«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГУ — 2018»

  • 28.06.2018
  • 0

Окуучуларды рухий адеп-ахлакта тарбиялоо, жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, суициддин, рекетчиликтин, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында Ноокен районунун мектептеринин соцпедагогдору арасында кароо-сынак жарыяланып, 2  этапта өттү.

«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГУ - 2018»

Кароо-сынакта негизинен соц.педагогдордун бир жылдык аткарган иштеринин абалы каралды. Жыйынтыгында жеңүүчү аталган катышуучулар Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин диплом, Ардак грамоталары менен жана баалуу белектери менен сыйланышты.

I орунга № 6 Арал орто мектебинин соцпедагогу Зияшова Кансалат татыктуу болду. II орун № 21 Фуркат  атындагы орто мектебинин соц.педагогу С. Мырзаевага, III орун № 31  Ж. Татыкулов атындагы орто мектебинин соц.педагогу С. Тажибаевага ыйгарылды.

 

Т. Бакиров, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн инспектору 

Бөлүшүү

Комментарийлер