ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ СЫЙЛАНДЫ

  • 05.09.2020
  • 0

Ош билим берүү институтунда облустук «Учурдун санарип мугалими», «Учурдун санарип жетекчиси», «Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты мектеби», «Жылдын мыкты бала бакчасы» сынагынын жеңүүчүлөрү жана алдыңкы педагогикалык кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү.

Аталган сынактарда алдыңкы орунду ээлеген педагогикалык кызматкерлер Ош билим берүү институтунун ардак грамотасы, ошондой эле билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облусу боюнча комитетинин ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаеванын айтымында, бул сынактар өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу аралыктан убактылуу жобонун негизинде уюштурулуп, атайын түзүлгөн эксперттик кеңештин чечими менен жыйынтыгы чыгарылган.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер