БЕТОНДУ СЫНООЧУ ЗАМАНБАП ЖАБДУУ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

  • 26.10.2026

Ош технологиялык университетинин Архитектура жана курулуш институтунун Курулуш өндүрүшү кафедрасында бетонду кысууга бекемдигин жана арматураны чоюуга сыноочу жабдуу алынып, пайдаланууга берилди.

Жаңы жабдуу курулуш багытында билим алган студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга, курулуш материалдарынын сапатын жана бекемдигин аныктоо ыкмаларын үйрөнүүгө шарт түзөт. Айрыкча, «Темир-бетон жана таш конструкциялары» сабагында студенттердин практикалык көндүмдөрүн калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.

ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев жаңы жабдуу менен таанышып, анын окуу процессиндеги маанисине токтолду. Архитектура жана курулуш институтунун директору Муса Шабданов жабдуунун мүмкүнчүлүктөрү жана аны окуу процессинде колдонуу багыттары тууралуу маалымат берди.

Жабдуунун пайдаланууга берилиши студенттердин практикалык даярдыгын жогорулатууга жана курулуш тармагына квалификациялуу адистерди даярдоонун сапатын жакшыртууга багытталган.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү