КОРЕЯДА КЫРГЫЗ МЕКТЕПТЕРИНДЕ САНАРИП КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

  • 21.09.2026

Сеулда өткөн «Билим берүүдөгү жасалма интеллект жана көндүмдөрдү өнүктүрүү» глобалдык форумунда Кыргызстандын өкүлдөрү Дүйнөлүк банктын улук билим берүү адиси Г.К.Султанова жана Т.Эрматов атындагы БМПИнин директору У.Э.Мамбетакунов Агартуу министрлигинин жана Дүйнөлүк банктын окуучулардын жана мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган долбоорунун жыйынтыктарын тааныштырышты. КОРЕЯДА КЫРГЫЗ МЕКТЕПТЕРИНДЕ САНАРИП КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ ТААНЫШТЫРЫЛДЫ
Негизги натыйжалардын бири мектеп окуучуларынын жана мугалимдердин санариптик компетенттүүлүктөрүн жана алардын өнүгүүсүн баалоо үчүн улуттук алкакты иштеп чыгуу болду. 2023 жана 2025-жылдары 300 мектепте – 150 катышуучу мектепте жана 150 контролдук мектепте баалоо жүргүзүлдү. КОРЕЯДА КЫРГЫЗ МЕКТЕПТЕРИНДЕ САНАРИП КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ ТААНЫШТЫРЫЛДЫ
Информатика мугалимдеринин компетенттүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду. 141 мугалим предметтик билим боюнча 80 сааттык курсту аяктап, 29 окутулган насаатчы менен иштешти, алар мугалимдерди колдоп, аларга окутуу ыкмаларын жакшыртуу боюнча практикалык иштер жүргүзүлдү. КОРЕЯДА КЫРГЫЗ МЕКТЕПТЕРИНДЕ САНАРИП КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

Натыйжада, мугалимдердин орточо санариптик компетенттүүлүк баллы DigCompEdu шкаласы боюнча 2023-жылы 47,5тен 2025-жылы 52,9га чейин жогорулаган. Бул пилоттук долбоордун негизги жыйынтыктарынын бири — окуучуларда да, мугалимдерде да санариптик компетенттүүлүктү информатика сабактарында гана эмес, ошондой эле предметтердин алкагында өнүктүрүү, мугалимдерди даярдоону кеңейтүү жана ресурстары чектелүү мектептерге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы.

Бөлүшүү