«ЗОМБУЛУКСУЗ МАМИЛЕ КУРУУ» ТЕМАСЫНДА МУГАЛИМДЕР ЖАНА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН АКЫСЫЗ ОНЛАЙН КУРС БАШТАЛ

  • 20.10.2020
  • 0

Онлайн Университети «Ганди Смрити жана Дархан Саммит» институту менен биргеликте 20-октябрда саат 16:00дө «Зомбулуксуз мамиле куруу» (Nonviolent Communication) темасында 4 айлык акысыз онлайн курс баштайт.

«Кыргызстандагы акыркы болуп өткөн окуял ардан улам коомубузда зомбулуксуз мамиле куруунун канчалык маанилүү экендигине күбө болдук. Айрыкча, үй-бүлөдө зордук-зомбулук көбөйүүдө. Коомчулукта зомбулукту азайтуу жана жарандарды зомбулуксуз мамиле курууга үндөө максатында бул курсту уюштуруп жатабыз. Бул курс катышуучуларга күнүмдүк баарлашууда сөздүн жана тилдин маанилүүлүгүн түшүндүрүү менен зомбулуксуз мамиле курууну адатка айлантууга жардам берет. Зомбулуксуз мамиле куруу адамдардын жашоосу жана мамилеси өзгөрүү үчүн бири-бири менен эффективдүү баарлашууга жардам берет» — дейт Онлайн Университетинин негиздөөчүсү Элира Турдубаева.

"ЗОМБУЛУКСУЗ МАМИЛЕ КУРУУ" ТЕМАСЫНДА МУГАЛИМДЕР ЖАНА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН АКЫСЫЗ ОНЛАЙН КУРС БАШТАЛ

Программа англис тилинде өткөрүлүп, кыргызча котормосу менен болот жана курстун соңунда катышуучуларга сертификаттар берилет.

Курстун катышуучуларына «Ганди Смрити жана Дархан Саммит» институтунун программалык кызматкери Dr. Vedabhyas Kundu

зомбулуксуз мамиле куруу боюнча маалыматтарды берет.

Ал улуттук жана эл аралык деңгээлде зомбулуксуз мамиле куруу, тынчтык, конфликттерди чечүү, медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча бир катар иштерди алып барып, изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Индия жана башка

өлкөлөрдүн ЖОЖдорунда лекцияларды окуу менен биргеликте сот жана мамлекеттик кызматкерлерге, милицияларга, мугалимдерге, студенттерге жана өлкөнүн баардык жаштарына семинарларды өткөрүп, көптөгөн эксперттик эмгектердин автору.

"ЗОМБУЛУКСУЗ МАМИЛЕ КУРУУ" ТЕМАСЫНДА МУГАЛИМДЕР ЖАНА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН АКЫСЫЗ ОНЛАЙН КУРС БАШТАЛ

Белгилей кетсек, «Ганди Смрити жана Дархан Саммит» институту дүйнө жүзүндөгү ар кандай университеттер менен бирге иш алып барып, түрдүү онлайн программаларды уюштуруп келет. Тынчтыкты жактоонун 150-жылдыгына карата Махатма Ганди, Ганди Смрити жана Дархан Саммит институту «Зомбулуксуз мамиле куруу» боюнча акысыз онлайн курстарды уюштурушуп, ага Индиядан жана дүйнөнүн булуң-бурчунан 4500 катышуучу катышкан. Ошондой эле бул курсту Филиппин жана Шри-Ланканын университеттеринде уюштуруп жатышат.

"ЗОМБУЛУКСУЗ МАМИЛЕ КУРУУ" ТЕМАСЫНДА МУГАЛИМДЕР ЖАНА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН АКЫСЫЗ ОНЛАЙН КУРС БАШТАЛ

Эске салсак, Онлайн Университети платформасы билим берүү жана илим жаатында иш алып баруу менен бирге учурдун көйгөйлүү маселелерин талкууга алып, кыргызстандык жана чет өлкөлүк адистердин катышуусунда бир катар вебинарларды уюштуруп келет.

Курстун шилтемеси:

(Вебинарга катышуу үчүн WEBEX программасын жүктөп кириңиз).

Meeting number: 170 098 1277

Password: 12345

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097

 

Бөлүшүү

Комментарийлер