«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ – 2026»: МУГАЛИМ – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИН КУРУУЧУ
- 23.09.2026
- 0
Бүгүн, 23-сентябрда борбор калаабыздагы №67 Т.Үмөталиев атындагы мектептин базасында “Жыл мугалими – 2026”, «Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026» жана «Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу – 2026» республикалык сынагы өз ишин баштады. Сынакка бардык региондон тандалып келинген 133 мыкты мугалим, 28 тарбиячы катышууда.

Сынактын расмий ачылышында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен катышуучуларды №67 мектептин окуучулары куттуктап, сөздү агартуу министринин орун басары Надира Жусупбековага беришти. Ал жүрөгүн балдарга арнаган мугалимдерди майрамы менен куттуктады.

— Бүгүнкү иш-чаранын деми, жылуу атмосферасы баарыбызга өзгөчө маанай тартуулоодо. Сиздер менен бирге сынакка катышып, мастер-класс көрсөтүп, сабак берчүдөй толкунданып турам. Жакшы каалоо-тилектер менен ушул майрамдык конкурсту ачык деп жарыялайбыз. Кыргызстандын балдарынын түрдүү тармактардагы ийгиликтери менен жетишкендиктери – эң биринчи кезекте сиздердин талыкпас эмгегиңиздердин үзүрү. Мектептен билим албай, мугалимдин тарбиясын көрбөй туруп бир да адам ийгиликке жете албайт. Өз кесибиңиздерди жана балдарды чын жүрөктөн сүйгөндүгүңүздөр үчүн ушул жолду тандап, Кыргызстандын келечегин куруп жатасыздар. Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт жана ийгилик каалайм! Азыркы тапта сиздер ар бир облустан суурулуп чыккан мыктылар, өз этабыңыздардын жеңүүчүлөрүсүздөр. Алган тажрыйбаңыздарды региондорго жайылтып, ар бир предмет боюнча тажрыйба алмашууну уюштурабыз. Сиздер «балдарыбыз дүйнө жүзүндөгү теңтуштарынан калышпай, эң алдыңкы технологиялар менен билим алсын» деген асыл максат менен күн сайын талыкпай эмгектенип келесиздер. Өмүр бою окуп-үйрөнүп, өз сүйүүңүздөрдү балдарга арнап, сынакка коркпой келип катышканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сынак толугу менен ачык-айкын өтсүн. Калыстар тобуна да ийгилик каалайм. Чыныгы татыктуулар байгелүү орундарды багындырып, бул иш-чара жемиштүү тажрыйба алмашуу аянтчасы болсун! – деди министрдин орун басары.
Сынактын тестирлөө турунун тартиби
«Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты тарбиячысы» жана «Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу – 2026» республикалык финалы 3 турдан турат. Финалга аймактардан суурулуп чыккан 133 катышуучу, 28 тарбиячы катышууда. Сынак КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын декабрындагы №703 «Жылдын мыкты мугалими жана Жылдын мыкты тарбиячысы» жобосуна ылайык уюштурулган. Бүгүн №67 мектепте сынактын 1-турунан эки нөөмөт менен сынактын катышуучулары тест тапшырышты.

Белгилүү болгондой, тестти Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти өткөрдү. Департаменттин текстология боюнча эксперти Зейнеп Жамакееванын айтымында, тест 3 бөлүмдөн турат: предметтик тест; методика; педагогикалык кырдаалдык тапшырмалар.

— Тапшырмалардын түрлөрү боюнча — бир туура жоопту тандоо, дал келтирүү, туура иретте жайгаштыруу жана бир нече туура жоопту тандоо каралган. Жалпы 30 суроо берилет. Ар бир туура жооп 2 балл менен бааланып, максималдуу балл – 60 баллды түзөт. Экинчи турга өтүү үчүн кем дегенде 40 балл топтоо керек. Кыргыз тили жана адабияты, мамлекеттик тил, англис тили, немис тили, диндердин өнүгүү тарыхы, дене тарбия, аскерге чейинки даярдык, көркөм өнөр, музыка, тарых, адам жана коом – 45 мүнөт; биология, география, башталгыч мектеп, технология, информатика, математика, физика, химия — 70 мүнөт, — дейт Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин текстология боюнча эксперт Зейнеп Жамакеева.
Тестирлөө процесси жана коопсуздук эрежелери
Тест башталар алдында администраторлор кыргыз жана орус тилдеринде толук инструктаж өткөрүштү. Компьютердеги суроолор сунушталган базадан (мисалы, физика боюнча 365 суроо) катышуучуга рандомдук (кокустук) түрдө тандалып чыгат экен.
— Катышуучу адегенде жооп берүүдөн кыйналган суроону «өткөрүп жиберүү» (пропустить) баскычы аркылуу калтырып, кийин кайра кайрыла алат. Тапшырманы бүтүргөндөн кийин «аяктоо» (завершить) кнопкасы басылат. Жыйынтык дароо экранга чыгат да, 3 нускада кагазга басылып, катышуучунун колу коюлат, — дейт З.Жамакеева.
Тесттин жыйынтыгына макул болбогон катышуучулар саат 12:00дөн баштап иштеген Апелляциялык комиссияга кайрыла алышат. Комиссиянын курамына Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин атайын окуудан өткөн эксперттери кирген.
Маалымат үчүн:
«Жылдын мыкты мугалими – 2026» сынагы төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
1) Баш байге — «Жылдын мыкты мугалими»;
2) Башталгыч класстардын мыкты мугалими;
3) Кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими;
4) Орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими;
5) Математика боюнча мыкты мугалим;
6) Тарых боюнча мыкты мугалим;
7) «Адам жана коом» предмети боюнча мыкты мугалим;
8)) Чет тилинин мыкты мугалими;
9) Физика жана астрономия боюнча мыкты мугалим;
10) Информатика боюнча мыкты мугалим;
11) Химия боюнча мыкты мугалим;
12) География боюнча мыкты мугалим;
13) Биология боюнча мыкты мугалим;
14) «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалим;
15) Музыка боюнча мыкты мугалим;
16) Дене тарбия боюнча мыкты мугалим;
17) Көркөм сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим;
18) Аскерге чейинки даярдык боюнча мыкты мугалим.
Финалдык этап үч турдан турат:
— «Педагогикалык кырдаалдар» — тесттик суроолорго жооп берүү жана кырдаалдык маселелерди чечүү;
— «Мастер-класс» — окуучуларды тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча компетенцияларды көрсөтүү;
— «Сабак» — бейтааныш класста сабак өтүү жана аны талдоо.
Конкурстун финалдык этабынын бардык катышуучулары дипломдор менен сыйланат. Үч турдун жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл топтогон катышуучу Гран-принин ээси деп табылат. Ошондой эле республикалык этаптын жыйынтыгы боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен катышуучулар «Билим берүүнүн отличниги» ведомстволук сыйлыгы менен сыйланат.
«Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026» республикалык конкурсу төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлөт:
1) Тарбиячылар;
2) Методисттер;
3) Мамлекеттик тил мугалимдери;
4) Музыкалык жетекчилер.
Финалдык этап үч турдан турат:
— видео-презентация жана портфолио аркылуу кесиптик тажрыйбасын баяндоо;
— тесттик сыноо жана «Педагогикалык кырдаалдар» тапшырмаларын аткаруу;
— санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-класс көрсөтүү.
Жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон төрт педагог жеңүүчү деп табылып, акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланат. Калган катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.
«Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу – 2026» республикалык кесиптик чеберчилик сынагы төрт турдан турат:
1) Өзүн-өзү тааныштыруу;
2) Усулдук кейсти жактоо;
3) Көргөзмөлүү сабак;
4) Педагогикалык риторика.
Сынактын жыйынтыгында эң көп упай топтогон катышуучулар жеңүүчү деп табылып, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин I, II жана III даражадагы дипломдору жана ноутбук менен сыйланышат.
Үч сынактын жеңүүчүлөрү Мугалимдер күнүнө карата 5-октябрда өтө турган салтанаттуу иш-чарада сыйланат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”