«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ – 2026»: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР МАСТЕР-КЛАСС  ӨТҮҮДӨ

  • 24.09.2026

Бишкек шаарында өтүп жаткан республикалык сынактын экинчи күнүндө катышуучулар өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин көрсөтүп, тааныш эмес класстарда өздөрүнүн окутуу багыттары боюнча мастер-класстарды өткөрүшүүдө.

"ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ – 2026": МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР МАСТЕР-КЛАСС  ӨТҮҮДӨ

Мастер-класстын жүрүшүндө педагогдор сабак өтүүдө заманбап усулдарды колдонуу, окуучулар менен натыйжалуу иш алып баруу, алардын активдүүлүгүн арттыруу жана окуу процессин уюштуруу боюнча өз тажрыйбаларын көрсөтүшүүдө.

Катышуучулардын ишмердүүлүгү педагогикалык ыкмаларды туура тандоосу, сабакты уюштуруу чеберчилиги, окуучулар менен баарлашуусу жана окутуунун натыйжалуулугу сыяктуу критерийлер боюнча бааланат.

Белгилей кетсек, «Жылдын мыкты мугалими – 2026» сынагынын финалдык этабы үч турдан турат: тестирлөө, мастер-класс жана ачык сабак. Сынакка өлкөнүн аймактарынан тандалып алынган 133 мугалим катышууда.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү