СУЛТАН РАЕВДИН «ТОПОН» РОМАНЫ «АЛТЫН КАЛЕМ» ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫГЫНА ТАТЫДЫ

  • 25.08.2026
  • 0

Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев «Топон» романы үчүн абройлуу «Алтын калем» эл аралык сыйлыгына ээ болду.

Буга чейин бул жогорку даражадагы адабий сыйлыкка АКШ, Германия, Франция, Кытай жана башка өлкөлөрдүн дүйнөгө белгилүү жазуучулары татыктуу болуп келген. СУЛТАН РАЕВДИН «ТОПОН» РОМАНЫ «АЛТЫН КАЛЕМ» ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫГЫНА ТАТЫДЫ

Белгилей кетсек, «Топон» романы буга чейин италия, венгер, орус, азербайжан, казак жана өзбек тилдеринде басылып чыгып, чет элдик окурмандардын да жогорку баасына татыган. Мындан тышкары, аталган чыгарма Швецияда өткөн эл аралык адабий конкурста Гран-прини багындырган. Ал эми жазуучу өзү буга чейин Генрих Сенкевич атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты аталган. СУЛТАН РАЕВДИН «ТОПОН» РОМАНЫ «АЛТЫН КАЛЕМ» ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫГЫНА ТАТЫДЫ

Султан Раев окурмандарга «Чаң жол”, “Күн кармаган бала” аттуу аңгемелер жана повесттер жыйнактарынын, ошондой эле “Жанжаза”, “Топон” романдарынын жана башка бир катар терең философиялык чыгармалардын автору катары кеңири белгилүү.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер