АК ИЛБИРС КҮНҮ: АНАНЬЕВОДО РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ

  • 23.10.2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ананьево айылындагы «Ак Илбирс» илимий-изилдөө реабилитациялык борборунун ачылыш аземине катышты.  АК ИЛБИРС КҮНҮ: АНАНЬЕВОДО РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ

Иш-чарага ошондой эле Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов да катышты. Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев ак илбирстин — Кыргыз Республикасынын улуттук символдорунун бири катары, тоо жаратылышынын улуулугун, кыргыз элинин күчүн жана асылдыгын чагылдырган өзгөчө маанисин баса белгилеп, бул борбордун ачылышы ак илбирсти жана жапайы жаныбарлардын башка сейрек кездешүүчү түрлөрүн сактоо ишиндеги маанилүү кадам экенин айтты. АК ИЛБИРС КҮНҮ: АНАНЬЕВОДО РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ

Борбор илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ветеринардык жардам көрсөтүү жана жаныбарларды реабилитациялоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.

Министрлер Кабинетинин башчысы Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Миннихановго долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы жана эки тараптуу достук байланыштарды чыңдаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Долбоордун негизги максаты — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жок болуп кетүү коркунучу алдында турган сейрек кездешүүчү түр катары ак илбирсти узак мөөнөттүү коргоону камсыз кылуу, ошондой эле илимий-изилдөө, ветеринардык жана реабилитациялык инфраструктураны түзүү болуп саналат. АК ИЛБИРС КҮНҮ: АНАНЬЕВОДО РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ

Бул демилге эл аралык  илимий кызматташтыкты чыңдоого, илимий маалыматтар жана практикалык тажрыйба менен алмашууга, жапайы жаратылышты коргоо жаатында квалификациялуу адистерди даярдоого зор өбөлгө түзөт.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү