“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫНЫН IV ЭТАБЫ

 “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын IV этабы бүгүн, 3-октябрда башталып, буга чейинки баскычтардан ийгиликтүү өткөн 17 талапкер катышууда.

Сынактын салтанатту ачылышында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова — “Билим берүү тармагы абдан оор тармак. Бул тармакта жаңы нерсени өздөштүрүп, анын жемишин алууга 10-12 жыл кетет. Андыктан бардык катышуучулар сынактан жаңы тажрыйба, билим, идея аласыздар деп ишенем. Эң башкысы сынак ачык-айкын, адилеттүү өтүп, чыныгы кесипкөйлөр жеңишке жетишин каалайм”, — деди өз сөзүндө.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫНЫН IV ЭТАБЫ

Сынактын IV этабы 3-4-октябрь күндөрү №69 жалпы билим берүү орто мектебинде жана №182 бала бакчада өтөт.  Анда педагогдор чеберчиликтерин жана көндүмдөрүн көрсөтүү үчүн сабактарды өтүшмөкчу жана ошондой эле мугалимдер үчүн мастер-класстар дагы уюштурулат.

Республикалык сынактын жеңүүчүлөрү 5-октябрь күнү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында сыйлоо аземи болмокчу.

Бөлүшүү

Комментарийлер