ЖЫЙЫНТЫКТОО МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯНЫ ӨТКӨРҮҮ МӨӨНӨТҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 13.05.2023
  • 0

Негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү программалары боюнча 2022-2023-окуу жылында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 2-июндан 19-июнга чейин өтөт.

ЖЫЙЫНТЫКТОО МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯНЫ ӨТКӨРҮҮ МӨӨНӨТҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Маалыматка ылайык, окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 2-июндан 19-июнга чейин беш предметтен, анын ичинен төрт милдеттүү жана бир тандоо боюнча өтөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2-июнда математикадан/алгебрадан (комплекстүү жазуу түрүндө), 7-июнда эне тилинен (дилбаяндын элементтери баяндама), 12-июнда кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилиндеги класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө), 15-июнда Кыргызстандын тарыхынан оозеки сынак тапшырылат.

Ал эми тандалган предмет боюнча (сабакты/сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп-лицейлер, мектеп-гимназиялар, окуу-тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темалар, бөлүмдөр эске алынат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер