ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ: АЛАЙ МУЗЫКАЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ СЫЙЛЫККА ЭЭ БОЛДУ
- 26.10.2026
- 0
19–22-октябрь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарында өткөн Түрк дүйнөсүнүн IV эл аралык театр фестивалынын жыйынтыгында Т.Тажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры «Эң мыкты кичи формадагы спектакль» номинациясы боюнча жеңүүчү аталды. 
Аталган театр фестивалга Каныбек Иманалиевдин калемине таандык «Куса» спектакли менен катышты. Режиссёру — Кыргыз Республикасынын эл артисти Уланмырза Карыпбаев. «Куса» спектаклинин бул ийгилиги кыргыз театр өнөрүнүн чыгармачылык дараметин, улуттук драматургиянын көркөмдүк өзгөчөлүгүн жана ата мекендик театрлардын эл аралык маданий мейкиндиктеги ордун дагы бир жолу айгинеледи. 
Түрк элдеринин театр искусствосундагы жетишкендиктерин таанытууга, өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого, чыгармачыл жамааттардын тажрыйба алмашуусуна багытталган бул эл аралык фестиваль кыргыз маданиятынын дүйнөлүк деңгээлде таанылышына кошулган маанилүү салым болуп саналат.
А.К., «КБ»