Борбор калаада август кеңешмеси өттү

  • 25.08.2026
  • 0

Бүгүн Бишкек шаарында билим берүү кызматкерлеринин жана педагогдорунун «Доор өзгөрткөн билим берүү: өзгөрүүлөр, сапат, натыйжа» аттуу конференциясы өттү. Борбор калаада август кеңешмеси өттүИш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашимбаева, социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары Рахат Мусаева, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, педагогдор жана тармактык эксперттер катышты. Борбор калаада август кеңешмеси өттү

Калаа башчысы өз сөзүндө заманбап билим берүүнүн негизги максаты окуучуга билим берүү менен гана чектелбестен, алган билимин турмушта колдоно алган, өз алдынча ой жүгүрткөн, жоопкерчиликтүү, чыгармачыл жана мекенчил инсанды тарбиялоо экенин белгиледи.

«Бул жогорку максатка мектеп, мугалим жана ата-эне биргеликте, бир багытта иш алып барганда гана жетише алабыз. Өз кезегинде мэрия билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, аларды заманбап жабдуулар менен камсыздоого, имараттарды оңдоп-түзөөгө жана жаңы объектилерди курууга, ошондой эле окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну улантат», – деди Айбек Джунушалиев.

Конференцияда «Доор өзгөрткөн билим берүү: өзгөрүүлөр, сапат, натыйжа» темасындагы негизги баяндаманы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Жаныбек Орозалиев жасады.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүүнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, 12 жылдык билим берүүгө өтүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим берүү уюмдарын башкаруунун заманбап ыкмалары жана борбор калаадагы мектептердин ишинин натыйжалары талкууланды. Борбор калаада август кеңешмеси өттү Мындан тышкары, «Алтын казык» программасын ишке ашыруу, 12 жылдык билим берүүнүн философиясы, жаңы билим берүү моделине өтүү, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү жана билим берүү уюмдарынын практикалык тажрыйбалары боюнча пикир алышуу болду. Ошондой эле административдик-аймактык реформанын алкагында билим берүүнү өнүктүрүү, окуу процессин заманбап уюштуруу жана Бишкектин билим берүү системасын мындан ары өркүндөтүүнүн багыттары каралды.

Конференция «Ачык микрофон» форматындагы талкуу менен жыйынтыкталып, анда педагогдор жана тармактын өкүлдөрү өз сунуштарын билдиришти. Иш-чаранын соңунда билим берүү тармагын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.

Белгилей кетсек, предметтик конференциялар 25-августтан 4-сентябрга чейин улантылып, анда предметтик мугалимдер үчүн билим берүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер