АШПОЗЧУ ЖАНА СЫР ЖАСООЧУ КЕСИПТЕРИ БОЮНЧА КЕСИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАР БААЛАНДЫ
- 25.08.2026
- 0
2026-жылдын 24–25-августунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунда жарандардын кесиптик компетенцияларын баалоо жараяндары өткөрүлдү.
25-августта борбордо «ашпозчу» кесиби боюнча баалоого Жалал-Абад облусунан келген Назгүл Орунбекова катышты. Ал ашпозчулук кесипте 10 жылдан ашык эмгектенип, акыркы төрт жылдан бери кесиптик лицейде иштеп келет. 
Назгүл Орунбекова борборго кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана разрядын көтөрүү максатында кайрылган. Баалоонун жүрүшүндө анын кесиптик билими, практикалык көндүмдөрү жана иш тажрыйбасы белгиленген талаптарга ылайык текшерилди.
Ал эми 24-августта «Сүт азыктарын өндүрүү, сыр жасоочу» кесиби боюнча баалоо уюштурулду. Разрядын жогорулатуу максатында Буслаева Валентина катышып, баалоо Беловодское айылындагы «Kav&Kev» сыр өндүрүү заводунун өндүрүштүк базасында өткөрүлдү.
Талапкер «Сүт азыктарын өндүрүү боюнча мастер. 4-разряддагы сыр жасоочу» квалификациясы боюнча теориялык билимин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөттү. Мындан тышкары, сүт азыктарын өндүрүүнүн технологиялык талаптарын сактоо, продукциянын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча компетенциялары бааланды. 
Баалоону Райымкан Сыдыкназаров жүргүздү. Баалоо комиссиясынын курамына Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун жетекчиси Жанар Шаматова жана борбордун кызматкерлери кирди.
Баалоонун жыйынтыгында Буслаева Валентина Валентиновна өзүнүн кесиптик компетенцияларын ийгиликтүү тастыктап, «4-разряддагы сыр жасоочу» квалификациясы боюнча баалоодон өттү. 
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору жарандардын өз алдынча, формалдуу эмес же турмуштук тажрыйба аркылуу алган кесиптик көндүмдөрүн баалап, расмий тастыктап берет.
А.К., «КБ»
Комментарийлер