ДОСТУКТУН КҮЧҮ БИРДИКТЕ

  • 23.10.2026

Ош технологиялык университетинде “Улуттар аралык достук — бирдиктин күчү!” аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чараны ОшТУнун Жаштар комитети уюштуруп, ага университеттин окутуучулары, студенттери жана Ош шаарынын тургундары катышты. Анын алкагында улуттук тамак-аштардын жарманкеси уюштурулуп, ар түрдүү улуттардын маданияты, каада-салты жана улуттук өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү. Катышуучулар улуттук даамдар менен таанышып, ар улуттун маданий мурастарын чагылдырган көргөзмөлөргө күбө болушту.

Иш-чаранын негизги максаты — улуттар аралык достукту бекемдөө, маданияттардын ар түрдүүлүгүн даңазалоо, жаштар арасында өз ара сый-урматты жана ынтымакты

өнүктүрүү.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү