“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫНЫН РАЙОНДУК ТУРУ БАШТАЛДЫ

  • 16.04.2026
  • 0

Өлкө аймактарында республикалык “Жыл мугалими” сынагынын райондук туру өз ишин баштады. Алсак, Жумгал районунун «Мыкты мугалим жана мыкты тарбиячы — 2026» конкурсу өткөрүлүп, мыктылар аныкталып, кийинки турга жолдомо алышты.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫНЫН РАЙОНДУК ТУРУ БАШТАЛДЫ

Аталган сынакка ар кандай предметтен райондун мектептеринен  15 мугалим жана бала бакчалардан  9 тарбиячы  катышып өз педагогикалык ишмердүүлүгүн  жогорку чеберчилик менен көрсөтүштү.

Маалыматка таянсак, О.Ногойбаев атындагы орто мектебинен башталгыч класстын мугалими Шекербекова Тахмина, информатика мугалими Турарова Калбүкан педагогикалык чеберчиликтерин мыкты деңгээлде көрсөтө алышты.

Бул сынактын жүрүшүндө берилген педагогикалык-психологиялык тестти жогорку упай менен тапшырып, сабагын жогорку көрсөтмөлүүлүк, заманбап технологияларды колдоно билүү чеберчилиги, мастер-классты жогорку деңгээлде өткөрө билгендиги менен мектептин информатика мугалими Турарова Калбүкан I орунду камсыздап, Жумгал районунун Билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы, Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жумгал райондук комитетинин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыгы менен сыйланды.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫНЫН РАЙОНДУК ТУРУ БАШТАЛДЫ

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫНЫН РАЙОНДУК ТУРУ БАШТАЛДЫ

Өз ишине берилүү менен окуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, заманбап билим берүүдө өз ордун таба билген, чыгармачыл, аракетчил Калбүкан Тураровага мектептин эмгек жамааты албан-албан ийгиликтерди каалап, кийинки облустук, республикалык турда ийгилик жаратат деген үмүттөрү чоң.

Ал эми Ак-Талаа районунда сынакка мектептерден 37 мугалим жана бала бакчалардан 15 тарбиячы катышкан. Алар сынак алкагында кесиптик деңгээлин, методикалык даярдыгын жана заманбап билим берүү стандарттары боюнча денгээлин аныктаган тесттен өтүштү. Ошондой эле инновациялык ачык сабактарды өтүү менен педагогикалык чеберчилигин көрсөтүштү. Жыйынтыгында 7 мугалим жана 2 тарбиячы мыкты деп табылып, сынактын облустук туруна жолдомо алышты.
“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫНЫН РАЙОНДУК ТУРУ БАШТАЛДЫ “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫНЫН РАЙОНДУК ТУРУ БАШТАЛДЫ
— “Жылдын мыкты мугалими” республикалык кароо-сынагы – бул жөн гана сынак эмес, бул мугалимдин чыгармачылыгын, изденүүсүн, кесипкөйлүгүн жана окуучуларга болгон чексиз мээримин даңазалаган чоң майдан. Ушул абройлуу сынактын райондук турунда №5 жалпы билим берүү мектебинин сыймыктуу мугалимдери — кыргыз тили жана адабияты сабагынын чебери Шоорукова Алтынчач  жана география илиминин терең билгичи Бекмурзаева Чолпонай өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги сабак өтүү чеберчилигин, заманбап ыкмаларды мыкты өздөштүргөндүгүн жана чыгармачыл изденүүсүн даана көрсөтө алышты.
Алардын талыкпас эмгеги, кесипке болгон берилгендиги жана жоопкерчилиги жогору бааланып, I орунду багындыруу менен облустук турга жолдомо алышты. Бул — мугалимдердин гана эмес, жалпы мектеп жамаатынын чоң жеңиши жана сыймыгы! — дешет Лейлектеги №5 мектептин мугалимдери.
“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫНЫН РАЙОНДУК ТУРУ БАШТАЛДЫ
Сынак мугалимдер менен тарбиячылар арасында заманбап билим берүүнүн жаңы ыкмаларын жайылтуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо жана мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү максатында жыл сайын уюштурулуп келет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер