«ЗОМБУЛУКТУ АКТАБА!» АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК УКУКТУК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 21.04.2021
  • 0

20-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин жыйындар залында мектеп окуучулары арасында өткөн «Зомбулукту актаба!» аталышындагы республикалык укуктук сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшыруу аземи өттү.

Сынак Кыргызстандагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча жаштардын жигердүүлүгүн арттыруу максатында уюштурулган. Ага республиканын булуң-бурчунан 303 команда катталган. Сынактын алкагында 9-11-класстардын окуучулары 12 000ден ашуун респондентти камтыган өз жамааттарында социалдык сурамжылоо жүргүзүшкөн. Алынган маалыматтын негизинде командалар YouTube (https://www.youtube.com/channel/UCjC_ZKYNkhDspME8n9mwn5g/featured) ачык жеткиликтүү болуп жайгаштырылган социалдык видеороликтерди тартышкан. Жыйынтыгында мектеп окуучулары тарабынан 145 социалдык видеоролик даярдалып, аларды 120 000ден ашуун киши көрдү.

«ЗОМБУЛУКТУ АКТАБА!» АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК УКУКТУК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Сынактын көзкарандысыз калыстар тобу мектеп окуучуларынын сурамжылоолорунун жыйынтыктарын жана даярдалган видеороликтерди баалап чыгышты. Сынак эки этапта (областтык жана республикалык) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргызстандын юридикалык клиникаларынын ассоциациясы менен биргеликте ЮСАИДдин «Сотко ишеним» программасынын колдоосу астында өттү.

Алынган жооптордун жыйынтыктары боюнча сынактын уюштуруучулары сурамжылоого катышкандардын укуктук сабаттуулугунун деңгээлин, ошондой эле алардын гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту кабыл алуу деңгээлин аныктай алышты.

«Биз балдарыбыздын өз укуктары жана милдеттери тууралуу билишин каалайбыз. Көйгөй тууралуу гана эмес, анын чечилиши тууралуу да маалымдоо керек. Сынактын аркасында мектеп окуучулары өзүн кантип коргошу керектиги, зомбулук учурларында каякка кайрылышы керектиги тууралуу билишти. Биздин коом эч кандай зордук-зомбулук акталбай турган коом болууга тийиш. Ушундай жигердүү жаштардын аркасында мындай коомду курууга мүмкүн. Балдардын мектеп партасынан эле социалдык көйгөйлөргө кызыгып жатканы бизди кубандырат. Биз урмат-сый жана эриш-аркак аракеттенүү гана өкүм сүргөн коомду чогуу курушубуз керек», – деп белгилеген Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова сынактын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

«ЗОМБУЛУКТУ АКТАБА!» АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК УКУКТУК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Ошондой эле, Кыргыз Республикасындагы Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) директору Альфред Хьюстон өз сөзүндө: «Сынактын аркасында биз гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту балдардын көзү менен көрө алдык. Сынактын жыйынтыктары – видеороликтер гана эмес, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө карата мамилени өзгөртүү экенине абдан үмүттөнөбүз», – деп белгиледи.

«Сынактын катышуучулары берилген тапшырмалар менен гана чектелип калышкан жок, көптөгөн командалар өз демилгеси менен мектептерде маалыматтык иш-чараларды өткөрүштү, ал эми кээ бир командалар райондук деңгээлде да иш-чараларды өткөрүп жатышты. Жаңы муун жигердүү жана аң-сезимдүү болуп өсүүдө, аларды коомдо болуп жаткан окуялар тынчсыздандырат. Бул – биз үчүн чоң жоопкерчилик, аларды жетектеп, колдоо керек. Өзгөчө укуктук сабаттуулуктун деңгээлин көтөрүү өтө маанилүү», – деп билдирди Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясынын президенти Артур Бакиров.

«ЗОМБУЛУКТУ АКТАБА!» АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК УКУКТУК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Сынактын жыйынтыгы боюнча:

I орун – Кербен шаарынын Ж. Мавлянов атындагы №14 мектеп-интернатынын окуучуларынан (Бекболотова Аяна, Камчыбекова Бермет жана Алишер уулу Сагынбек) түзүлгөн «Астрея» командасы, Жалал-Абад облусу.

II орун – Бишкек шаарынын Ч. Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназиясынын окуучуларынан (Айткулуева Айгерим, Рудый Владислав жана Якименко Роман) түзүлгөн «RAF» командасы, Бишкек шаары.

III орун – Балыкчы шаарынын Л. Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуучуларынан (Сыдыкова Айдай, Бектемиров Азамат, Уркалыева Акмаанай) түзүлгөн «Фемида» командасы, Ысык-Көл облусу.

Эскерте кетсек, сынакта биринчи орунду ээлеген команданын ар бир мүчөсү ноутбук алышты, ал эми экинчи жана үчүнчү орунду алган командалардын ар бир мүчөсүнө уюлдук смартфон берилди. Ошондой эле, сынактын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен юридикалык темалар боюнча колдонмолорду алышты.

Маалымат үчүн: Сынакка Кыргызстандан 303 команда катталды. Сынактын бардык шарттары аткарылып, облустук этапка ийгиликтүү 145 команда өттү. Алардын ичинен Чүй облусунан – 27 команда, Ош облусунан – 18, Талас облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 11, Баткен облусунан – 11, ал Жалал-Абад облусунан – 21, Нарын облусу боюнча – 9 жана Бишкек шаарынын – 37 команда. Мурда белгиленген эрежелер боюнча республикалык этапка ар бир аймактан экиден гана команда өтүп, жыйынтыктоочу презентацияда жалпы 16 команда күч сынашты. Жалпысынан бардык видеотасмалардын камтылышы YouTube каналында 120899 жолу көрүлдү, мектеп окуучулары тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун бүткүл Кыргызстан боюнча респонденттеринин саны 12 500дөн ашты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер