«ЖЫЛ МУГАЛИМИ» СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ
- 22.09.2025
- 0
Мугалимдер жана тарбиячылар арасындагы таймаштын финалдык туру борбор калаадагы №67 мектепте башталды.
«Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» конкурстарынын республикалык туру өз ишин баштады. Жыйынга агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, сынакты адилеттүү өткөрүүгө калыстар тобун чакырды.

«Мугалимди басмырлаганга, инсандык аброюна шек келтиргенге эч кимдин акысы жок. Азыркы мугалимдер бир флешка менен келип сабак өтөсүңөр. Быйыл силер үчүн сабак берүүдө кыйын болот. Бирок чыдап коюу керек. Окуу китептер чыгып жатат. Биздин келечек тарбиялаган балдарга көз каранды. Баарыңарга ак жол!» — деп бир топ турмуштук мисалдарды келтирди.

Быйылкы сынакка 118 талапкерден 112 катышууда. Сынактын биринчи күнү конкурсанттар тест сынагынан өтүүдө.
Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»






Комментарийлер