ЖЫРТКЫЧ ЖУРНАЛДАРДАН САКТАНУУНУ БИЛЕСИЗБИ?  

  • 19.05.2020
  • 0

20-майда саат 15.00дө Онлайн Университети  платформасынын алкагында “Илимий журналдарды баалоо: жырткыч журналдардан сактануу” аттуу вебинар өтөт.

ЖЫРТКЫЧ ЖУРНАЛДАРДАН САКТАНУУНУ БИЛЕСИЗБИ?  

Вебинар заман талабына ылайык абройлуу журналдарды табуу, журналдардын сапатын текшерүү жана баалоо, журналдардын сапатын текшерүүдө системаларды колдонуу, журналдын импакт фактору, квартили деген эмне, Web of Science, Scopus, РИНЦте журналдардын сапатын текшерүү кандай жүргүзүлөт, SCIE, SSCI, AHCI, ESCI ж.б. индекстердин айырмалары, жырткыч журналдардан сактануу жана аларга кабылбаш үчүн эмнелерге көңүл бөлүү керек  деген суроолордун алкагында өтөт.

Вебинардын спикери  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Китепкана жана иш кагаздар башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбеков болот. Ал: “Азыркы убакта дүйнө жүзүндө 100 миңден ашык илимий журналдар бар. Бирок, бул илимий журналдардын замандын талабына ылайык сапатын, деңгээлин текшерүү илимпоздорубузга суроо жаратып келет”, — дейт.

Бөлүшүү

Комментарийлер