“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ”: ФИНАЛДЫК ЭТАП
- 04.09.2026
- 0
Үстүбүздөгү жылдын 23–25-сентябрында Бишкек шаарында билим берүү тармагындагы эң маанилүү иш-чаралардын бири — “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурстарынын финалдык этабы өткөрүлөт. Бул сынактар алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, билим берүүдө заманбап технологияларды жана методикаларды натыйжалуу колдонгон таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктап колдоо, ошондой эле алардын бай тажрыйбасын жалпыга жайылтуу максатын көздөйт.

2025-жылы «Мыкты мугалим» республикалык конкурсунун баш байгесин Түп районундагы К. Уметалиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат АСАНОВА жеңип алган.
Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык Агартуу министрлиги тарабынан жыл сайын салттуу түрдө уюштурулуп келген бул сынактын республикалык финалына өлкөбүздүн бардык аймактарынан тандалган мыктылар келет. Тагыраагы, облустук жана шаардык этаптын жыйынтыгы менен суурулуп чыккан 133 мугалим жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 28 педагогикалык кызматкери башкы байгелер үчүн күч сынашат.
“Жылдын мыкты мугалими” сынагы жалпысынан 18 номинация боюнча өткөрүлөт. Анда Гран-при ээсинен баштап, башталгыч класстардын, тил жана адабият (кыргыз, орус, чет тилдери), так жана табигый илимдер (математика, физика, химия, биология, информатика, география), тарых, адам жана коом, диндердин өнүгүү тарыхы, музыка, дене тарбия, көркөм-сүрөт жана аскерге чейинки даярдык сабактарынын эң мыкты мугалимдери аныкталат. Катышуучулар үч турдан турган татаал сыноодон өтүшөт. Биринчи турда педагогдор тест тапшырып, кырдаалдык маселелерди чечишсе, экинчи турда мастер-класс көрсөтүшөт. Ал эми чечүүчү үчүнчү турда тааныш эмес класста сабак өтүп, өздөрүнүн чыныгы кесиптик көндүмдөрүн далилдешет.
Ал эми “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагында тарбиячы, методист, мамлекеттик тил мугалими жана музыкалык жетекчи категориялары боюнча мыктылар тандалат. Бул багыттын катышуучулары да үч тур менен таймашат. Алар алгач өзүнүн кесиптик тажрыйбасын баяндаган видеопрезентация жана портфолиосун жакташса, кийинки турларда тесттик сыноодон өтүп, санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-класс көрсөтүшөт.
Сынактын жыйынтыгында бардык катышуучулар диплом, төш белги жана сертификаттар менен сыйланышат. Эң жогорку упай топтоп, “Жылдын мыкты мугалими” Гран-присин жеңип алган мугалимге башкы сыйлык катары батир берилет. Ошондой эле, мыкты мугалимдерге жана эң мыкты деп табылган төрт тарбиячыга Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан акчалай сыйлыктар ыйгарылат. Жогорку упай алган катышуучулар Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктарына да ээ болушат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2026-жылдын 5-октябрында — Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкек шаарында салтанаттуу түрдө өткөрүлөт.
А.К., «КБ»