«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ — 2021» ШААРДЫК СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 20.04.2021
  • 0

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүндө «Жылдын мыкты мугалими — 2021» шаардык сынагы 13-14-апрель күндөрү өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, сынакка шаардык мектептеринен башталгыч класстын мугалимдери тандалып келген.  Алар:  Эркинай кызы Бегимжан — Токтогул атындагы N 1 мектеп-гимназиясы; Азаматова Азиза – Ч.Түлөбедиев атындагы N 2 инновациялык мектеби; Орозобек кызы Гүлайым — Фрунзе атындагы N 3 жалпы орто билим берүү мектеби; Аметжанова Сайкал —    Д. Шопоков атындагы N 4 орто мектеби; Нурманбетова Жыргал — Хуриев атындагы N 5 орто мектеби жана Култаева Майгулу — Темиров Туралы атындагы N 6 орто мектебинен талапкерлер күч сынашышты.

Сынактын талаптары: Жаңы технологиялык усулдарды колдонгон, компетенттүүлүккө негизделген санарип мугалимдин сабагынан фрагмент;  мугалимдин кесиптик,  педагогикалык, психологиялык, предметтик тест; «Мугалимдин усулдук устаканасы» (презентация) жана «Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт» китебинен «Ийгиликтүү мугалимге кеңештер» деген темада эссе жазуу, презентациялоо.

— Метод – кең кучактуу түшүнүк, ал эми технология болсо – методдун бөлүктөрү, баскычтары, анын деталдары жана ишке ашыруу ыкмасы. Демек, окутуунун медодорун билүү менен сабакты жогорку деңгээлде өтүүгө мыкты технология керек — мына ошону өздөштүрүп кеткен мугалим мыкты мугалим боло алат. Бүгүнкү талапкерлер окутуунун заманбап метод-технологияларын жайылтышып, өтүлгөн сабактын максаты балдардын турмушунда компетенттүүлүккө карай негизделген натыйжасын көрсөтө алды, — дейт бизге келген билдирүүдө.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

I орунга Эркинбай кызы Бегимжан жана Орозобек кызы Гүлайым, Il орунга Култаева Майгулу жана Аметжанова Сайкал, Ill орунга Нурманбетова Жыргал ээ болушту.

— Калыстар тобу окутуунун методикасына жана технологиясына көңүлдүн борборун буруу менен жылдын мыкты мугалимин тандоону максат кылды жана аны тандоо кыйынчылык менен ишке ашты. Себеби, бүгүнкү талапкерлер биринен-бири өткөн чыгаан, чебер, тапкыч, өжөр, билимдүү, жаңычыл, санарип жаштар болгондуктан тандоо оңойго турган жок. Ошентсе да кыска убакыттын ичинде окутуунун жаңы методдорун колдонуп максатка жеткен Ч.Түлөбердиев атындагы N2 инновациялык мектептин орус тилдүү башталгыч классынын мугалими Азиза Азаматова «Жылдын мыкты мугалими — 2021» деп табылды, — дейт маалыматта.

Мыктылардын мыктысы болгон бүгүнкү талапкерлер өздөрүнүн изденгич, чыгармачыл, эрктүү жана дареметтүү жаңычыл санарип мугалим экендигин иш жүзүндө далилдешти.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер