«ЖЫЛ МУГАЛИМИ» СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 18.03.2024
  • 0

«Жыл мугалими” конкурсунун Ноокат райондук турунда Н.К.Крупская мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Айгуль Абдырахманова 1-орунду багындырып, облустук турга жолдомо алды.

"ЖЫЛ МУГАЛИМИ" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

"ЖЫЛ МУГАЛИМИ" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Маалыматка ылайык, бул ийгиликке жетүүгө жакындан жардам берген Көк-Жар инновациялык мектебинин 4-“г” классынын окуучулары, класс жетекчиси, мектептин эмгек жамааты болгонун жеңүүчү белгилеп, аларга ыраазычылыгын билдирди.

— Балдар орус тилинде эркин сүйлөп, сабакта өздөрүнүн активдүүлүгү менен тартиптүүлүгүн көрсөткөнү, билимдүүлүгү мугалиминин эмгеги деп билебиз. Мындан аркы окууларына да ийгиликтерди каалайбыз, — деди жеңүүчү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер