БЭЭЖИНДЕ «ТЯНЬ-ШАНЬ» АДАБИЯТ ФОРУМУ ӨТТҮ
- 26.10.2026
- 0
21–23-октябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында Кытай коомдук илимдер академиясынын этникалык адабият институту менен Жогорку деңгээлдеги аналитикалык борборлордун улуттук кеңешинин катчылыгы тарабынан уюштурулган «Кытай жана Борбордук Азия адабияттары боюнча «Тянь-Шань форуму» аттуу чоң маданий-илимий жыйын болуп өттү. 
Пленардык жыйындан жана үч секциядан турган бул масштабдуу иш-чарага Борбордук Азия мамлекеттеринин баарынан белгилүү окумуштуулар келип катышышты. Форумдун жүрүшүндө этникалык маданият, адабий мурастарды сактоо, ошондой эле санариптештирүү доорундагы цивилизациялар аралык карым-катыш мамилелери сыяктуу актуалдуу маселелердин тегерегинде кызуу пикир алмашуулар жүрдү.

Эл аралык деңгээлдеги маанилүү жыйынга Кыргызстандан филология илимдеринин докторлору, профессорлор Садык Алахан, Үмүт Култаева, Венера Акматова, Мээрим Көлбаева баштаган бир катар окумуштуулар катышып, илимий баяндамаларды жасашты жана ата мекендик илимдин жетишкендиктерин тааныштырышты.
