“ЗИРЕКТИН”  ЗЭЭНДҮҮ КЫЗДАРЫ

  • 11.12.2019
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун эки окуучусу, бир туугандар Рустамова Амина жана Алия Грузияда өткөн “Менталдык арифметика” боюнча олимпиадага катышып, байгелүү орундарды багындырып келишти.

“ЗИРЕКТИН”  ЗЭЭНДҮҮ КЫЗДАРЫ

Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Тажикстан, Грузиядан жалпы  70 окуучу катышкан.

Сынакка катышкан «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун 3-классынын окуучусу Рустамова Амина баш байгени жеңип алып “Супер чемпион” аталса, 1-классынын окуучусу Рустамова Алия 3-орунду багындырып, эже-синдилер, диплом, кубоктор менен сыйланышты.

Жеңүүчү кыздарды менталдык арифметика предметинен даярдаган, «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун волонтеру, ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин 3-курсунун студенти Айтолкун Абдиваситова  ата-энесинин колдоосу менен олимпиадага жетектеп барды.

Университеттин административдик кеңешинде жеңиш менен келишкен кыздарды куттуктаган ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов алардын окууларына ийгилик, ден соолук, бактылуу балалык каалап, атасы Расул Рустомовго жана апасы Каныкей Тороевага университеттин ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер