгыч кесиптик бардык билим берүү уюмдарында ар түрдүү кесипке багытталган сапаттуу билим алууга шарттар түзүлгөн. Ошондой эле материалдык-техникалык базалары заманбап жабдуулар менен жабдылган.

— Бүтүрүүчүлөр окуган кесиптер боюнча атайын документ алышабы?

— Азыркы учурда башталгыч кесиптик билим берүү системасынын окуу жайларында профилдик окутууну киргизүүнү даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Орто мектептердин жогорку класстарынын окуучуларын профилдик окутуу үчүн сунуш кылынган 76 квалификациядан турган кесиптердин тизмеси түзүлдү. Профилдик окутууну аяктагандан кийин орто мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына тиешелүү кесиптик квалификация ыйгарылат жана мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет.

— Профилдик окутууда кандай кесиптер сунушталат?

— Азыркы учурда мектеп окуучулары үчүн профилдик окууга 70тен ашуун кесип сунушталат: Имараттарды жасалгалоо боюнча устаты; кургак курулуш боюнча устаты; слесарь- сантехник; маалыматтык технологиялар коопсуздугу боюнча адис; маалымат базалары боюнча адис; графикалык дизайнер; автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь; кийим кесүүчү; тигүү жабдууларынын оператору; тикмечи; кестечи (вышивальщица); басма жабдууларынын оператору; китеп чогултуу боюнча адис (переплетчик); ашпозчу-кондитер; тез даярдалуучу тамак тармагынын кызматкери; официант-бармен; нан жана камыр азыктарын даярдоочу; туристтик маршруттардын коштоочусу; айыл чарба өндүрүшү боюнча устачы (фермер); мал чарбачылыгы боюнча устачы (фермер); токой чарбачылыгы боюнча устачы; визажист; компьютер жана кеңсе техникасын оңдоо жана тейлөө боюнча устачы; мобилдик телефон, смартфон жана планшетти оңдоо жана тейлөө боюнча устаты; бакча-парк жана ландшафт курулушу боюнча устаты; мобилдик телефон, смартфон жана планшетти оңдоо жана тейлөө боюнча устаты; чачтарач жана тырмак сервиси боюнча устат ж.б..

— Мектептерде жогорку класстарда профилдик окутуу киргенде кесиптик лицейлердин орду кандай болот?

—  “Алтын Казык” программасынын негизги максаты — кыргызстандык улан-кыздардын дүйнөлүк деңгээлдеги билимге жана көндүмдөргө ээ болуп, өздөрүнүн потенциалын толук өнүктүрө алышы саналат. Негизги милдет дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек.    Бул программаны ишке ашыруу үчүн кесиптик лицейлер 10-11-12-класстардын окуучулары үчүн окуу өндүрүштүк комплекстер катары кызмат кылат. Профилдик билим берүүнү киргизүү пландаштырылып жаткан 12 жылдык окутууга өтүү шарттарында башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын туруктуулугу жана сакталышы өтө маанилүү. Анткени кесиптик лицейлерде бүтүрүүчүлөргө аттестат менен бирге жумушчу кесиптер боюнча квалификацияга ээ болууга мүмкүнчүлүк бере турган профилдик окутуу уюштурулат.

Профилдик окутуу окуучуларга заманбап жумуш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык жумушчу кесип  жана жөндөмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул алардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн арттырат.

ЖАҢЫ ФОРМАЦИЯДАГЫ ПЕДАГОГДОРДУ ДАЯРДОО ЖАНА КАЙРА ДАЯРДОО 

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

Билим берүүнүн жаңы модели кирип жатканына байланыштуу мектеп мугалимдерине коюлуп жаткан жаңы талаптар кайсылар?

— Азыркы тез өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү жаңы кесиптерди жана заманбап көндүмдөрдү эске алып, квалификациялардын системасын кайра карап чыгуу, ошондой эле мугалимдер жана окутуучулар санариптик доорго жана глобалдык өзгөрүүлөргө шайкеш келүүсү үчүн алардын кесиптик стандарттарын кайра карап чыгуу зарыл болууда.

Билимге таянган экономикадан инновациялык экономикага өтүү адистерден жана педагогдордон жаңы көндүмдөрдү талап кылат. Педагог коммуникация, креативдүүлүк, командалык жумуш, сынчыл ой жүгүртүү, санариптик көндүмдөр сыяктуу заманбап компетенцияларга ээ болууга тийиш. Ал окуу китеби теориянын 20 пайызын жана педагог окуучулар менен ишке ашырууга тийиш болгон өз алдынча интерактивдүү иштин 80 пайызын камтыйт дегенге даяр болушу керек.

Жаңы бекиген мамлекеттик билим берүү стандартында заманбап педагогдун өзөгү боло турган улуттук баалуулуктар жана социалдык-инсандык компетенциялар (жоопкерчилик, абийирдүүлүк, коммуникация ж.б.) аныкталган. Ошону менен бирге мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде универсалдуу компетенциялар (тилдик жана санариптик), ошондой эле кесиптик компетенциялар (окутуу методикасын, психологиялык аспектилерди билүү жана билим берүүдөгү инновацияларды колдонуу) калыптанат.

Педагогика багытында окуп келген жаш адистердин даярдыгы төмөн болуп жатканы жаңылык эмес. Бул кемчиликти оңдоонун кандай чарасы көрүлүүдө?

— Мамлекет педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатына да, санына да орчундуу көңүл бурууда, бир катар чараларды көрүүдө.  2024-жылы жогорку окуу жайларына педагогикалык кесипке кабыл алууга 2000 мамлекеттик гранттык орун берилип, ЖРТ босого баллы 120га көтөрүлгөн. Быйыл босого балл дагы жогорулатылып, 125-130 балл болору айтылган. Анын ичинде, мамлекеттик  грантка 130, контракка 125 балл.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 383 токтому менен жумуш ордунда окутуу жөнүндө жобо бекитилген. Бул студенттерге теориялык окутууну практика менен айкалыштырууга (2 күн университетте – теория, 3 күн мектепте – практика) мүмкүндүк берет. Устаттын колдоосунда дуалдык окутуунун мындай форматы студенттерге мектепте иштөөнүн реалдуу шарттарына ыңгайлашууга, кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө, мугалимдик кесиптин асылдыгын аңдап түшүнүүгө жана билим берүү системасында педагог катары орун-очок алууга жардам берет.

Өзүнүн өлкөсүнүн маданий-тарыхый өзгөчөлүктөрүн  (этнопедагогикасын) өзөк кылган, өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбасы менен байытылган жаңыланган стандарттар менен иштейт. Педагогикалык окуу жайлары “үч иштен бир иш” моделине өтүшөт – алар жаңы адистерди даярдап гана тим болбостон, иштеп жаткан мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу ишин аткарышат.

— 12 жылдык мектепте окутууга жараша башталгыч, орто кесиптик жана жогорку окуу жайларда окутуу мазмунунда кандай өзгөрүүлөр болот?

— Бүгүнкү күндө жогорку жана орто окуу жайлардагы кесиптерге, ошондой эле педагогика стандарттарына ылайык адистерди даярдоо боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, иштеп жатат. 12 жылга  дүйнөлүк деңгээлдеги ийгиликтүү программа менен баратканда, жогорку окуу жайларда реформанын экинчи этабында өзгөрүүлөр киргизилет. Ал  эми кесиптик-техникалык окуу жайлар  толугу менен ушул 12 жылдык кесиптик билим берүүнүн өзөктүк компонентине айланат.

ЖОЖдордогу педагогикалык билим берүүнү реформалоодо мугалимдерди даярдоо системасы 12 жылдык билим берүүнүн талаптарына шайкеш келиши зарыл. Бүгүнкү күндө педагогикалык адистиктер боюнча окуу программалары жаңыланып, заманбап билим берүү технологияларын өздөштүрүү боюнча курстар иштелип чыгууда. Бирок бул жетишсиз. Ал үчүн педагогикалык институттардын, факультеттердин окуу пландарын кайра карап чыгуу, заманбап мугалимге керектүү көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган сабактарды көбөйтүү керек. XXI кылымдын мугалими жөн гана билим берүүчү эмес, билимди башкаруучу жана жетектөөчү болушу керек. Андыктан мугалимдерге лидерлик, тайм-менеджмент, чыгармачылык ой жүгүртүү сыяктуу заманбап көндүмдөрдү калыптандыруу зарыл.

— 12 жылдык билим берүү киргенде мугалимдердин баары кайра даярдоодон өтүшү керекпи? Бул биринчи кезекте кайсы сабактын мугалимдерине тийиштүү?

— Математика, табигый-илимий предметтер жана англис тили боюнча 24 000 мугалимди кайра даярдоонун экинчи этабы аяктады. 3-этабын өткөрүү үстүбүздөгү жылдын жай айына пландаштырылган.

Келе жаткан окуу жылына карата квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттарды берүү менен мугалимдерди онлайн-окутуу (жылына 100 сааттан кем эмес) ж.б. жүзөгө ашырылып жатат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 654 токтому менен бекитилген жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын жана иштелип жаткан предметтик стандарттардын, окуу пландардын негизинде улуттук конттенттеги предметтердин мугалимдерин кайра даярдоо боюнча окуу программалары иштелип баштады. 2025-жылдын жай айынан тарта даяр болгон окуу программалардын негизинде мугалимдерди кайра даярдоо иш-чаралар аткарылып баштайт.

— Өзгөрүп жаткан дүйнөнүн шарттарында билим берүүнүн мазмунун жаңылоо үстүндө иштөө үчүн мугалимдер кандай даярдыктарды көрүү керек жана методикалык кандай жардам ала алат?

— Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү эки багытта ишке ашат: биринчиси — мурдагыдай эле жалпы мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү бекитилген план-графикке ылайык аткарылат; экинчиси — жаңы система менен окутуп баштаган мугалимдер сентябрга чейин окуудан өтүшөт жана каникул учурларында да окутулат. Мында көбүнчө онлайн окутууга басым жасалат. Ошол эле учурда офлайн, аралаш окутуу да колдонулат.

— Даярдоо классын окуткан мугалимдер кайсы курстардан өтөт, же биринчи класстын эле программасы менен окута береби?

— Даярдоо классы болбойт. Ал биринчи класс болуп калат. Биринчи класс үчүн “Наристе” мектепке даярдоо программасынын негизинде окуу программалары, окуу материалдары иштелип чыгат.

— Жеке менчик мектептердин мугалимдери каяктан, качан курстан өтөт?

— Жеке менчик мектептердин мугалимдери кайрылууларына жараша Республикалык педагогикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан жана облустардагы билим берүү институттарынан, методикалык борборлордон курстардан өтө алышат.

—  Башка сабакты окуткусу келген мугалим кайра даярдоодон өтөбү же билимин жогорулатабы?

— Биринчиден, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү жана кайра даярдоо деген түшүнүктөр бар. Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү учурда 72 сааттык курстун негизинде ишке ашырылууда. Экинчиден, мугалимдерди кайра даярдоо (бир мугалимдиктен башкасына өтүү же мурда инженер, агроном сыяктуу билим алып, кийин физика, математика же биология, химия мугалими болгусу келгендер ж.б.) борборлору, бөлүмдөрү дээрлик бардык университеттерде бар. Биздин республикалык институтта да 2024-жылы мурдагы жогорку билиминин негизинде кайра даярдоо ачылган, жакында биринчи бүтүрүүчүлөр дипломдорун алышат.

— 12 жылдык окуу боюнча мугалимдердин окуу курстары кандай уюшулган?

— Жаңы система менен окута турган мугалимдер 2025-жылдын сентябр айына чейин окуудан өтүшөт жана каникул  учурларында да окутулат. Мында көбүнчө онлайн окутууга басым жасалат. Ошол эле учурда офлайн, аралаш окутуу да колдонулат.

Учурда предметтик стандарттар, окуу программалар, окуу китептери адаптацияланууда. Мугалимдерди окутуу модулдары жогорудагы документтердин негизинде даярдалат.

— Мугалимдерди 12 жылдыкка даяр болуу үчүн ыктыярдуу эмес, милдеттүү аттестациядан өткөрүү зарылбы?

“Милдеттүү аттестациядан өткөрүү маселесин министрлик чечет. Бул көйгөй колледждердин, университеттердин ишмердигинин кесепети, ошол жакта албай калган. Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарында (72 саат) аларга көңүл бурулбайт. Мында окутуу методикасы, андагы жаңылыктар тууралуу сөз болот. Эгер ошондой чечим кабыл алса, республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту ишти аткарууга аралашууга даяр.

— Педагогикалык кесике окуп, бирок мектепке барбай жаткан мугалимдер көп болууда. Ал эми мектепке барган жаш адистердин даярдыгы начар. Бул кемчиликти жоюнун кандай аракети көрүлүүдө?

— Статистикалык маалыматтарга таянсак, жогорку окуу жайын бүтүргөн 100 бүтүрүүчүнүн болгону 15и гана мектепте эмгектенүүгө калат. Бул көрсөткүч билим берүү системасындагы кадрдык потенциалдын начарлашы жана мугалимдик кесипке болгон кызыгуу төмөндөп жатканын көрсөтөт. Демек, башкы максат  — билим алып, бирок аны практикада колдонбогон бүтүрүүчүлөрдүн санын кыскартуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.

— Билим берүүнүн усулдарын өзгөртүүдө негизги маселелер кайсылар?

— 12 жылдык билим берүү реформасынын негизги максаты — билим берүү методикасын жаңыртуу жана коомдун талабына ылайык өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу. Бул үчүн төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл буруу зарыл:

Методиканы өзгөртүү — мугалимдер окутуу усулдарын заманбап шарттарга ылайыкташтырып, окутуунун активдүү, критикалык ой жүгүртүүгө жана практикалык жөндөмдөргө багытталган моделдерин иштеп чыгышы керек; өз алдынча билим алуу жана өнүгүү — окуучуларга маалыматты жаттоо эмес, анализдөө, талдоо жана өз алдынча чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруу маанилүү; өзүн таануу концепциясын киргизүү — билим берүү инсандын интеллектуалдык гана эмес, эмоционалдык жана моралдык өнүгүүсүн да камсыз кылышы керек.

Билим берүү системасынын ийгиликтүү өнүгүшү үчүн мугалимдер өзгөрүүгө даяр болушу зарыл. 12 жылдык билим берүү реформасы мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга, билим берүү методикасын жаңылоого жана окуучуларды активдүү үйрөнүүгө багыттаган жаңы стандарттарды иштеп чыгууга умтулат. Өлкөнүн өнүгүүсү жаратылыш байлыктарына гана эмес, адам капиталынын сапатына көз каранды. Ошондуктан, билим берүү процесси терең билимди гана эмес, коомдогу позитивдүү өзгөрүүлөрдү жаратуучу жаңы муунду тарбиялоого багытталышы керек.

-Эмне үчүн STEM сабактарын окуткан мугалимдерге биринчи кезекте көңүл бурулуп жатат?

— Инженердик  кесиптерге багыттап математика, илим, техника, инженерия багыттарында окутууга орчундуу көңүл бурулууда. Мугалимдер бүгүнкү күндө Кембридж системасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан окуп жатат. Сынактан өтүп келген мектеп директорлору да кесиптик чеберчиликтерин жогорулатышууда. Ошондой эле окуучулардын ишкердик көндүмдөрүн калыптандырууга карата дагы жаңы курстар иштелип чыкты.

Бүгүнкү күндө  120  предметтик, тематикалык жана көчмө курстар иштесе, анын ичинен  30дан ашыгы жаңы курстар. Алсак, модернизацияланган ченемдик-укуктук документтерге жана PISAнын талаптарына негиздеп сабакты пландоо; STEM, STEАM, STREАM, PISAнын контексттеринде интеграциялап окутуу; башталгыч мектепте  функционалдык сабаттуулукту  калыптандыруу: диагностика, колдонуу, жалпылоо; окуучуларда жашыл көндүмдөрдү калыптандырууда класс жетекчинин ишмердүүлүгү; жождордо, колледждерде предметти жана тилди (СLIL) интеграциялап окутуу методикасы ж.б. бар.

Санариптик технологияларды өнүктүрүү  жана социалдык тармактар менен иштөөдө: “Moodle” платформасы ишке киргизилип, учурда 80ден ашык электрондук курстар бар. Дүйнөлүк банктын долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнөн 58000 мугалим окуп, сертификат  алышты.

-Кайра даярдоо жана кесиптик жогорулатуу курстарын мугалим кандай формада жана канча көлөмдө окушу керек?

-2023-2024-окуу жылына карата  офлайн форматында 14421 мугалим окуса, онлайнда 589 жана аралаш — 16014 мугалим квалификациясын жогорулатып, сертификат алышты.

Республика боюнча бардык математика жана STEM-сабагынын мугалимдери окутулуп жатат.  Мугалимдердин мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, курстар жер-жерлерге барып өткөрүлүп жатат. Бул тренингдин өзгөчөлүгү табигый-илимий концептуалдык түшүнүктөрдү калыптандыра турган ыкмалар берилүүдө. Жакшы жери — бул ыкмалар аркылуу ар бир окуучуну иш-аракетке тарта алгандыгы жана окуучулар алган билимдерин турмуш менен байланыштыра алышат. Мында тема жөнөкөйдөн татаалга өтүү менен берилгендиги менен өзгөчөлөнөт.

   ОКУУ КИТЕПТЕР МЕНЕН КАМСЫЗДОО 

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

— Окуу китептеринин тартыштыгы көп жылдардан бери чечилбей келаткан көйгөйгө айланды. Жаңы моделге киргенде бул маселе ого бетер курчубайбы?

— 2025-жылга мамлекет тарабынан окуу китептерин басып чыгарууга 744 млн сом бөлүндү. 2025-2026-окуу жылында төмөнкү окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу пландалууда:
— “Англис тили” (3-9-класстар) – жалпы суммасы 350 млн сомдон ашуун, жалпы нускасы 2,3 млн экземплярга жакын;
— “Математика” (1, 2, 5, 8-класстар) – жалпы суммасы 200 млн сомго жакын, жалпы нускасы 1,4 млн экземплярга жакын;
— “Табият таануу” (1, 2, 5, 8-класстар) – жалпы суммасы 200 млн сомго жакын, жалпы нускасы 1,4 млн экземплярга жакын.
Англис тили боюнча жаңы окуу китептери басылып чыгарылууда жана математика жана табият таануу боюнча окуу китептери улуттук мазмунга ылайыкташтырылууда.
2026-2027-окуу жылында математика, табият таануу, химия, биология, физика жана астрономия боюнча окуу китептери басылып чыгат, ал эми 2027-2028-окуу жылында 10-12-класстар үчүн математика, химия, биология, физика жана астрономия боюнча окуу китептери басып чыгарылат.

Окуу китептерин жаңы билим берүү стандарттарына ылайык адаптациялоо боюнча жигердүү иш жүрүп жатат. Ошондой эле, окуу китептеринин электрондук версиялары иштелип чыгууда, бул алыскы региондордогу окуучулар үчүн өзгөчө маанилүү. Бул сапаттуу билим берүү ресурстарына кеңири жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт жана окуу процессине заманбап технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Бардык китептер мектептерге акысыз берилет. Алар базарларда сатылбайт жана сапаты менен коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык басып чыгаруу иштери мамлекеттик “Учкун” басмаканасында жүргүзүлөт.

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

— Быйыл 6-7 жаштагы балдар 1-2-класстарга бир учурда кабыл алганы жатат. 2-класстар 1-класстардын китептери менен окушат. Ал эми 1-класстар кайсы китептер менен окуйт?

— Учурда Базистик окуу планы иштелип жатат. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылып, бекитилгенден кийин гана 1-класстардын окуу жүктөмү жана окуу китептери боюнча так маалымат берүүгө болот.

— Башталгыч класстын окуучулары окуу китептер менен качан камсыз боло  баштайт?

— Азыркы күндө  кыргыз тили жана адабияты, кыргыз тили менен  орус тили жана адабияты, орус тили предметтери боюнча стандарттар, программалар иштелип чыкты. Эми аларга ылайык окуу китептери иштелип чыгат. Ал эми математика жана табият таануу предметтери боюнча окуу китептери которулуп, адаптацияланууда. Министрлик 2025-2026-окуу жылы 1-2-класстарды окуу китептери менен камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүдө.

— Эмне үчүн Сингапурдан окуу китептери алынды?

— PISA эл аралык баалоосунда келе турган суроолордун бир тобунун жооптору 9-класста эмес (аны 15 жаштагы балдар тапшырышат), биздин окуу китептерде 10-11-класстарда экени аныкталды. Ал эми Сингапур колдонуп жаткан (алар Азиянын шартына ылайыкташтырылган) Кембридж системасынын китептеринде PISA эл аралык баалоосунун талаптары толук эске алынган. Бул китептерди дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекети колдонуп келет. Кыргызстан аларды жергиликтүү улуттук өзгөчөлүккө ылайыктап колдонууну максат кылууда. Эл аралык мыкты тажрыйбалар менен  байытылган өзүнүн жаңы муундагы улуттук  окуу ккитептерин чыгарууда деп айтсак туура болот.

— 12 жылдык система боюнча башталгыч класстардын окуучуларына чыгарылып жаткан окуу китептердин негизги артыкчылыгы эмнеде?

— Жаңы окуу материалдары окуучу үчүн окуу китеби менен иш дептерин, мугалим үчүн аудио жана видео материалдар менен окуу-методикалык колдонмолорду камтыган окуу-методикалык комплекстерден турат. Эгер мурда окуу китептери татаал академиялык тил менен жазылып келсе, эми болсо алар практикалык билимге жана заманбап методикаларга багытталган.
Бул окуу китептери маалыматты тек гана жаттап алууну талап кылбайт, булар окуучулардын өз алдынчалуулугун өнүктүрүүгө, сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандырууга жана интерактивдүү тапшырмалардын эсебинен шыкты арттырууга өбөлгө болот.

— Орус классикалык адабиятынын татаал чыгармаларын октууга болгон мамиле өзгөрөбү? Адаптацияланганбы, кыскартылганбы?

— Орус адабиятына өзүнчө чыгармалар сунушталган. Чыгарманы толугу менен  окуп чыгууну каалаган окуучуларга жай мезгилине берилет, б.а. дифференциалдуу мамиле колдонулат. Ошону менен бирге орус адабиятындагы залкар классиктердин негизги көлөмдүү чыгармаларын окуп чыгуу мугалимге аброй гана алып келет.

Эмгек акы жөнүндө

— Окуу жүктөмү  кыскарганда мугалимдердин айлык маянасынын  ставкасы кандай болот?

— 2025-2026-окуу жылында 12 жылдык билим берүү программасы менен саналуу класстар окуп баштайт. Предметтик стандарттар жана окуу программалары учурда даярдалууда. Мугалимдердин сааты дээрлик кыскарбайт.

АТА-ЭНЕЛЕРДИ ТҮЙШӨЛТКӨН СУРООЛОР

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

МЕКТЕПТЕ ОКУУ ПРОЦЕССИН УЮШТУРУУ

 — Улуттук билим берүүнүн жаңы модели деген эмне?

— Бул дүйнөлүк алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын, ошондой эле өзүбүздүн улуттук менталитетти, улуттук өзгөчөлүктү жана өлкөбүз бараткан стратегиялык максаттарды эске алуу менен иштелип чыккан окуу системасы. Дүйнөнүн 150 ашык өлкөсү балдарын ушул модель менен окутат. Бул маанилүү кадамга барууда жарандык иденттүүлүктү калыптандыруучу «Кыргыз жараны» концепциясын, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолун», Кыргыз Республикасынын 2023-жылы өзгөртүлгөн «Билим берүү жөнүндө» мыйзамын жана «Алтын казык» Кыргызстандагы билим берүүнү трансформациялоо программасын жетекчиликке алынды. Анда учурдагы стандарттар өзгөртүлүп, адистештирилген класстарды уюштурууга көңүл бурулат. Бул кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдүн аттестатын чет мамлекетте таанууну жеңилдетет. 1-класстан баштап практикага багытталган методика колдонулат.

— 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө эмне өзгөрөт?

— Окутуу программалары жаңыртылат. Жаңы система окуу жүктөмүн тең салмактуу бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жогорку класстарда профилдүү билим берүү башталат – окуучулар келечектеги кесиби үчүн керектүү предметтерди тереңирээк үйрөнө алышат. Окутуунун сапаты жогорулайт. Мугалимдер кайра даярдоодон өтүп, заманбап методикаларды өздөштүрөт. Балдарга мектептеги мезгилде эле кесипти туура тандап, багыт алууга жол ачылат. Окуучулар жогорку класстарда эле (гуманитардык, техникалык, табигый илимдер) багытты тандай алышат.

Кайсы гана эл болбосун, мектепте өзүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүнө карап окутат эмеспи. Кыргызстан жаңы модель киргизип жатканда, улуттук баалуулуктарды канчалык эске алды?

— Азыркы жүргүзүлүп жаткан иштердин баардыгы улуттук баалуулуктарды сактоого жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул жерде бир гана билим берүү менен чектелбей, инсанды тарбиялоо, каада-салтты, маданиятты, улуттук өзгөчөлүктү урматтоого тарбиялоо керек. Чынчылдыкты, мекенчилдикти, социалдык жоопкерчиликти калыптандырууга өзгөчө көӊүл бурулат.

Азыр балдар эрте жетилип, кээси тогузунчу классты бүтүп эле мектептен кетип жатат. Мектепте дагы бир ашыкча окуштун эмне кереги бар?

– Балдар мектепти аяктап жатканда кайсы кесиптин ээси болорун билип чыгышы керек. Жогорку класстарда окуучулар тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мисалы, так илимдерге кызыккандар  гуманитардык багыттагы предметтер боюнча базалык деңгээлде билим алышат, ал эми ɵзү тандаган багыттагы предметтерди  тереңдетилген деңгээлде окуйт. Медицина жагын тандагандар  химия, биология предметтерине басым жасап окуп алышат.

-Дүйнө өтө тездик менен өзгөрүп жаткан учурда мектептен алган билим дагы бат эскирүүдө. Мына ушундай шартта мектепте көп окутуунун зарылдыгы барбы?

— 12 жылдык билим берүүнүн максаты окуучуларда жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө ийгиликтүү аракеттенүүсүн камсыз кылуучу компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу болуп саналат. Мурдагы билим берүү системаларында окутууда окуу материалын эске кармап калуу маанилүү болсо, жаңы моделде турмуштук татаал кырдаалдардан чыга билүүгө, башкалар менен өнөктөш болууга, кызматташууга өзгөчө маани берилип, жаш адамдын санариптик жана маалыматтык сабаттуулугу, эмоционалдык интеллектиси, өзүнө-өзү кам көрө билген ден соолук маданияты, өзүн-өзү уюштура билүүсү, жаратылыш жөнүндө кам көрө алган экологиялык жана функционалдык сабаттуулугу, сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүсү ар тараптан кубатталат. Билим берүүдөгү бул негизги компетенттүүлүктөр акыр аягында өз алдынча аракеттене алган Кыргызстандын сезимтал, чыгармачыл, жоопкерчиликтүү, жаратман жана жаңы кырдаалдарга ийкемдүү инсанын калыптандырууга багытталган.

-Балдарды алты жаштан мектепте окутуунун кандай артыкчылыгы бар?

-Мектепте билим берүүнүн 12 жылдык модели баланы 6 жашынан баштап окутуу менен балдардын билим алуусун кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө балдардын үчтөн бир бөлүгү бала бакчаларга барат. Мындан улам биринчи класска барган 6-7 жаштагы балдардын билим деңгээли ар башка болууда.

Кээ бир балдар бала бакчаларда даярдоо программаларынан өтсө, айрымдары 480 сааттык мектепке чейинки программаны өздөштүрөт. Ошол эле учурда бала бакчага барбаган жана ата-энеси үй шартында окутпаган балдар бар.

12 жылдык моделдин алкагында биринчи класстар окутуунун оюн формасында билим алат. Бул балдардын мектепке даярдыгын теңдештирүү менен башталгыч мектептин программасын чогуу өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

-Менин балам алтыга жаңы толот, мектепке барган даяр эмес. Алты жаштагы балдарды окутабыз деп жөн эле кыйнап жаткан жокпузбу?

— Алты жаштагы балдар акыл-эси тунук жана кызыгуусу күч болгондугу менен айырмаланат. Балдар мектепти жаңы укмуштуу окуя катары карашат, анткени ал жакта баары жаңы, өзүн чоңдордой сезүү, көз карандысыз болуу кызыгуусу бар. Мугалимдин көрсөтмөлөрүн аткарууга да даяр. Алар башка балдар менен бат эле тил табыша алышат. Бирок окууга даяр болуунун эң маанилүү факторлорунун бири – баланын ден соолугу. Буга жакшы көңүл буруп, көбүрөөк окуп берип, анын кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү зарыл. Окуу программасы болсо алты жаштагы балдар  үчүн ылайыкталат. Алар үчүн 1-класс адаптация мезгили болуп, окуу оюн түрүндө өтүп, инсандык сапатты, функционалдык сабаттуулукту жана коммуникацияны өнүктүрүүгө  көңүл бурулат. Мындай жумшак  өтүү балада мектеп алдында стрессти азайтат.

Мурдагы эски мыйзамда да бала 6-7 жаштагы балдар 1-класска кабыл алынат деп жазылган. Азыр алты жаштагы 49 миң бала 1-класста окуйт. Жаңы моделге өткөндө алты жаштагы балдарга жеңилдетилген, мектепке ыңгайлашкан оюндар аркылуу сабактар берилет, алар бала бакчанын даярдоо тайпасында программадан бир аз айырмаланган жеңил сабактар болот.

Жаңы окуу жылында 1-2-класска кимдер барат?

– 2018-жылы жана 2019-жылы төрөлгөндөр барат. Анын ичинен 2018-жылы төрөлгөндөр – 2-класска, 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинкилер 1-класска кирет. Мектепке даярдоо программасынан өткөн 2019-жылы төрөлгөн балдар да 2-класска барат.

-Беш жарым-алты жаштагы балдарды ата-энеси мектепке жибербей, бала бакчада калтырып кое алабы? Эгер бул мүмкүн болсо, анда ал бала келерки жылы кайсы класска барат?

– Беш жарым жаштагы балдар эгерде сентябрь айына карата алты жашка чыга элек болсо, окуу жылынын аягына чейин бала бакчанын жогорку тайпасында кала алат жана кийинки жылы 1-класска барат. Эгерде сентябрга чейин алты жашка чыккан болсо, бала бакчада калбайт, анткени мамлекеттик билим берүү стандартында алты жашка чыккан балдар 1-класска барат деп так көрсөтүлгөн. Андыктан ата-эне ден соолугу чың баласын 1-класска бергенге милдеттүү.

-Мектепке батпай калган окуучулар кандай жайгаштырылат?

— Мектептер, класстар жетишпеген айрым учурларда мектептин кошумча имараты курулганга чейин бала бакчалардын мараттарын убактылуу колдонуу жагы каралууда. Балдар электрондук каттоо аркылуу мектепке кабыл алынып, ошол мектепке комплектөө болот. Ал балдар кабыл алынган мектептин окуучусу болуп эсептелет жана аларды ошол мектептин мугалимдери окутат. Окуу процесси кадимки мектептегидей эле жүрөт.

-Бала бакчада окуган балдар сабактан кийин бакчада кала берсе болобу?

Жок. Сабактар бүткөндөн кийин балдар үйлөрүнө кетишет.

-Бала бакчаларда окугандарга ысык тамак берилеби?

Мектептерде окуган балдардай эле бала бакчаларда 1-класста окугандарга шашке тамак берилет.

— 5-6-класстарга мектепте шашке тамак берилеби?

Ысык тамак 1-4-класстарга гана берилет.

-Ата-энелер балдары бала бакчада «Наристе» программасынан окугандыгын кантип тастыктай алат? Буга сертификат же башка бир документ берилеби?

– «Наристе» программасы — мектепке чейинки билим берүүгө тартылбай калган 5-7 жашка чейинки балдар үчүн даярдалган программа. Ал эми бала бакчага барып жүргөн балдар үчүн «Балалык» программасы иштейт. Аларга сертификат берилбейт, бирок автоматтык түрдө даярдоо тайпасынан өтүп, мектепке даярдоо программасын окугандыктан, 2-класска отурат. Аларга тестирлөө жүргүзүлбөйт, сертификат да берилбейт. Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн тараптар менчигинин түрүнө карабастан, https://balalyk.edu.gov.kg/ сайтында катталып, жеке кабинетинен каттоодон өткөн соң, балдардын жеке маалыматтарын базага киргизиши керек. База системасы автоматтык түрдө балдарды 2-класска кабыл алат.

1-2-класска бара турган балдарды мектепке алууда кандай талаптар коюлат?

– 1-2-класска бара турган балдардын жаш курагы боюнча гана талаптар коюлат. Эгерде «Наристе» программасынан өтсө же бала бакчанын даярдоо тайпасында окуган болсо, анда ал балдар 2-класска кабыл алынат.

Мектептер балдарды кабыл алып жатканда тест менен текшереби же баланын жаш курагы эле жетиштүүбү?

– Негизинен баланын жаш курагы жетиштүү. Бала кайсы класска отура турганы анын кайсы программаны окугандыгына байланыштуу болот. Балдарга тестирлөө жүргүзүлбөйт, буга мыйзам менен тыюу салынган.

-1-класста окуучулар канча саат окуйт жана сабактар кандай өтүлөт?

— Сабактар жеңилдетилген шартта оюн аркылуу өтүлөт. Бала санитардык-гигиеналык нормага жараша 3 сааттан ашык окубайт. Сабактар 30 мүнөттүк болуп, 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Сабактардын ортосунда эс алдыруучу, сөз байлыгын, майда моторикасын өнүктүрүүчү оюндар болот.

-Физикалык жактан да, моралдык жактан да даяр эмес балдар мектепкан кантип барат?

– Биринчи кезекте баланын даярдыгы жана ата-энесинин чечими эске алынат. Беш жаштагы бала бала бакчада калууга укуктуу, биринчиден, аларды мектепке кабыл албайт. Бала азыр беш жашта болуп сентябрь айынын аягына чейин алты жашка чыкса, мектепке кабыл алынышы мүмкүн. Кокустан ата-энеси даяр эмес деп чечсе, анда кийинки жылы жети жаштагы бала менен 1-класска барат.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кандай шартта кабыл алынат?

– Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар медициналык кароолордон өткөрүлүп, атайын адистердин тыянагына жараша чечим кабыл алынат. Акыл-эси, кабыл алуусу жакшы балдар башка балдар сыяктуу эле жалпы негизде мектепке бара алат.

-Жаңы моделде окуучулардын жетишкендиктери кандай бааланат?

– Мурдагыдай эле баалоонун үч түрү: диагностикалык, калыптандыруучу жана суммативдик баалоо колдонулат. 1–3-класстарда баа коюлбайт, анын ордуна жазуу жүзүндө же оозеки түрдө сапаттуу сүрөттөөчү баалоого гана жол берилет.

-2-класстагы 2 параллель класстын окуу программасы кандай болот?

— 2025-2026-окуу жылында 2-класстагы 2 параллель класстын окуу программасы эки башка болот. 2024-2025-окуу жылында 1-классты аяктагандар 11 жылдык окуу программасы менен 2-классты улантышат. Ал эми 2024-2025-окуу жылында 0-класстан, балдар бакчаларындагы даярдоочу тайпаларды аяктагандар 2-класста 12 жылдык билим берүүнүн программасы менен окутулат. 7-класстан баштап 2 класстын окуу программалары теңдештирилет, мектептик билим берүүнүн мазмунундагы эч бир материал окутулбай калып кетпейт.

-Табият таануу деген кандай сабак, кайсы класстар окуйт, аны кимдер окутат?

— Учурдагы 11 жылдык билим берүүдө мектепте окуучунун табигый-илимий билимин калыптандыруу үчүн 1-4-класста “Мен жана дүйнө” предмети, 5-класста Табият таануу предмети, 6-класстан тартып Биология, География предметтери, 7-класстан Физика предмети, 8-класстан Химия предметтери киргизилген.  12 жылдык билим берүүнүн алкагында башталгыч класстарда 1-4-класста “Мен жана дүйнө” предметинин мазмунунда табигый-илимий бөлүгү күчтөндүрүлөт, 5-6-класста Табият таануу предмети окутулат, 7-класстан тартып табигый илимдер багытындагы предметтер мурункудай эле биология, физика, химия, география деген аталыштар менен окутулат. 10-12-класстарда профилдик билим берүү каралган. Анын ичиндеги профилдик багыттын бири дал ушул табигый-илимий предметтер боюнча терең билим алууга багытталат.

-Англис тили кайсы класстан баштап окутулат?

Англис тили мурункудай эле 3-класстан баштап 12-класска чейин окутулат. Чет өлкөлүк мыкты тажрыйба менен байытылган улуттук жаңы муундагы англис тил окуу китеби менен окутулат.

— Башталгыч класстарда бир класста канча окуучу болушу керек?

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августунда чыккан №519 Токтомуна ылайык, айыл жергесиндеги мектептерде бир класстагы окуучунун минималдуу чектүү ченеми 25, максималдуу чектүү ченеми 30 бала, шаар жергесинде максималдуу чектүү ченеми 36 бала болуусу шарт. Бирок билим берүүнүн жаңы моделине өтүп жаткандыгыбызга байланыштуу быйыл өзгөрүүлөр болот.

-1-класстан 6-класска чейин бир эле мугалим класс жетекчи болобу?

– Бул боюнча атайын чектөө жок. 1-6-класс аралыгында бир эле мугалим класс жетекчи болгону ыңгайлуу жана пайдалуу.

-1-класстарга мугалим жетишпей калуу тобокелдиги барбы?

– 1-класста мугалимдин негизги милдети – баланы социалдаштырууга үйрөтүү. Өздөштүрүү керек болгон оор материалдар жок. Ал алты жаштагы баланын өзгөчөлүктөрүн, аларга мамиле кылууну жакшы билиши керек. Педагогикалык билими бар адисти окуудан өткөрүп, 1-класска сабак берүүгө даярдоого болот.

-Мектеп формасы мурдагыдай эле калабы же өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?

Окуучулардын мектеп формасы классикалык стилде, кара, ак, кочкул кызыл түстүү болууга тийиш.

 -12 жылдык окутуу киргенде кандай жаңы сабактар кошулат?

Жалпы трансформациянын алкагында бир топ интеграцияланган предметтер кирет. Мына ошондой жаңы интеграцияланган предметтердин бири — Илим. Ал дүйнөлүк практикада кеңири колдонулуп келет. Бул интеграцияланган предметтин ичине физика, биология жана химия кирет. Ал 1-класстан 9-класска чейин окутулат.

-Илим предметин кимдер окутат?

— Илим предметин жаңы окуу жылынан баштап физика, химия, биология мугалимдери окута беришет. Келечекте интеграцияланган предмет боюнча адистерди даярдоо иши жогорку окуу жайлар менен биргеликте жолго коюлат.

Илим предмети кайсы класстарда окутулат?

Илим предмети башталгыч жана негизги класстарда гана окутулат. Ал эми 10-11-12-класстарда физика, биология жана химия предметтери өз-өзүнчө үйрөтүлөт.

-Жаңы модель менен окуп баштаганда окуучулардын окуу жүктөмүндө кандай өзгөрүүлөр болот?

— Жаңы технологиялардын киргизилиши менен окуу жүктөмү азаят жана окуучулардын көтөргөн сумкалары жеңилдейт. Себеби билим берүү санариптик технологиялар жана жасалма интеллект менен интеграцияланат. Заманбап билим берүү платформалары жана электрондук окуу китептери киргизилет.

Сааттардын жүктөмүндөгү өзгөрүүлөр негизинен жогорку класстарда болот. Анткени ага профилдик окутуу киргизилет. Аларда милдеттүү сааттар азаят. Мисалы, мурун окуучу 30 саатты кааласа, каалабаса да окуган болсо, эми 10-11-12-класска келгенде, бул 20, 18 саатка түшөт да, калган 10 саат, 8 саат ошол окуучу тандаган профилге ылайык, мисалы, инженерияны тандаса, анда физика, математикага, эгер медицинаны тандаса, химия, биологияга, ал эми гуманитардык багытты тандаса, социалдык предметтерге көбүрөөк саат берилет.

ОКУУ КИТЕПТЕР БОЮНЧА

1- жана 2-класста кайсы окуу китептери менен окушат?

— Мектептерди окуу китептери менен толук камсыз кылуу боюнча максат коюлган. Азыркы учурда математика жана табият таануу сабактарынын китептери адаптациядан өтүп жатат.

-Окуу китептеринин электрондук версиясы болобу?

— Окуу китептеринин электрондук версиясы болот. Ал окуу китебинин электрондук платформасына жүктөлөт.

-Окуу китептери мурдагыдай эле ижарага берилеби?

— Жаңы китептер мурдагыдай эле ижарага берилет. Ар бир окуу китеби үчүн ижара акысы белгиленген тартипке ылайык  билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан жыл сайын эсептелинет.

-Окуучулар китеп көтөрбөй эле электрондук китеп колдоно алабы?

— Ата-энесинин мүмкүнчүлүгүнө жараша колдонсо болот. Анткени электрондук китеп телефондон же компьютерден окулат.

 КЕСИПТИК БИЛИМ БОЮНЧА

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

 -Жалпы республикалык тестирлөөдө өзгөрүү болобу? 

— Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө эч кандай өзгөрүү болбойт. Окуучулар мурдагыдай эле тартипте тапшырат.

Бала негизги мектептен кийин кесиптик окуу жайга кетем десе канчанчы класстан кетет?

— Окуусун кесиптик окуу жайдан улантам деген окуучулар мурдагыдай эле 9-класстан кете алат.

12-класстын бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик билим алганы тууралуу документ берилеби? 

— Профилдик окутунуу аяктагандан кийин орто мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына тиешелүү кесиптик квалификация ыйгарылат жана мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет.

-Жогорку класстарда кандай кесиптер окутулат?

— Орто мектептердин жогорку класстарынын окуучуларын профилдик окутуу үчүн сунуш кылынган 76 квалификациядан турган кесиптердин тизмеси түзүлдү. Анда курулуш тармагынын, тигүүчүлөрдүн, ашпозчу, айыл, мал чарбачылыгы, багбанчылык, компьютерди жана кеңсе техникаларын оңдоочу сыяктуу кесиптер бар.

-ЖОЖдордо окуу мөөнөтү кыскарат деген билдирүүлөр болду. Ошондо университетте окуу канча жыл болуп калат?

— ЖОЖдордо окуу мөөнөтү кыскарат: негизги дисциплиналар мектепте үйрөтүлүп, университеттерде студенттер дароо эле өздөрүнүн профилдик предметтерине өтүшөт. Окуучулар мектепти бүтүрөөрү менен негизги кесипти үйрөнө баштайт, андыктан алар кийин эмгек базарындагы атаандаштыкка жөндөмдүү болушат.

МЕКТЕПКЕ КАБЫЛ АЛУУ, ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО

100 суроо-жооп. Кыргызстандагы 12 жылдык мектепке көчүү боюнча экспресс-маалымдама

 -1-класска балдарды электрондук каттоо кандай тартипте болот?

— Быйыл 1- жана 2-класска бара турган балдарды мамлекет өзү каттайт. Ата-эне мурдагыдай көптөгөн документтерди топтоп убара болбойт. Болгону 1-июнга чейин туруктуу жашаган жери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган мектепке баласынын барар же барбасын тастыктоо гана керек.

Ата-эне же баланын мыйзамдуу өкүлү 6-7 жашка жеткен баланы «Электрондук каттоо» АМСке 1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу онлайн каттайт. Андан кийин система таап берген мектепти тандап, аны кабыл алуу же баш тартуусун тастыктап, 2025-жылдын 1-июнуна чейин маалымдайт.

 —Электрондук каттоо кандай ишке ашат?

— Балдарды мектепке кабыл алуу боюнча бекитилген протоколго ылайык ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр 2025-жылдын 1-июнуна чейин төмөнкү кадамдарды жасашы зарыл:

1) «Түндүк», MegaPay, МБанк жана МойО!+Банк мобилдик тиркемелеринин бирин колдонуп, же болбосо 1mektep.edu.gov.kg порталында электрондук каттоону баштайт;

2) «Электрондук каттоо» бөлүмүнө өтүп, анда нике каттоосуна (ЗАГС) ылайык балдарын көрсөтөт;

3) Каттоо үчүн мектеп жашына жеткен баланы тандап алат;

4) Система автоматтык түрдө ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн туруктуу каттоосуна ылайык жакын жайгашкан жалпы билим берүү мекемесин сунуштайт (микроаймак боюнча); айрым учурларда эки же үч мектеп сунушталат;

5) Ата-эне окуу тилин, сунушталган билим берүү мекемесин тандайт;

6) «Каттоо» баскычын басат.

Каттоо ийгиликтүү аяктагандан кийин, «Катталды» деген статус пайда болот.

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү так көрсөтүлбөсө, ата-эне эмне кылууга тийиш?

— Эгер ата-эненин жарандык күбөлүгү Кыргыз Республикасы болсо, бирок балдары көрсөтүлбөсө, ата-эне жакынкы Калкка кызмат көрсөтүү борборуна (ЦОН) кайрылып, баланы ата-энеге тиркештирүүсүн талап кылышы керек. Тиркештирүү жүргүзүлгөндөн кийин ата-эне маалыматты жеке кабинетинде жаңыртуусу зарыл.

-Баланын ата-энеси туруктуу катталган жеринде эмес, башка жакта жашаган болсо кандай болот?

Эгер система мектепти эски катталган дарек боюнча сунуштап жатса, тиешелүү бөлүмдө кабыл алуудан баш тартып, 2-июнга чейин күтүү керек. Экинчи этап башталганда, баланы бош орун калган мектепке каттаса болот.

-Адашып башка окуу тилин тандап алса эмне кылуу керек?

— Тиешелүү бөлүмгө кирип, учурдагы каттоодон баш тартып, кайрадан өтүнмө берүү керек болот. Бирок бул учурда орун сакталбай калат. Кайрадан каттоо учурунда керектүү тилде окуткан класста бош орун да болбой калышы ыктымал.

-“Наристе” программасынан өткөн баланы система 2-класска эмес 1-класска каттап салса кандай болот?

— Эгерде бала “Наристе” программасынан өтүп, бирок система аны 1-класска каттап салса, бала барган бакчага кайрылуу керек. Бала бакчанын кызматкерлери аны программаны аяктаган балдардын тизмесине киргизген-киргизбегенин тактоо зарыл. Бала ал тизмеге кирбей калса система аны 2-класска өткөрбөй койгон болушу мүмкүн.

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү башка өлкөдөн болсо кандай кылуу керек?

— Эгер баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү башка өлкөдөн болсо, анда төмөнкү иштер аткарылышы керек:

1) Ата-эне Калкка кызмат көрсөтүү борборуна (ЦОН) барып, Кыргыз Республикасынан ИЖН кодун алат;

2) 1mektep.edu.gov.kg порталында жеке кабинетте баланы кошот. «Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген жери» деген жерде «Башка өлкө» деп жазат;

3) Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тиркейт;

Эгер мектеп көрсөтүлбөсө, жакынкы мектепке кайрылып, ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн туруктуу каттоосу боюнча микроаймак чектеринде мектептин дареги бар-жогун тактап алышы керек;

Эгер туруктуу каттоо дареги мектептин микроаймагынын чектерине кирсе, мектеп директору бул даректи системага кошот;

Эгер каттоо дарегинде каталар болсо, жакынкы Калкка кызмат көрсөтүү борборуна (ЦОН) кайрылып, туруктуу каттоо дарегинин АИС АСБ (адресно-справочное бюро) системасында туура катталганын текшерүү керек.

Эгер бала көрсөтүлгөн мектепке каттала албаса, ата-эне/мыйзамдуу өкүл каттоо процессинен баш тартышы керек, “Каттоо болбойт” деген баскычты басып, төмөндөгү себептердин бирин тандап, баш тартуунун себебин көрсөтүү зарыл:

* Биз жеңилдиктерге ээ болобуз;

* Жеке мектепте окуйбуз;

* Биз окуп жатабыз;

* Инклюзивдүү бала (ЛОВЗ);

* Мектеп туура эмес;

* Башка өлкөгө кетебиз.

Эгерде ата-эне каттоодо сунушталган мектептен баш тартса, баласын башка мектепке кантип киргизе алат?

— Эгерде ата-эне система сунуштаган мектептен баш тартса, анда 2025-жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин башка мектептерди (микроучастоктон тышкары) тандап, бош орундар бар болсо, баланы кабыл алууга мүмкүнчүлүк ачылат. Бул үчүн ата-эне/мыйзамдуу өкүл төмөнкү кадамдарды жасашы керек:

1) Системаны ачуу үчүн ата-эне же мыйзамдуу өкүл төмөнкү «Түндүк», MegaPay, МБанк жана МойО!+Банк мобилдик тиркемелерине кирет же болбосо 1mektep.edu.gov.kg порталында баланы каттаса болот;

2) «Мектепке электрондук каттоо» бөлүмүнө өтүп, анда нике (ЗАГС) каттоосу боюнча балдары көрсөтүлөт;

3) Мектепке каттоо үчүн мектеп жашына жеткен баланы тандайт;

4) Областты, районду/шаарды тандайт;

5) Көрсөтүлгөн мектептердин тизмесинен бош орундар бар болгон бир мектепти тандап алат;

6) Мектеп тарабынан сунушталган окуу тилдерин тандайт;

7) «Каттоо» баскычын басат;

8) Каттоо ийгиликтүү өтүп, «Катталды» деген статус пайда болот;

9) Жакынкы мөөнөттө, 4-августтан 5-сентябрга чейин, бала 1- же 2-класска кабыл алынганы тууралуу билдирүү келип, ата-эне/мыйзамдуу өкүл тиешелүү документтерди мектепке тапшырышы керек.

Атайын муктаждыгы бар балдар кандай тартипте кабыл алынат?

— Балдарды көмөкчү жалпы билим берүү мекемелерине жана коррекциялык класстарга кабыл алуу санитардык нормаларга жана эрежелерге, ошондой эле жалпы билим берүү мекемесинин уставына ылайык жүргүзүлөт жана психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын чечими менен гана «Электрондук каттоо» АМСтен тышкары жүргүзүлөт.

Эгерде ата-энеге/мыйзамдуу өкүлгө жеңилдик берилсе, анда арызды 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ата-эненин жеке кабинети аркылуу берүү керек, андай учурда жеңилдикти тастыктаган документти бир айдан кечиктирбей тиркеш керек.

Мектепке каттоодо жеңилдикке ээ болгондор кимдер?

— Жеңилдикке ээ болгондордун категорияларына төмөнкүлөр кирет:

* Жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдердин жана штаттык кызматкерлердин балдары (жумуш ордунан маалымкат);

* Аскер кызматкерлеринин балдары, үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча (жумуш ордунан маалымкат);

* Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздардын балдары, кайрылман статусуна ээ болгондор (кайрылман күбөлүгү).

Балдарды 1- же 2-класска кабыл алуу үчүн ата-энелердин/мыйзамдуу өкүлдөрдүн арызы райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнө берилип, чечимди Комиссия кабыл алат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер