ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ

  • 25.05.2024
  • 0

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Лейлек районундагы билим берүүчү мектептердин арасында ар кандай жетишкен ийгиликтер боюнча Лейлек райондук билим берүү бөлүмү, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети тарабынан «Жыл мыктылары» аныкталды.

ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ

Жыл мыктыларынын катарына №5 мектеп — гимназиясы төрт номинацияга татыктуу болду:

  1. Көрктөндүрүү боюнча мыкты иш-аракеттери үчүн №5 мектеп — гимназиясы «Жашылдандыруу боюнча көрктүү билим берүү мекемеси» номинациясына;
  2. Мугалимдер арасында жогорку окууларды уюштургандыгы үчүн математика жана информатика мугалими Шооруков Бакытбек Абдибахапович «Жылдын мыкты санарип насаатчысы» номинациясына;
  3. Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Салибаева Малике Эсеналиевна «Жылдын мыкты кесиптик бирлик уюмунун төрайымы» номинациясына;
  4. «Жылдын мыкты мугалими — 2024» кароо-сынагынын облустук турунун жеңүүчүсү Нурланбек кызы Аида «Жылдын мыкты мугалими» номинациясына татыктуу болушту.

Жыл мыктылары Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер