ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СТУДЕНТ-ПРАКТИКАНТЫ
- 22.04.2025
- 0
2025-жылдын 24-апрелинде саат 10.00дө Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде жыл сайын өтүүчү «Жылдын мыкты студент-практиканты» конкурсу өткөрүлөт.
Конкурста педагогикалык адистиктеги 4-курстун студенттери кесиптик даярдыгынын деңгээлин, өз алдынча педагогикалык ишмердүүлүккө көндүм жана жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, жумушка орношуу үчүн портфолио түзүшү керек.
Конкурсту өткөрүүнүн негизги максаты: болочок жаш мугалимдердин жеке кесиптик өсүшүнө шарт түзүү, чыгармачыл жана таланттуу студенттерди аныктоо, кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу болуп саналат.
Милдети: кесиптик билимге, жогорку квалификацияга ээ болгон студенттерди колдоо жана аларга дем берүү; окутуу усулдары жаатындагы инновацияларды, демилгелерди колдонуу, өздүк педагогикалык стилди издөөгө түрткү берүү; практикант-студенттердин ортосунда педагогикалык тажрыйба алмашуу.
Уюштуруучулар: К.Карасаев атындагы Бишкекмамлекеттикуниверситетининсапат, практика жана карьера бөлүмү, Европа цивилизациялары, орус, кыргыз филологиясы жана педагогикалык билим берүү факультеттери.
Катышуучулар:
Сынакка Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин директорлору жана мугалимдери, генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин окутуучулары, БМУнун профессордук – окутуучулук курамы.
«Жылдын эң мыкты студент-практиканты» сынагынын финалына эң көп балл алган конкурсанттар конкурстун жеңүүчүлөрү болуп жарыяланат жана конкурсту өткөрүү тартибине ылайык дипломдор, баалуу белектер менен сыйланышат.
Дареги: Бишкек ш., пр. Ч. Айтматов 27, БМУ, Кинозал. Байланыш тел. 54-03-18
Комментарийлер