ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ – 2022
- 28.12.2022
- 0
“Кут Билим” гезити жыл ичинде билим берүү жана илим тармагында көрүнүктүү иш жасап, эл аралык, ата мекендик сынактарда өзүн көрсөтө алган мыкты ишмерлердин тизмесин жарыялады. Алардын ичинде Алтай Бөрүбаев, Абдылдажан Акматалиев, Рысбек Нургазиев сыяктуу көрүнүктүү академиктер, Бектур Исаков, Гапыр Мадаминов баш болгон алдыңкы педагогдор, агартуучулар арасында өткөн сынактарда алдыга озуп чыккан мугалимдер менен тарбиячылар, Асель Сартбаева сыяктуу илимий ачылыштары менен дүйнөгө таанылган окумуштуулар, билим берүү тармагына жардамын аябай, аталык камкордук көрсөтүп жаткан Аскар Салымбеков сыяктуу алдыңкылар бар.
Асель САРТБАЕВА
Кыргызстандык химик окумуштуу, Бата университетинин профессору, Улуу Британиянын Падышалык илимий коомунун мүчөсү миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн дүйнөлүк илимде чоң жылыш жасады. Ал өзүнүн командасы менен вакциналарды бардык температурада кармап турган системаны иштеп чыкты. Ал химиялык биотехнология жаатындагы “IChemE GlobalAwards – 2017” сыйлыгынын ээси, ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын элчиси, Every woman in technology awards (2021) сыйлыгын тапшырган британиялык FDM корпорациясынын версиясы боюнча “Жылдын айымы” болуп таанылган.
Алтай БӨРҮБАЕВ
Кыргызстан эле эмес, башка өлкөлөргө да таанымал математик окумуштуунун “Мейкиндиктеги абсолют операциясы менен толуктоо операциясынын ордун алмаштыруу касиети” аттуу математикалык эмгеги дүйнөдө жаңы илимий ачылыш болуп таанылды. Буга чейин анын эки илимий эмгеги эл аралык деңгээлде бааланган. Биринчиси “Топологиялык мейкиндиктердин өзгөчө касиеттери жөнүндө” деп аталат. Москва мамлекеттик университетинин сунушу менен Москва обсерваториясы жылдыздардын бирине “Алтай” ысымын берген. Академик Алтай Бөрүбаев — Оксфорд университетинин реестрине кирген Орто Азиядагы биринчи окумуштуу.
Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ
Бир багыттан тайбаган, маңдай терин төгүп иштеген, тажрыйбага бай, чыгармачылыкты туу туткан академик бул жылы да жигердүү иштеди. Анын демилгеси, жетекчилиги жана түздөн-түз катышы менен руханий Ала-Тоо болуп, том-томдоп китептер басылды. Өтүп бара жаткан жылы эле “Кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармачылык портреттери» жыйнагы орус, англис тилинде, Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манастын» төрт томдугу, кыргыз, орус тилинде Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 12 томдугу менен бирге жалпы 37 китеп басылды. Жыл жаңырар алдында кыргыз-казак адабий, маданий байланышына зор салым кошкондугу үчүн Казакстандын II даражадагы “Достык” ордени менен сыйланды.
Рысбек НУРГАЗИЕВ
Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, Кыргыз УИА академиги быйыл Россия илимдер академиясынын академиги болуп шайланды. Ал Кыргызстанда вирустардын түзүлүшүн молекулярдык деңгээлде генетикасын изилдеген биринчи окумуштуу катары бул жылы дагы өзү жетектеген окуу жайы жана даярдаган шакирттери менен бирге алгылыктуу иштерди жасады. Алардын эң негизгиси катары ПЦР диагностикасына тест системасын (диагностикумду) даярдоону, JICAнын колдоосу менен университеттин базасында жер кыртышынын жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн абалын изилдөө боюнча илимий изилдөө технологияларын өнүктүрүү долбоорун атасак болот. КУАУнун кызматкерлери Plantedit компаниясы (Италия) менен биргеликте «Вирусу жок картошка жана италиялык, канадалык теректин гибриддерин өстүрүү» долбоорун да иштеп чыкты. Андан сырткары окуу жайда вирусология, молекулярдык биология, биотехнология боюнча ири илимий борбор түзүлдү.
Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА
“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаеванын билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы зор. Алсак, анын жетекчилиги алдында “Жайлоодогу бала бакча” уникалдуу долбоору 2014-жылдан тартып жети облустун жайыттарында жайкы мезгилде ар жылы 100дөн ашык өнүгүү борборлору иштеди. “Үчкө чейин кеч”, “Бешке чейин үлгүр”, «АтаМЕНен” долбоорлору дагы өз жемиштерин берип келатат. Догдуркүл Кендирбаева командасы менен республиканы түрө кыдырып, “Илимдеги кыздар” долбоорундагы 217 насаатчы менен бирге 2772 өспүрүм кызга илим жана технологияга шыктандырып, алардын мотивациясын күчөтүп жана кантип тандап, кандай жаңы кесиптерди алуу мүмкүнчүлүктөрүн окутуп үйрөттү.
Аскар САЛЫМБЕКОВ
“Дордой” ассоциациясынын ардактуу президенти Лейлек районундагы “Максат” айылына сметалык наркы 31 млн сомду түзгөн, 100 орундуу заманбап бала бакча куруп берип, чыныгы аталык камкордугун көрсөттү. Чек арадагы куралдуу кагылышта жабыркаган үй-бүлөлөргө он мобилдүү үй сатып берди.
Малайзиянын Линкольн университети менен биргеликте Бишкекте эл аралык IT жана бизнес колледждин ачты. Мыкты окуучулар менен студенттерге Гүльмира Мамбеталиева атындагы стипендияларды жыл сайын тапшырууда. Бүтүн Кыргызстан боюнча билим берүү борборлорун ачууда. Кыргыз калкы кадырлаган атактуу ишкер негиздеген “Салымбеков университети” жогорку сапаттагы медициналык кадрларды даярдоо боюнча ийгиликтүү иштеп жатат.
Саламат Молдосанов
КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Саламат Молдосанов Каракол педагогикалык колледжин он бир жыл ичинде кирешелүү окуу жайга айлантты. Ал колледжге директор болуп дайындалгандан бери контракт бөлүмдөрү ачылып, окуу жайдын атайын эсебине сегиз миллион сом топтогон. Жетекчинин демилгеси менен окутуучулардын эмгек акылары атайын эсептен бир топ жогорулатылган. Окуу жай жылына эки бүтүрүүчүнү Венгриянын мамлекеттик жогорку окуу жайларына билим алуу үчүн жиберүүгө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Тажрыйбалуу директордун жетекчилиги алдында билим сапатын жогорулатуу үчүн окутуучуларга, студенттерге заманбап шарттар түзүлгөн.
Бектур ИСАКОВ
Атактуу Кыргыз эл мугалими жарым кылымдан ашык мезгилдеги педагогикалык ишмердигинде 56 педагогикалык эмгек жазды. Педагогикалык гуманизмге жана философияга сугарылган, инновациялык технологиялар менен улуттук наркты айкалыштырган окутуунун алдыңкы усулдарын жаратты. Тынбаган чыгармачылык илимий изденүүлөрүнүн натыйжасында “Манас” эпосун, кыргыз тили жана адабиятын окутуу, ыйман сабагы боюнча элүүдөн ашык китептин, 300дөн ашык илимий-усулдук макалалардын автору болду. Өзгөчө “Манас сабагы”, “Манас жана дүйнө борбору”, “Манас алиппеси”, 5-класс үчүн “Биздин адабият”, 8-класс үчүн “Кыргыз адабияты”, 7-класс үчүн “Кыргыз тили” мугалимдердин, студенттердин жана мектеп окуучуларынын колдон түшпөгөн окуу китебине айланды.
Гүлнара ДАЙЫРБЕКОВА
Жогорку кесипкөй, инновациялык идеяларга бай педагог негиздеген “Креатив-Таалим” мектебинде таалим-тарбияга өзгөчө көңүл бурулган. Быйыл анын сунушу менен ата-энелер чогулушу өзгөчө форматта өткөрүлдү. Тандалган тема боюнча балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыкталган чогулушка ата-энелер агылып келип, балдарды тарбиялоодо көптөгөн таасирдүү баяндамаларды угушту. Аталган мектепте быйыл 11-классты “Алтын тамга” менен алты окуучу аяктады. ЖРТдан бир окуучу 223 балл алып, “Алтын сертификат” алганга жетишти. 2017-2022-окуу жылдар аралыгында “Креатив-Таалим” билим берүү комплексин 89 бүтүрүүчү аяктаган. Анын ичинен 82си Кыргызстандагы жана алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга өтүп, ийгиликтүү окуп жатышат. Бул ийгиликтерге жетишүүдө Г.Дайырбекованын эмгеги зор.
Гульназа Туленбаева
Ош шаарындагы №39 «Күн Нуру» бала бакчасынын тарбиячысы республикалык «2022-жылдын мыкты тарбиячысы» жана «Ош шаарынын мыкты тарбиячысы – 2022» сынактарынын жеңүүчүсү болду. Тарбиячы өз ишмердигинде оюн аркылуу баланын ой жүгүртүүсүн, сырткы чөйрөнү изилдөө жана кабылдоосун, көз карашынын, дене боюнун өнүгүшүн калыптандырууга көптөгөн усулдук ыкмаларды колдонуп келет. Бала бакчада дидактикалык, көркөм өнөр, кыймылдуу спорттук жана элдик оюндар ойнотулат.
Анаргүл ЖОЛДУБАЕВА
Нарын районундагы Таш-Башат айылынын Дүрбөлөң Мамбет уулу атындагы орто мектептин директору, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында 32 өлкө, 402 мугалим катышкан эл аралык фестивалга катышып, 30 мугалимдин арасында, Түркия мамлекетинин Анталья шаарындагы Москва эл аралык мектебинин аянтчасында даярдап келген проектилерди, мастер-класстарды презентациялап, орус тилин жана маданиятын жайылтуу боюнча чыгармачылык демилгелер фестивалынын финалдык турунда, “Педагогикалык технологиялар” номинациясында жеңүүчү болду. “Русский язык в Кыргызстане – новые горизонты”, “Хрустальная чернильница” Ф.М.Достоевский сынагынан финалга чыгып, 2-орунду камсыздап келди. Эл аралык “Школа без границ” аттуу сынактын лауреаты да болду.
Кеңешчоро кызы Салтанат
Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору Астана шаарында өткөн эл аралык «Педагогикалык чеберчилик» фестивалында 1-орунду ээледи. Мастер-классын үч тилде жана үч үндө: күчүктүн, чоң эненин жана автордун үнү менен сүйлөп алып барып, өзгөчө чеберчиликти көрсөтүп, алты өлкөдөн келген 51 педагогдун ичинен алдыга суурулуп чыкты. Ал 18 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет.
Гапыр МАДАМИНОВ
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Лейлек районундагы өзү түптөгөн №3 эксперименталдык гимназияда окуу-тарбия иштерин жогорку деңгээлге жеткирип, педагогикадагы жаңы багыт болгон “Энелер мектебин” негиздеди. Гимназиянын бүтүрүүчүлөрү ЖРТдан жогорку упай алып, басымдуу бөлүгү жогорку окуу жайларындагы бюджеттик орундарга өтүүдө. Азыркы учурда анын оригиналдуу программасынын негизинде Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги “Ата-энелер мектеби” программасын иштеп чыгып, бир катар бала бакчалар менен мектептерге сыноо иретинде киргизди.
Чынара КАСМАМБЕТОВА
“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси он жылдан бери Кыргызстандагы жол коопсуздугун бекемдөөнүн заманбап техникалык жана маалыматтык өнөктүгүн жүргүзүп, мониторинг жана тренингдерди өткөрүп келатат. Бишкекте кан жолдун боюндагы №96, 42, 32 мектептин жанында айдоо ылдамдыгын 30 кмге чейин азайтууга жетишти. Малдыбаев-Ахунбаев жана Москва-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиштери техникалык модернизациядан өткөрүлдү. Жаңы светофорлор коюлду, жол белгилери жаңыртылды, кошумча жарык берилди. Тротуарлар, пандустар оңдолду. Бишкек шаарында №67 жана №5, “Бишкек интернешнл скул” мектебинде мугалимдер менен окуучуларга жол коопсуздугу боюнча сабактар, дебаттар түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ылдамдыкты азайтуу боюнча БУУнун глобалдык апталык өнөктүгүн өткөрдү.
Завиридин БӨТӨКОВ
Баткен облустук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз лидери быйыл облустук профсоюздун ишин жогорку деңгээлде уюштуруп, чыныгы лидерлик күчүн көрсөттү. Баткен жана Лейлек райондорунда чек ара жаңжалында үйлөрү күйүп жабыркаган билим берүү кызматкерлерине 360000 сом материалдык жардам көрсөтүлдү. Облустук профсоюздун путевкасы менен Лейлек районунан 45, Баткен районунан 48 мугалим санаторийге барып, ден соолуктарын чыңдашты. 342 билим берүү кызматкеринин балдары эс алуу лагерлеринде болушту. Жыл ичинде билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын ортосунда “Брейн-ринг”интеллектуалдык оюнун, билим берүү кызматкерлеринин облустук спартакиадасын, эмгек акыларды туура эсептөө боюнча облустук окуу семинарын, профсоюз ишмерлерине мотивация берүү жана укуктук билимдерин жогорулатуу боюнча семинарларды өткөрдү.
Бекжан ТӨРӨБЕКОВ
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин профессору, техника илимдеринин доктору, илимий иштер боюнча проректору илимий ишмердикти уюштуруунун жогорку деңгээлин көрсөттү. Университетте ушул жылы 22 млн 421 миң сомдук мамлекеттик каржылоо менен 28 илимий долбоор аткарылды. Ошондой эле университеттин өзүнүн каржылоосунда атайын сынактын негизинде 829790 сом өлчөмүндө алты илимий грант жана алты студенттик иштелмелер аткарылып жатат.
Сегиз эл аралык илимий-практикалык конференцияларда жана форумдарда доклад жасады, анын ичинде төртөө чет өлкөлөрдө. Жети илимий макала даярдап чыгарды, анын ичинде бирөө Скопуста системасында, эки макала чет өлкөдө.Университетте ондон ашык эл аралык конференцияларды, форумдарды, тегерек стол, семинарларды уюштурду.
180ден ашуун илимий эмгектин автору, анын ичинде бир монография, төрт окуу куралы, эки патент жана 11 автордук күбөлүк. Билим берүү жана илим министрлигинин илимий-техникалык кеңешинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин илимий-техникалык кеңешинин жана КР Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын эксперттик кеңешинин мүчөсү.
Нурсултан АКЫЛБЕК уулу
Ош шаарындагы N52 мектеп-лицейдин математика мугалими республикалык “Жыл мугалими” сынагынын баш байгесин жеңип алды. Анын окуучулары шаардык, республикалык олимпиадаларда, ошондой эле онлайн сынактарда байгелүү орундарга жетишип келе жатат. Нурсултан Ош шаардык “Жылдын мыкты мугалими — 2022” сынагында дагы I орунду ээлеп, Daewoo Matiz III автоунаа менен сыйланды. “Билерман ордо” таланттуу балдардын клубун жетектеп келет. Өзгөчөлүгү – балдарды бир гана предметке таңуулабай, башка предметтер менен байланыштырып, ар бир баланын өзүнүн дареметин, талантын өстүрөм деген жакшы усулу бар.
Замира Бекташова
Сокулук районундагы №3 орто мектептин мугалими, орус класстар үчүн «Кыргыз тилин тез үйрөнүү» деген кошумча окуу куралын жазган. Ата-энелер мектеби боюнча белгилүү педагог Г. Мадаминовдун тажрыйбасын орус тилдүү мектептерге да жайылтууга чоң салым кошуп жатат. Быйыл Гапыр агайдын «Акыл эмгегинин маданияты» («Культура умственного труда») китебин орус тилине которуп чыгарды.
Комментарийлер