“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” АНЫКТАЛДЫ

  • 04.10.2022
  • 0

Быйыл да Ош алдыга озуп чыкты. “Жылдын мыкты тарбиячысы 2022” сынагынын жыйынтыгында Ош шаарындагы №39 “Күн нуру” бала бакчасынын тарбиячысы Гульназа Туленбаева биринчи орунду ээледи. 

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” АНЫКТАЛДЫ

Экинчи байгелүү орун Талас облусунун Манас районундагы “Байчечекей” бала бакчасынын тарбиячысы Эркинбек кызы Мунарага, үчүнчү орун Ош облусунун Алай районундагы №1 бала бакчанын тарбиячысы Арапаткан Туменовага тийди.

Бишкекте эки күндөн бери күндөн бери өтүп жаткан “Мыкты жыл мугалими” жана “Мыкты жыл тарбиячысы” республикалык сынагынын IV этабына сегиз дубандан мыктынын мыктысы тандалып келип билим таймашында күч сынашты.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” АНЫКТАЛДЫ“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” АНЫКТАЛДЫ“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” АНЫКТАЛДЫ

Калыстар тобунун баамында, алардын арасынан эң мыктысын аныктоо кыйынга турду. Муну катышуучулар жана алардын күйөрмандары калыстардын чечим чыгаруу убактысы узакка созулгандан улам баамдап турушту. Кантсе да, ар бир мелдеште жеңүүчү болуш керек, аны аныктоо калыстар үчүн да оор иш экени жашыруун эмес. Ал эми күйөрмандар үчүн өз аймагынан алдыга озуп келген талапкер ар дайым жеңүүчү, ар дайым биринчи болуп кала берет. Мунун да өз чындыгы бар.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” АНЫКТАЛДЫ

Калыстар тобунун төрайымы, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти Токтобүбү Орусбаева калыс баамдагандай, республикалык деңгээлдеги таймашка ар бир катышуучу өзүнүн облусунун намысын коргоп келгени эле чоң жеңиш, чоң эрдик.

— Биз үчүн татыктуулардын татыктуусун тандоо эң кыйын болду. Анткени ушул жерге келгендердин баары — жеңүүчүлөр экени талашсыз. Бирок таймаш деген таймаш экен, мыктылардын ичинен мыктысын тандоо вазийпасын акыйкат, так аткарганга аракеттендик. Ош шаарынан келген талапкер эмнеси менен айырмалана алды? Ал тайпадагы балдарга бирдей форма даярдап келиптир. Кыйын педагог кайда барбасын, өзүнүн чеберчилиги менен балдарды өзүнө тартып алат жана бир өзгөчөлүктү таба билет. Биз Гульназадан ошол чеберчиликти көрдүк. Анын үстүнө, биздин баамыбызда, Оштун жетекчилиги педагогдорго мотивация берүүнү мыкты өздөштүрүптүр, облустук турларда жеңген жеңүүчүлөргө батир, машина тартуулап жатканын угуп, көрүп жатабыз. Бул албетте, ар бирин алдыга сүрөп, жеңишке жетелейт. Былтыр да Оштон келген тарбиячы баш байгеге ээ болгону эсибизде, — дейт.

Сынактын уюштуруучулары бүгүнкү чечүүчү күнү катышуучулар үчүн да, калыстар үчүн да эшигин ачып, сый-урмат көргөзгөн Бишкек шаарындагы №182 бала бакчасынын жетекчилигине (директору Эльмира Сырдыбаева) терең ыраазычылык билдиришти.

Эскерте кетсек, 5-октябрда баш калаабыздагы кыргыз улуттук А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт.

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер